Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:52

С. Бөрүбаев: Оппозициянын талабы Конституцияга ылайык келбейт


Кыргызстанда президенттик шайлоо быйылкы жылдын 23-июлуна белгиленген.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйылкы жылдын 23-июлуна белгиленген.

Алдыдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнө даярдыктар боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна БШКнын мүчөсү Самат Бөрүбаев жооп берди.

- Самат мырза, президенттик шайлоону өткөрүү үчүн канча каражат талап кылынат жана ал бөлүндүбү?

- Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча атайын эсеп боюнча 174,2 млн. сомдук смета түзүлүп, каржы министрлиги менен макулдашылган. Алгачкы каржылоо жакынкы арада башталыш керек.

- Оппозиция БШКнын жарымы алардын өкүлүнөн дайындалыш керектигин айтты. Ал мүмкүнбү?

- Оппозиция коюп жаткан талабы азырынча Шайлоо кодексине, Конституцияга ылайык келбей турган талап болуп эсептелип атат. Анткени оппозицияга 50 пайыз шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө орун бериш үчүн Конституцияны, Шайлоо кодексин өзгөртүш керек. Бирок бүгүнкү күндө оппозициялык маанайдагы саясий күчтөрдүн шайлоо комиссияларына өздөрүнүн өкүлдөрүн көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк болду. мына жакында эле жалпы 56 райондук, шаардык шайлоо комиссияларынын курамы 10 күңдүн ичинде түзүлүп бүттү. Ошол жака өздөрүнүн өкүлдөрүн берген саясий партиялардын өкүлдөрү кирди. Эми дагы шайлоого 40 күн калганга чейин шайлоо участкаларында шайлоо комиссиялары түзүлөт. Аларга дагы каалаган шайлоочулардын чогулушу 5 киши катышкан жерден саясий партиялар өздөрүнүн өкүлдөрүн көрсөткөнгө укугу бар.

- Талапкерлерди көрсөтүү качан аяктайт, кол топтпоо тартиби кандай болот?

- Талапкерлерди көрсөтүү шайлоо жарыяланган күндөн баштап 65 календарлык күн ичинде көрсөтүлүп, 18-майга чейин болот. Ошондой эле ар бир талапкер өзүнүн шайлоочуларынын арасынан 50 миңден кол топтош керек. Бул ар бир облуска 3 пайыздан туура келет. Ошол талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкер көрсөтүлгөн күндөн баштап атайын БШКдан күбөлүк катты алып алып, кол топтоону баштаса болот. Анын атайын өзүнүн формасы бар БШК тарабынан бекитилген.

- Байкоочулар канча өлкөдөн чакырылат жана аларга кандай шарт түзүлөт?

- Эл аралык байкоочулар боюнча азыр БШК шайлоого чакыруу кагаздарын жөнөтүп жатат. Бирок бүгүнкү күндө алардын канчасы катышаары тууралуу маалымат жок. Бирок келип байкайбыз деген эл аралык уюмдар болобу, өкүлчүлүктөр болобу, алардын аккредитациясына эч кандай тоскоолдук болбойт, келип катышса болот.

- Бийлик тараптан административдик ресурсту пайдаланбоо үчүн БШКда кандайдыр бир ыйгарым-укук барбы?

Албетте БШК, облустук шайлоо комиссиялары, кечээ жакында эле түзүлгөн райондук, шаардык комиссиялары, анан кийин участкалык шайлоо комиссиялары түзүлөт, булар баардыгы администрациялык бийликтен көз карандысыз. Алар жер-жерлерден шайлоочулардын чогулушунда көрсөтүлүп жатат, саясий күчтөрдөн көрсөтүлүп жатат, анан административдик күч колдонот деп алдын-ала эле айткан туура эмес го деп ойлоп атам. Бирок шайлоо комиссиялары Шайлоо кодексинде кандай талаптар болсо, ошол талаптардын негизинде шайлоо өткөргөнгө милдеттүү. Эгерде кодекстин талаптарын бузган болсо ал административдик жоопкерчиликке тартылат.

- Өткөн президенттик шайлоодо теледебаттар уюштурулган эле. Бул шайлоодо да дебаттар уюштурулабы?

- Албетте шайлоочуларды маалымат менен камсыз кылуу боюнча атайын топ иштейт. Бүгүнкү күңдө ММКларды аккредитациялоо иштерин карап жатабыз. Ошол топтун башында мен туруп атам. Мына бүгүнкү күндө 125тен ашык ММКлар шайлоо өнөктүгүн чагылдырганга, үгүт иштерине катышкандарга өздөрүнүн ниеттерин билдиришти, муну комиссия, жумушчу топ карап чыгып, анан кийин БШКнын кароосуна алып чыгабыз. Аккредитациядан өткөн баардык ММКлар шайлоону чагылдырганга укук алат.

- Теледебаттар маселеси кандай болот?

- Теледебаттар уюштурулат. Канча талапкер катталса, ошолорго акысыз эфир берүү болот, кодексте кандай жазылган болсо, календарлык пландын негизинде уюштурабыз.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG