Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

10-октябрда болгон парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы туура жыйырма эки күндөн кийин гана жарыяланды.

Бирок шайлоодон өтпөй калган партиялардын соттук арыздарынын каралышы жана жеңип чыккан беш партиянын башкаруучу коалиция түзүүдөгү ажырымы Жогорку Кеңештин жаңы курамынын ишин кечеңдетүүдө.

Жыйынтык чыкты орундар жылышкан жок

Буга чейин БШК шайлоо протоколдорун салыштыруу учурунда одоно каталар табылгандыктан кайрадан текшерүү зарылдыгын айтып чыккан. Бирок расмий жыйынтык боюнча беш пайыздык босогодон өттү деп айтылган беш партиянын алган мандаттарынын санында өзгөрүүлөр болгон жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев 1-ноябрда алдыңкы орундарды камсыздашкан мурдагы эле беш партия мандаттарды бөлүштүрүү укугуна ээ болгондугун жарыялады:
Акылбек Сариев

- Областтык жана чет мамлекетте уюштурулган участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун маалыматынын негизинде жыйынтык жадыбалын түздүк. Шайлоо кодексинин 77-беренесинин 2-пунктунун негизинде депутаттарды бөлүштүрүү укугуна беш саясий партия ээ болду. Бул "Ата Журт" - 8,47%, КСДП – 7,83%, "Ар-намыс" - 7,57 %, "Республика" - 6,93% жана "Ата Мекен" - 5,49% добуш менен беш пайыздык чектен өтүп, мандаттарды бөлүштүрүү укугуна ээ болушту.

Ошол эле учурда БШК төрагасы Акылбек Сариев протоколдорду салыштыруунун натыйжасында бир катар шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылгандыктан улам, көпчүлүк партиялардын пайыздык көрсөткүчтөрү азайгандыгын белгиледи. Бирок ал көрсөткүчтөр аталган беш партиянын мандаттарына таасирин тийгизе алган эмес.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы караандабай калды

Кайрадан текшерүүлөр буга чейин 145 миңден ашуун добуш топтоп, беш пайыздык босогодон өткөндүгүн талашып жаткан “Бүтүн Кыргызстан” партиясына гана терс таасирин тийгизди. Анткени анын алган добушу беш миңге чейин кыскарып, 139 миң 548ди түзүп калды. Бул жалпы добуштардын 4,6 пайызына чамалаш. Буга байланыштуу аталган партиянын жактоочулары Биринчи Май райондук сотунун алдына 5-ноябрь күнү нааразылык акциясына чыгышты.

БШКнын чечими менен макул болбогон “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров шайлоонун расмий жыйынтыктарын тааныбай тургандыгын жарыялады:

- Азыркы Жогорку Кеңешке болгон шайлоолор түздөн-түз Конституцияны одоно бузуулар менен өттү деп баса белгилеп жатабыз. Парламентке “Бүтүн Кыргызстанды” киргизбей жаткандын бирден-бир чочулоосу азыркы утурумчулар үчүн партиянын өтө ыңгайсыз болгондугу. Биз шайлоону тааныбайбыз, биз эмес Кыргыз Республикасынын Конституциясы тааныбайт.

Көп күндүк текшерүү көөнө жыйынтыкты ордуна койдубу?

Анткен менен талдоочулар шайлоо протоколдорундагы олуттуу мыйзам бузуулар орун алгандыгына карабастан, анын мандат бөлүштүрүүгө таасирин тийгизбегендигине таң калуусун жашырышкан жок. Анткени буга чейин сейф-пакеттерге салынган шайлоо протоколдору менен райондук, облустук жана шаардык шайлоо комиссияларынан келген протоколдордун ортосундагы айырмачылыктар чыгып жаткандыгы айтылган болчу.

Саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев БШКнын 22 күндүк текшерүү иштери шайлоонун жыйынтыгы боюнча чыныгы абалды ачып бере алган жок деп эсептейт:

- Чындыгында эч нерсе өзгөрбөптүр, баягы эле бойдон калыптыр. 21 күн кармап, текшергенден кийин жыйынтыгы жок болуп жатат да. Мисалы, кандай мыйзам бузуу болду, терс жагы кайсылар болду, аймактык шайлоо участогунда кандай мүчүлүштүктөр болду, ошонун жыйынтыгын берсе болмок. Менин оюм боюнча, шайлоонун жыйынтыгы ушул болгондон кийин коомдо деле, саясатта деле чоң өзгөрүү болбойт. Кандай жашасак ошондой эле жашай беребиз.

Соттошуулар мезгили

Муну менен катар шайлоодон утулуп калган партиялардын айрымдары добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча топтогон мыйзам бузуулар боюнча сотторго кайрыла башташты. Биринчилерден болуп “Бүтүн Кыргызстан” партиясы БШКнын Орусиядагы айрым шайлоо участоктордогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган чечимине каршы сотко кайрылды. Мындан сырткары “Замандаш” жана “Акыйкат” партиялары БШКнын шайлоо протоколдору менен алардыкы дал келбегендигине байланыштуу сотко доо арызын жолдошту. Бул боюнча “Замандаш” партиясынын талабын орундатуудан Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту баш тартты.
Аликбек Жекшенкулов

“Акыйкат” партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов аймактардан Бишкеке алынып келинген шайлоо бюллеттендерин кайрадан толук санап чыгуу талабынан баш тартпай тургандыктарын белгиледи:

- Республика боюнча шайлоо протоколдорунун кырк пайыздан ашууну райондордон, облустардан жана шаарлардан келген протоколдор менен дал келбейт экен. Ошого карабастан жанантип будамайлап эле шайлоонун жыйынтыгын чыгарып койушту. Ошондуктан биз керек болсо республика боюнча бүтүндөй бюллеттендерге чейин санаш керек деген талап коюп жатабыз.

Ошондой эле Коомдук парламент Баш мыйзамдын 70-беренесинде көрсөтүлгөн беш пайыздык тосмону аныктоо боюнча конституциялык мыйзамдын жок экендигине байланыштуу шайлоонун жыйынтыгын мыйзамсыз деп табуу өтүнүчү менен сотко арызданды. Бирок ал талапты Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту канааттандырган жок.

Коомдук парламенттин төрагасы Касымбек Райымкул уулу Жогорку Сотко чейин кайрыла тургандыгын билдирген:

- Биринчи май райондук соту оркойгон Баш мыйзамга дал келбөөчүлүк тургандыгына карабастан биздин талабыбызды канааттандырган жок. Алар чечим чыгарууда жарандык-процессуалдык кодекстин беренелерине таянган экен. Бирок биз кечээ эле мактанып кабыл алган баш мыйзамдын талаптары башка мыйзамдардан жогору турары биздин БШКнын да, сот органдарынын да оюна келген жок. Кийинки биздин кадамыбыз, Жогорку Сотко арыздануу болот. Аны Жогорку Сотко Биринчи Май райондук соту аркылуу өткөрөбүз.

Ошондой эле шайлоодон утуп чыгышкан партиялардын чөйрөсүндөгү абал да жакшы эмес. Шайлоонун алдында талапкерлерге тизмедеги катар орду боюнча эмес бөлүнгөн чөлкөмүндөгү алган добушуна жараша мандат ыйгарууну убада кылган партиялар териштирүү жана аны мыйзамдык эрежелерге ылайык келтирүү менен баш оорутушууда.

Эки партия биригип, үчүнчүсү ылайык келбей..

Мындан сырткары партиялар ортосундагы башкаруучу коалицияны түзүү маселесиндеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тунгуюкка барып такалды. Апта башында социал-демократтар республикачылар менен биригүү ниетин билдиришкен. Бирок аталган экилтик коалиция түзүүдө 61 мандатка жетишүү үчүн үчүнчү партиянын киришине муктаж. Буга “Ата Мекен” чакыртылды деп айтышканы менен аталган партия расмий сунуштар болбогондугун жарыялады.

Бирок социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмаз Атамбаев “Ата Мекен” партиясы менен сүйлөшүүлөрдө тышкы саясат боюнча көз караштарда ажырым болуп жаткандыгын ачыктады:

- Биз бардык партиялар менен сүйлөшүүгө даярбыз, бирок бизге тагдырлаш, пикирлеш партия – "Ата Мекен”. Ошондуктан биз “Республика” менен сүйлөшүү жүргүзгөндө үчүнчү өнөктөшүбүз “Ата Мекен” партиясы болсо деп айтканбыз. Албетте ар кандай маселелер чыгып кетти, тышкы саясат боюнча. Эми Кыргызстан эгемен мамлекет болгон соң, кайсы бир мамлекеттин көзүн карап, кайсы бир мамлекеттин айтканын аткарбаш керек. Ошол эле убакытта эгер биз Кыргызстанды өнүктүрөлү десек экономиканы көтөрүшүбүз керек. Бул үчүн албетте бир топ мамлекеттер менен мамилени бузууга болбойт. Мына ушундан бир топ маселелер чыгып кетти. Эми бул маселени чече алабызбы жокпу, азырынча билбейм.

Эгерде бул айтылган сөздү жөнөкөйлөштүрсөк “Ата Мекен” аталган үчилтикте өкмөттүк коалицияны түзүүгө катыша турган болсо, жаңы өкмөттүн расмий Москва менен болгон мамилесине терс таасирин тийгизе тургандыгын туюндурат.

Болбогон сүйлөшүүбү же ачыкталбаган ажырымбы?

“Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Равшан Жээнбеков аталган партиялар ортосунда тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттар туурасында ажырым жок экендигин айтып өттү:

- Тышкы саясаттагы келишпестик деген кандай? Биз тышкы саясатта приоритеттүү багыттарды өзгөртөбүз деп, алардын айткандарына макул болбой аткан жокпуз да. Мисалы, эгер алар Орусия менен иштейбиз десе, биз “жок, биз Орусия менен иштебейбиз, Батыш менен иштейбиз” деп айткан болсок, анда карама-каршылык, келишпестик болмок. Бирок андай болгон жок да. “Ата Мекен” партиясы тышкы саясатта Орусия, Европа, Америка дебей, бардык мамлекеттер менен бирдей мамиле түзүүгө, кызматташууга даярбыз.Анан алар кайсы тышкы саясат боюнча келишпестикти айтып жатышат? Түшүнгөн жокпуз.

Бирок саясий чөйрөдө мындай кадамдар социал-демократтар “Ата Мекендин” коалицияга киргизүүдө койгон шарттарынын бири катары анын Жогорку Кеңештин төрагалык ордун суроосуна чек койуу аракети катары айтылууда. Бул расмий Кремлдин каалоосу же экилтикке кошулабыз деп жатышкан партиялардын жекече ойлору экендиги белгисиз.

Кеңейтилген коалицияга карай..

Ошол эле учурда мурда социал-демократтар партиясы менен тандемге барган республикачылар жуманын ортосунда жаңы кайрылуу менен чыгышты.

“Республика” партиясынын маалымат катчысы Кубат Болотканов бардык партиялардын катышуусундагы кеңейтилген коалиция түзүү демилгеси көтөрүлгөндүгүн жарыялады:

- Экиден, үчтөн бөлүнүп жарылбай бардык каалаган жеңүүчү партиялардын башын кошкон кеңейтилген коалиция түзүүнү биздин партия калган саясий өнөктөштөргө сунуштап жатабыз. Кимиси кандай кабыл ала тургандыгын жакында билебиз. Бул жерде экономиканы биринчи орунга коюп, экономикалык өнүгүүнүн өкмөтүн биргеликте түзөлү, кызматтарды бөлүштүрүү менен эмес, экономикалык платформалар аркылуу биригели деп жатабыз. Биз мамлекеттин бүтүндүгү жана алсырап турган экономиканы алдыга жылдыруу үчүн ушундай кадамга барууга мажбурбуз.
Кубан Абдымен

Саясий күчтөрдүн буга чейинки алдын-ала сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча 5-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин алгачкы отурумунда президент Роза Отунбаева сөз сүйлөп, башкаруучу коалиция түзүү укугун партиялардын бирине ыйгармак. Бирок расмий түрдө айтылган жана ачык жарыяланбаган себептердин негизинде эл өкүлдөрүнүн ант берүү аземи артка жылдырылды. Бул саясий чөйрөдө башкаруучу коалицияны түзүү боюнча партиялар ортосундагы сүйлөшүүлөрдөгү өзгөрүүлөр менен байланыштырылууда.

Саясат таануучу Кубан Абдымен “Республика” партиясынын кеңейтилген коалиция түзүү демилгесинин артындагы шарттарга токтолду:

- Мунун артында бир эле себеп турат. Ал “Республика” партиясы өзүнүн коалицияга кирүүсүн бир эле КСДП жана “Ата Мекен” партиялары менен байланыштырбастан башка партиялар менен дагы кошулушубуз керек деген ички партиялык талаш-тартыштан улам келип чыгып жатат. Мына жакынкы мезгилден бери “Ата Мекен” партиясынан башкасынын баары бир коалицияга биригүүгө умтулуп калгандыгы байкалып жатат. Азыркы учурда кеминде үч партиянын ортосунда макулдашуу бүтүп, төртүнчүсү менен сүйлөшүү жүрүп жаткандыгы айкын болуп калды.

Айрым партия лидерлери беш партиянын кеңейтилген негиздеги коалициясын түзүү учурунда атаандаштыкты курчутпаш максатында өкмөттүн курамын партияга кирбеген адамдар менен толуктоону сунушташууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG