Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Алдыдагы президенттик шайлоо жана саясий партиялардын президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү аракеттери тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна ЭрК партиясынын төрагасы, мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу жооп берди.

- Турсунбай мырза, Кыргызстандын президенттигине ат салыша турган талапкерлерди саясий партиялар, же атуулдар өздөрүн 18-майга чейин көрсөтүшү керек. Сиз буга чейин президенттик шайлоого катышкан элеңиз, бул жолу кандай чечимге барганы жатасыз?

- Мен буга чейин да президенттик шайлоого талапкер катары катышкандыктан сиздерге окшоп кызыгып сурагандар көп болуп атат. Биздин партиялаштарыбыз эртең чогулуп атат, эгерде партиянын саясий кеңеши мени катышсын деп чечсе, анда курултай чакырабыз, партиянын уставы боюнча саясий кеңштин чечиминен кийин бир айдын ичинде курултай өтүш керек. Ошон үчүн эртең саясий кеңеш өткөрсөк, анда апрелдин 30унда курултай болот. Ошондо менин талапкерлигим көрсөтүлүп калышы ыктымал.

- Азыр Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн 105 саясий партия бар экен. Алардын арасынан оппозициячыл БЭКке кирген 9 белдүү партиянын ичинен кайсы партия өз талапкерин жарышка салат деген ойдосуз. Себеби кыймыл бирдиктүү бир талапкерин алып чыгат деген чечимге келбеди беле. Дегеле оппозиция ушундай ынтымакка барып, бир талапкерди чыгара алабы?

- ЭрК партиясы өзүн конструктивдүү оппозиция деп эсептейт. Курултайда чечим кабыл алганбыз, ошондуктан ЭрК партиясы оппозиция катарында өз талапкерин көрсөтөт. Бирок радикалдуу оппозиция да талапкер көрсөтөбүз деп атышат. Алар өздөрү кепил берип атышат, бир талапкерди көрсөтөбүз деп. Бирок бул оор процесс го. Себеби ал жакта президенттикке коем деген инсандар көп, кыргыздын жакшы макалы бар «эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт» деген, ал жакта эки эмес 5-6 кочкор бар го...

- Башка саясий партиялардан кайсы партиялар өз талапкерин көрсөтүүгө кудуреттүү деп ойлойсуз?

- Өзүн оппозиция деген Коммунисттер партиясы бар, алар көрсөтө албайт. Себеби алар бийлик менен тыгыз кызматташып атышат. Социал-демократтарды да түшүнүш кыйын болуп атат. Себеби бир жагынан оппозициябыз деп атышат, экинчи жагынан болсо бийлик менен кызматташып атышат, Жогорку Кеңеште да отурушат. Үчүнчүдөн, башка партиялар бар, булардын Жогорку Кеңеште депутаттары жок. Мүмкүн ошол партиялар көрсөтөт. «Ата Мекен», «Ак шумкар» партиялары өкүлдөрүн көрсөтөттүр.

- Азыркы президент шайлоого барбайт, азыр алардын айланасындагылардын ортосунда так талаш жүрүп жатат деген имиштерге негиз бар деп ойлойсузбу. Бул эки тараптан таймашка кимдер түшөт деген ойдосуз?

- Менин оюмча, Медет Садыркуловдун каза болгону күмөн болуп атат, бул дагы саясий күрөштүн бир чоң белгиси. Экинчиден, түрдүү сөз угуп атабыз, президенттин ден-соолугу мүкүнчүлүк бербейт, Курманбек Бакиев шайлоого катыша албайт, болбосо анын иниси Жаныш Бакиев катышат дегендей. Бир-эки саясатчы да айтылып атат президенттин айланасынан. Ошондуктан мен ойлойм ал жакта да биримдик жок. Мүмкүн чындап эле ден-соолукка байланышкандыр, же болбосо бүгүн элдин ишенимине ээ болбой, корккондор да көп болуп атат. Ошондуктан шайлоо да мөөнөтүнөн бир жыл алдыда болуп атпайбы. Азыркы бийлик тарапта да башаламандык бар деп угуп атабыз биз.

- Азыркы кырдаалдан алып караганда Кыргызстандын өнүгүүсү, келечеги үчүн кандай сапаттагы президент керек деп ойлойсуз?

- Эң негизгиси эгерде элден коркпосо да Кудайдан корккон адам келиш керек. Мен өзүм жөнүндө айткан жокмун, башка бирөө чыксын, бирок Кудайдан коркуп элди башкарам десин. Биз Америка президенттери айтты деп жаңылышып жүргөн экенбиз, Куранда жазылып турат, “ар бир элдин пейилине жараша падыша берем” деп. Ошондуктан биринчи кезекте элдин пейили оңолуш керек. Азыр көп эл күтүп жатышат, шайлоо болсо арак куюлат, кой союлат, кызмта берилет деп. Биринчи кезекте элибиз паракор болуп атат. Элдин пейили оңолсо, менимче Кудай талаа да жакшы падыша берет. Ошондуктан бизге ыймандуу жана Искак Раззаков айткандай “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот” деген инсандар керек. Болбосо ар бир шайлоодо элди алдашып, тандем да түзө коюшуп, кооз, ширин сөздөрдү айтышып, анан бийликке келгенде 180 градуска бурулуп кайра башкача башкарып атпайбы. Ошондуктан эл да акылдуу болуп калды го деген үмүт бар.

- Азыркы оппозициядагы саясатчылардын арасынан президенттикке эң татыктуусу ким деп ойлойсуз?

- Мен айтыкым келбейт, себеби таарынтып албайын. Шайлоого катышып, ар бири күчүн сынап көрсүн. Бирок элге өтүнүч, мен дайыма тамашалап келем, кыргыздардын көзү жымшык, бирок шайлоо мезгилинде чоңураак ачса экен көздөрүн деп. Көзөмөлдү күчөтүш керек шайлоодо.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG