Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Баш мыйзам - учурдун башкы маселеси


Бийлик башындагылар Конституцияны каалагандай өзгөртүүсү эки жолу ыңкылапка алып келди. (Сүрөттө: Конститутициялык реформаны талап кылган митинг, 2006-жылдын 9-ноябры, Бишкек, "Ала-Тоо" аянты.)
Бийлик башындагылар Конституцияны каалагандай өзгөртүүсү эки жолу ыңкылапка алып келди. (Сүрөттө: Конститутициялык реформаны талап кылган митинг, 2006-жылдын 9-ноябры, Бишкек, "Ала-Тоо" аянты.)

Кыргызстанга демократия жаңыдан тамыр жая баштаган чакта кабыл алынган 1993-жылкы Конституция жыл иштебей өзгөрүлүп, бийликти бир колго топтоонун натыйжасы эки ирет элдик көтөрүлүшкө жол ачты. Арадан 17 жыл өткөндөн кийин Кыргызстанда жаңы Конституция жазуу ышкысы күч алууда.

«Азаттыктын» бүгүнкү түз эфирдеги талкуусу «легендарлуу парламент» кабыл алган Конституция, анын сегизинчи өзгөрүүсүнө арналды. Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Алмамбет Матубраимов, мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов жана саясат таануучу Табылды Акеров катышты.


«Азаттык»: - Алмамбет мырза, 1993-жылкы Конституция сегизинчи-тогузунчу ирет, эсебин да биз билбей калдык, жаныланып атат. Мына жаңы Конституция дагы чоң кызуу талаштарды жаратып атат. Мунун себеби эмнеге байланыштуу болду?

Алмамбет Матубраимов:
- Негизинен айтканда коом жаңыруу керек, жаныдан Конституция кабыл алыныш керек. Азыркы Конституциянын жазылганына мен түп тамырынан каршымын. Бул негизинен айтканда, оңдоп-түзөө, косметикалык эле жасалгалоо менен болуп атат. Себеби негизги беренелердин көбү калган, парламент гана өткөрүп койгон. Андан тышкары айтып кетээрим, 1993-жылы биринчи Конституция кабыл алынган, андан тышкаркы кабыл алынган тогуз жолку Конституциянын бардыгы референдум жолу менен кабыл алынган. 93-жылкыда жазылып турат референдумду Жогорку Кеңеш гана жарыя кылалат деп. Бул жагынан бүт бардыгын президенттер кылган. Ошондуктан азыр дагы бир жолу бүт бардык жагын алып туруп, азыркы убактылуу өкмөт президенттин дагы, Жогорку Кеңештин дагы укугун алды. Керек болсо соттун дагы ыйгарым укугун алып койду. Жогорку Кеңешти, Конституциялык сотту туура эмес шайлоо болгон деп туруп таркатып койду. Бул соттун гана чечими менен бардык өнүккөн мамлекеттерде чечилиш керек эле.

Сунуштаган Конституцияга мен таң калып атат. Себеби кечээ эле демократбыз, баардыгына тең укуктуу болобуз дегендер бир вариантты алып чыгып, баардык элге таңуулап атышат. Бул биринчиден. Экинчиден, булар чечип койду, 17-июлда референдум өтөт, 10-октябрда шайлоо болот деп. Референдум өтпөй калса эмне болот анда. Бул маселелерди тактап карап чыгыш керек эле. Негизинен айтканда, бүт дүйнө жүзүндөгүдөй Конституция так, кыска, бир рамкада жакшынакай кылып чечилиш керек эле. Калганы баардыгы конституциялык мйзамдар менен. Көп мамлекеттер бар, Англия, Американы алсак Конституциясы жок алардын, жашап атат. Себеби эл өзүнүн коом таануу менен бирин-бирин сыйлоо менен жашап атышат.

«Азаттык»: - Осмонакун мырза жаңы Конституциянын долбоору сунушталып атат. Сиздин пикириңиз кандай?

Осмонакун Ибраимов: - Мен дагы Алмамбет мырзанын айткан сөзүн колдоп кетмекчимин. Жарга такалып туруп, кысталыш учурда ушул Конституцияны кабыл ала койгула деп бизди бир аз шаштырып атышат азыркы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү. Чынын айтканда, “өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат” болуп кыйын акыбалда турабыз. Мен ойлойм, чындыгында кеп Конституцияда эмес, менин оюмча кеп өзүбүздө. Жакшынакай эле Конституцияларды өзүбүз аткаралбай, бийликти берип койсоң, бирөөсү бийликти ого бетер күчөтүп, кутуруп көөп кетет. Алмамбет мырза туура айтып атат, мисалы Кытайда бир эле Коммунисттик партия жетекчилик кылып, өздөрүнүн илгерки Советтер Союзундагыдай Конституция менен жакшынакай эле жашап атышат. Израилде деле Конституция деген нерсе жок.

Ошондуктан мен ойлойм, биз күткөн чыныгы демокартиялык Конституция болот деген сөз миф болуп чыкты. Бул аткарылбай турган ишке окшоп калды. Менимче, биз азыр кысталыш учурда, ушуга көп нервибизди, убактыбызды коротпой, бир Конституцияны кабыл алсак туура болот го деп ойлойм. Балким ушул Конституция деген жарай турган чыгар. Бирок парламент ресупбликасы деген жок экен, бул жерде президент башкы командачы, башка укуктары көп экен. Мен скептик кишимин, бул Конституцияны жаныртыш боюнча менде бир эле өтүнүч, сунуш бар эле. Эгерде мүмкүн болсо, эгерде чын эле биздин азыркы Убактылуу өкмөт Кыргызстанда демократия, адилеттик болсун десе, эң биринчи кезекте соттун көз карандысыздыгын жасабаса болбойт. Мен жаңы Конституциянын долбоорун карасам, Улуттук кеңеш деген түзүлөт экен да, ошолор шайлайт экен. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, бизде Улуттук кеңеш деген кандай шайланганын, же бироөнүн досу, же партиялашы, же тайаке-жээни. Анан алар кандай соттогонун жакшы билебиз. Жакында эле көрбөдүкпү, чай кайнам ичинде эле чечим чыгарып коет. Ошондой кантип сот болсун. Ошондуктан мен айтаар элем, мурунку Конституциянын негизги томогосу калыптыр, эми ушуну сунуш кылып атса балким алса алып коелу. Азыркы кысталыш заманда Конституция кабыл ала коюш деген өзү өтө опурталдуу нерсе болуп турат.

«Азаттык»: - Табылды мырза, сиздин пикириңиз кандай. Жаңы сунушталып аткан Конституция долбооруна эмитен эле абдан көп сын-пикирлер айтылып атат?

Табылды Акеров:
- Сын-пикирлердин айтылып атышы биринчиден, бул Убактылуу өкмөт түзүлөр замат, коомдук уюмдарды, саясий партияларды чакырып, мына президент өзүнүн ыйгарым укуктарынан кетти. Ошондуктан биз жаңы коомду, жаңы Конституцияны, пайдубалды түзүү үчүн бардыгыңарды бир аракетке чакырабыз деген кайрылуу менен кайрылып чыкса, ошондой эле көпчүлүк саясий партияларды, атуулдук коомдон Убактылуу өкмөткө, же кандайдыр бир иштерге алышса, анда мынчалык көп талаш-тартыш болмок эмес.

Экинчиден, Конституциялык кеңешмени чакырганда дагы ушундай катачылыктар кетип калды. Кечирээк чакырылып, өтө тез убакыттын ичинде топтошушуп, 75 киши деп айтты. Бирок көпчүлүк Конституциялык кеңешмеге катышалы деген адистер, саясий партиялар да кирбей калды. Ошондуктан жаңы долбоорлор чыгып, сын көп болуп атканы ушундан.

«Азаттык»: - Алмамбет мырза, жаңы долбоорду көпчүлүк президенттик-парламенттик аралаш система катары баалап атышат. Ал эми долбоордун авторлдору өзү бул парламенттик башкаруунун системасы деп мүнөздөп атышат. Дегеле бул аралашпы, же парламенттикпи. Жаңы долбоордун кайсы принципиалдуу жактары сизге жакпай калды?

Алмамбет Матубраимов: - Мен айтып кетет элем, бул жерде жаңы долбоордун эң жаман мүчүлүштүгү - булар парламенттик деп коюшту, президентти, аткаруу бийлигин калтырып атышат. Сот бийлигин дагы эле көз каранды кылып калтырып атышат. Бул жерде айтылып келингендей, экинич жагынан 120 депутат, же 105 деп атышат. Ошонун 65и, же 55и деп атат. Мындайча айткнада 50 пайыздан көбү бир партиядан келет экен. Анда бул жерде партия ээ болот экен, парламентти дагы, аткаруу бийлигин дагы, президентти дагы, сот системасын дагы башкарат экен ал партия. Ошондуктан мен бул жерден айтат элем, мен өзүмчө дагы сунуштагам, бул жерде парламенттин укугун күчөтүп койгон, бир дагы жоопкерчилиги жок. Президенттин да, өкмөттүн дагы жоопкерчилиги бул жерде жазылган эмес. Ким жооп бериш керек өткөөл кезде? Ансыз дагы 20 жылдан бери эл гана кыйналып атат, баягы бойдон эле калып атат.

Булар сунуштап келген, азыр айтып атышат бейөкмөт уюмдар анан биз партиянын лидерлери чечебиз деп. Булар бир пайызды түзбөйт. Бул жерде эки жолу тең карапайым калк көтөрүлүп келип алды. Ушунчалык кыжырына тийип бүткөн экен, катуурак тийип калса туура эместир. Бирок ошончолук толкуган эл өзүнүн толкуну менен баардык жерин басып койду, азыр дагы чыдамсыздык менен күтүп атат. Экинчи жолку болгон бул төңкөрүш да, революция да эмес деп эсептейм. Себеби төңкөрүшкө да, революцияга да даярданат, куралданат, күч топтошот. Ал эми бул жерде элдин толкуну, козголуусу менен келип гана бирөөлөрдү алмаштырып, экинчилери келип даяр орунга отуруп калды.

2005-жылда демократтарыбыз айткан эле бир жолу биз мыйзамды бузсак болот, анан кийин оңдоп кетебиз деп. Азыр дагы бузуп атабыз. Өзүнүн декреттеринде айтып атат, биз Конституциянын негизинде иштейбиз деп. Конституция күнүгө бузулуп атат. Экинчиден, декретинде жазылуу, Убактылуу өкмөт биз мурунку өкмөттүн структурасын калтырдык дейт, аны бузуп атышат, кадр саясаты жөнүндө айтпай деле коеюн. Себеби саясий кызматтагы кишилерди, министрлерди кызматтан алып койсок, калган система иштей бериш керек болчу. Эч кандай иштеп аткан кишилердин күнөөсү жок. Бул жерде ар бир бийликтин бутагы тең болуш керек, мен өзүмдүн долбоорумду сунуштагам, азыр ар кандай сындоолор болуп атат.

Мен айтып келгендей, Конституция кыскача принципте жазылыш керек, 10-15 кишиден турган жакшы адистер бир рамкага салып туруп элге бериш керек. Андан калганын конституциялык мыйзам менен чече берсек болот. Бул жерде мен карап көрсөм, процедураларда кантип шайланат, кантип кетет дегенге чейин кайрадан жазып коюшуптур. Мунун жазуунун кажети жок. Ар бири өзүнчө болгон структураны кайрадан карап чыгыш керек. Конституцияны жыл сайын өзгөртүүнүн кажети жок. Кабыл алганда дагы каржалып турган, элдин ич көптүсүн чыгарып, кичине болсо да элдин көңүлүн алып жакшынакай кылып жөндөмгө салып кетсек болот эле. Кечээки демократиябыз бизди эч кандай сүйлөтпөй койду дешет дагы, азыр дагы сүйлөгөндөрдү, сунуштагандарды укпастан шашылып бара жатат. Кайда шашылганын түшүнбөйм. Биз мөөнөтсүз түрдө шайлоо болот десек, парламентке дагы, президентке дагы эки ай убактысы бар. 10-октябрдан баштап алып келсек 10-августта бүтсө болот экен, 25-июлга койсок талаптуу кылып жакшы элге түшүндүрсөк, анан эл бир жагына ооп берсе, эки вариант президенттикпи, парламенттикпи, аралашпы, бул бир гана элдин чечими болуш керек. Эки айдын ичинде президенттик дагы, парламенттик дагы шайлону өткөрүп койсок, андан тышкары иштеп кеткенге толук мүмкүнчүлүк болот деген ойдомун.

«Азаттык»: - Осмонакун мырза, парламенттик республиканын көпчүлүктү чочуткан маселеси - келген партиялардын жоопкерлиги жок деген чочулоо айтылып атат. Сиздин пикириңизче, парламенттик башкарууга өтүүнүн ушундай жоопкерчилиги жок болобу, же болбосо биз эки жолу президенттен оозубуз күйүп калган жаныбыз мындан жөн эле чочулап атабызбы?

Осмонакун Ибраимов: -Мен парламенттик боюнча кыскача айтып койоюн, мен 3 жарым жыл Индияда элчи болуп иштедим. Ошондо бир нерсени байкадым, Индияда парламенттик система экен, мен 3 жарым жыл ичинде төрт өкмөттү алмаштырдым. Чынын айтканда көп убактым улам жаңы келген министрине бирден белегимди алып келип, ошону менен таанышам деп эле убактым өтүп кетти. Ошондуктан парламенттик система ызы-чуулу болот экен, талаш-тартыш, жакалашыш, муштаймай деген өтө көп болот экен. Бул менин байкаганым. Сунушумду айта кетейин, биринчи партиялык тизме менен шайлаш керек деген нерсе, убактылуу өкмөттө иштеп аткан жигиттерибиздин партиялары үчүн ылайыкталгандай долбоор болуп аткан экен. Эгерде кабыл алынса менин сунушум ушундай болот эле, биздин элибиз жалаң эле партиянын мүчөлөрүнөн эмес, биздин элибиз ар түрдүү топтун, ар түрдүү катмарлардан, улуттардан турат.

Ошондуктан биринчиден, балким мыйзам чыгаруучу эки палата кылбасак болойт. Улуттар, жаштар ж.б. бар. Партияга мүчө болбосок биз эмне саясий турмушка катыша албайбызбы. Ошондуктан бул такыр туура эмес нерсе. Мыйзам чыгаруучу палатасына партиядан келишсин, бирок ошондо дагы партиясы жокторго квота бөлбөсөк болбойт, анны эл өкүлдөр палатасы дегендей сыяктуу кылып эле. Эми тарыхыбызды улам эле чийип ыргыта беребизби. Андай болбойт. Мамлекет дегенде салты болот. Жакшырак бир нерсе уланып кетиши керек. Бул өкмөт кетсе дагы жаңы жазабызбы. Мен ойлойм, бул өкмөт деле узака турушу кыйын болуп калды. Ошондуктан элдин кызыкчылыгын ойлош керек, ар бири өзүнүн партиясынын кызыкчылыгын ойлобой. Сот көз карандысыз болбосо мындан эч нерсе чыкпайт.

«Азаттык»: - Табылды мырза, партиялык жоопкерчилик, партиянын жоопкерчилиги жок деген чочулоо көп айтылып атат. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

Табылды Акеров: - Азыркы Конституциянын долбоору азыр бийликте турган үч партияга ылайыкташтырылып жазылып калгандай көрүнүп атат. Чийки деп айтсак да болот. Себеби премьер-министрди көрсөтүүдө дагы президент ар бир фракцияга үч жолу мүмкүнчүлүк берип жатат. Ал эми фракциянын өзү кайсы негизде түзүлөт. Мисалы башка батыш мамлекеттеринде 10; 15 же 18 кишиден деп чектелип коюлган. Анан үч киши келип туруп фракция түзүп алса, үч киши парламентке өтүп калса кандай болот? Ошол учурлар каралган эмес, чийки. Жоопкерчилиги жок болуп калат деп айтуу кыйын. Бирок бул долбоордун дагы бир жаман жери, президент да, премьер-министр да, спикер да бир партиядан болуп калышы мүмкүн. Эгерде андай болуп калса анда Бакиевдин системасынан эч айырмасы жок болуп калат.

«Азаттык»: - Алмамбет мырза, сиз жаңы Конституциянын долбоорун сунуш кылдым деп атасыз. Айтсаңыз анын өзгөчөлүгү эмнеде биз талкуулап аткан долбоордон?

Алмамбет Матубраимов: - Мен аткаруу бийлигинде дагы, мыйзам чыгаруу бийлигинде дагы көп кызмат кылып, ошол жактан көп анализдеп көргөм. Мен сунуштаган конституция бул үч бутактын бийлиги бирдей болуш керек, тең салмактуу, бирин-бири толуктап, бирин-бири колдоп тура тургандай. Мен айтып атам, аткаруу бийлигинин башында президент туруш керек, өкмөт, облустук бийликтер жок болот. Коррупцияга баткандын баары ушунда. Ошондо президент түздөн-түз башы менен жооп берет. Президенттин полномочиесин киргизгенде, бул жерден бир гана өкмөттүн стуктурасын берет, Жогорку Кеңеш бекитип берет. Жогорку Кеңештин бекитүүсүсүз бул өкмөттүн структурасын өзгөртө албайт.

Экиничден, президент Жогорку Кеңешти кетире албайт, ЖК импичмент аркылуу ишеним көрсөтпөгөн президентти кетирүүгө толук укугу бар. Үчүнчүдөн, Улуттук банкты, прокуратуранын дагы, орунбасарларын дагы ЖК макулдугу менен ордуна коёт. Ошолордун гана макулдугу менен иштен бошотулушу керек. Бул жерде Эсептөө палатасы менен БШК толугу менен ЖКга өтүшү керек. Ошондо Жогорку Кеңеш да жооптуу, тең салмактуу болот. Анын үстүнө сот бийлиги көз карандысыз болуш керек деп атам. Соттор райондук негизде шайланыш керек, 50 жашка жеткендер 20 жылга чейин толук өмүрүн Жогорку сотто өткөрүш керек, эч кандай көз карандысыз болуш керек, айлыгы жакшы болуш керек. Сот чечимине келгенде президент сунуштап, Жогорку Кеңеш бекитиш керек. Ошондо тең салмактуу болот дагы, сот мыйзам ченемдүү болуп, президент дагы, Жогорку Кеңеш дагы кызматынан четтетип, туура эмес кылган чечимдерин жокко чыгарып токтотууга толук укуктуу болгондо гана биз алдыга кетеалабыз. Ошондуктан үч бийлик тең салмактуу болуш керек. Анын үстүндө Улуу курултай деген элдик курултай туруш керек, эл шайлап аларды көзөмөлгө алыш керек. Ушунун негизинде иштеп кетсек жакшы болот деген ойдомун.

«Азаттык»: - Осмонакун мурза, Конституциянын жаңы долбоорлорунун саны 20дан ашканын кечээ Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орунбасары Өмүрбек Текебаев билдирди. Учурда Конституцияны бапыратып эле жазып аткандар абдан көбөйүүдө. Сиздин оюңузча, Конституциялардын көп болгондугу Кыргызстандын демократиясына өзүнүн таасирин тийгизеби?

Осмонакун Ибраимов: - Жок таасирин тийгизбейт. Бул ызы-чууну көбөйтөт, элди козутат, акырында нормалдуу Конституция кабыл алалбайбыз. Ошондуктан концептуалдык жактан, өз ара айырмасы бар 3 вариантты чыгарышыбыз керек. Бир эле варианты азыр отуруп алып талашып атабыз.

Табылды Акеров: - Эгерде эки вариант болсо, бир варианты башкача болуш керек. Мисалы президент жоопкерчиликти алыш керек. Азыркы Конституциянын долбоорунда болсо президент дагы, премьер дагы, спикер дагы жоопкерчилик албайт. Үчөо бири-бирине шылтап отура бере тургандай болуп калат. Бирөө жоопкерчилик алган Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгып туруп, анан эки вариантты койсо туура болчудай деп ойлойм.


“Азаттык”: - Рахмат сиздерге.

Талкууну "Азаттыктын" кабарчысы Бекташ Шамшиев уюштурду

XS
SM
MD
LG