Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:24

“Азаттыктын” таңкы түз обосундагы бул жолку талкуу мына ушул суроонун тегеренди жүрүп, ага саясат таануучулар Орозбек Молдалиев, Бекбосун Бөрүбашев жана талдоочу Кадыр Кошалиев катышты.

“Азаттык:”- Эгемендикке жеткенден берки тарыхты эсептегенде 23-июлда Кыргызстан калкы президенттик шайлоого төртүнчү ирет катышканы турат, ортодогу референдум аркылуу алынган макулдукту эсептебегенде. Бүгүн кыргызстандыктар мамлекеттин башчысын өз каалоосу менен тандап алууга даярбы? Адегенде ушул суроону тактап алалы?

Орозбек Молдалиев: - Кыргызстандыктар өз президентин шайлап алганга даярбы деген суроо жеңил көрүнгөнү менен бул кыйла татаал суроо. Президенттик шайлоону албетте эл түшүнөт, бул талдоодон көп нерсе көз каранды экендигин, бирок ошону эл терең жакшы түшүнө албай атат. Адегенде ушундай адам президент болсо, шайлап алсак деген менен шайлоолор жакындаганда башка кызыкчылыктар жеңип кетип эле, шайлоонун жыйынтыгы башкача болуп калды деген чатактар чыгып кеткенин баарыбыз эле көрүп жүрбөйбүзбү. Фальцификация болду деген биринчи шайлоолордон баштап эле болуп келатат. Саясий лексикондо “шайлоонун шайтан оюндары” деген термин туруктуу болуп калбадыбы. Ошон үчүн шайлоого эл даяр эмес деп айтсак дагы болот. Себеби саясий маданият акырындык менен калыптана турган нерсе. Бирок бийлик биринчи эгемендик алган күндөн баштап бүгүнкү күнгө чейин элдин саясий маданиятын калыптандыргандын ордуна кайра шайлоону бурмалоо жолу менен өткөргөн механизмдерин жогорку деңгээлге чейин жеткирип койду. Азыркы мезгилде бийлик өзү каалаган талапкерди бийликке алып келгендей мүмкүнчүлүктөр бар. Элдин ой-мүдөөлөрү, элдин добуштары анча мааниге ээ болбой калды.

Бекбосун Бөрүбашев: - Шайлоого даярдык көрүштүн бир нече жолдору бар, бул биринчи укуктук базасы. Мисалы биз Кыргызстандын укуктук базасын алсак, бул чындыгында биздин негизги мыйзамыбыз Конституциянын 44-беренесинде турат. Андан кийин Шайлоо кодекси турат. Булар чындыгын айтканда биздин талаптарга толук жооп бербейт. Биринчиден, укуктук жагы начар. Экинчиден, уюштуруучулук жагы начар, мен бул жагынан Орозбек мырзага толук кошулам.

"Азаттык:" - Бул жерде элди даярдоо механизми жөнүндө айтып атасызбы?

Бекбосун Бөрүбашев: - Ооба. Чындыгында уюштуруучулук жактан көп кемчиликтер кетип жүрөт. Мисалы, биз шайлоону дайыма чыр-чатак менен, бөлүп-жаруу, адамдардын укугун бузуу менен өткөрүп атабыз. Ушул эки кемчилигибиз бар.

Кадыр Кошалиев: - Менимче эл шайлоого негизинен даяр. Анын үстүнө 2005-жылы революцияда көрүнгөн, бийлик элде экенин эл өзү сезген. Андан сырткары бүгүнкү күндө дүйнөдө чоң өзгөрүүлөр болуп жатат, Молдовада, Грузияда, Тайландда болуп жаткан окуялар. Мен ойлойм, кыргыз эли ушул жолку шайлоодо дагы өзүнүн бийлик ээси экенин көрсөтүп, калыс, керектүү адамын шайлап алаарына. Эл улуттук аң-сезими өскөндүгүн бир топ көрсөттү.

“Азаттык:” - Кыргызстанга кандай президент керек? СССР кулагандан кийин демократиялык өнүгүү жолуна түштүк деген Кыргызстандын президенттери эмне үчүн үй-бүлөлүк, коррупциялык башкарууга күнкор болду деген жаманттыдан арылбай келатат. Эл таза бийлик орнотот элек деп ыңкылап да жасап көрдү?

Орозбек Молдалиев: - Биз президенттердин образын мификалык нерсеге чейин жеткирип алганга көнүп калганбыз. Бул советтик системанын убагында калыптанып калган. Коммунисттик партиянын жетекчилери кол жеткис, бийик, ыйык, пайгамбардай болуп сезилип калган. Ошон үчүн азыр эл кандай президент керек десе эле мифологиялык образдарга барып такалып калат. Биз башка жагынан ойлонушубуз керек. Бизге жаман, начар президент келип калса, система кантип иштеп кетиш керек дегенди түзүшүбүз керек. Ошондо биз бийликтин үч бутагына келип такалабыз. Көз карандысыз сот системасы болуш керек. Эгерде сиз айткандай үй-бүлөлүк башкаруу болуп баратса, коррупцияга малынып баратса көз карандысыз сот жолго салып койгондой механизм болуш керек. Парламент менен бийликтин бутагы ушул үч бутактын ортосунда тең салмактуулукту түзүп алсак, ошондо кандай президент келет деп башыбыз оорубай калат. АКШ, башка батыштын өнүккөн мамлекеттерин алалы, парламенттик, президенттик, президент-парламенттик системалары бар, ар кандай мамлекеттин өзүнүн менталитетине жараша түзүлгөн, ошолор иштеп атат. Биз болсо бир туруп президентти бийлик, бир туруп парламенттик, бир туруп парламенттик-президенттик система керек деп эле, туңгуюкка барып кептелип калып атабыз.

Ошону өркүндөтүп, ошол системанын укуктук негиздерин түзүп анан иштегендин ордуна эксперименттерди жүргүзгөн жолуна түшүп алдык. Ошон үчүн кээде ай сайын Конституция алып жиберген күндөрүбүз да болуп атат. Жакшы Конституцияны кабыл алып, ошону иштеткендин ордуна, эми мына жакында эле Конституциябыз кайра эле бузулуп атпайбы, президенттик шайлоо качан өтүш керек деген талдоо муну көргөзбөдүбү. Конституциялык Сотубуз кандай бийликке ыңгайлуу болсо ошолондой чечим чыгарып коюп аткандан кийин анан кайдан туруктуулук болот. Бул киши туура айтып атат, Конституциядан башталыш керек, мамлекеттин негизи законунан башталып туруктуу болсо, ошондо мамлекет туруктуулукка келет. Ал эми Конституция бузулгандан кийин калган мыйзамдар дагы ошондой болуп туруксуз боло берет.

Кадыр Кошалиев: - Эгерде сөзсүз саясий түзүлүш жөнүндө сөз болсо мен ойлойм, биринчи кезекте, мына биз көрдүк акыркы 20 жылга жакын убакыттын ичинде батышчыл жолду да көрдүк, коммунистчил, партиячыл жолдордун баарын көрдүк, менимче, элибиздин жан табиятына төп келген улуттук, мекенчилдик өз жолубузга кайтышыбыз керек. Анда биздин тарыхыбызда элдик курултай деген болгон. Ошол бийликти көзөмөл кылуучу рычаг менимче тарыхыбыздагы элдик курултай. Андыктан аны Конституцияга киргизип, бийликтин баардык бутактарын эл көзөмөлдөй турган системаны орнотушубуз керек, ошондо бийлик элге кызмат кылат деп ойлойм.

Бекбосун Бөрүбашев: - Мен дагы ушул ойго кошулат элем. Бизге кандай президент керек? Менимче, үч негизги талапка жооп берген киши керек. Эң биринчи мекенчил болуш керек. Мунун деңгээли бир үй-бүлөнүн, бир уруунун, райондун, региондун деңгээлинен жогору болуш керек. Бүт мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын колдогон адам болуш керек. Экинчиси, келген адамдын руханий, билим деңгээли жогору болуш керек. Анын көз карашы дүйнөлүк масштабдын деңгээлиндеги көз карашка жеткен адам болуш керек. Үчүнчүсү, жоопкерчилик керек. Мисал үчүн биздин бийликте жоопкерчилик жок. Дагы бир айта турган нерсе, президенттин институту бизде жаңы эле пайда болду, 18-19 эле жыл болду. чындыгында бул жагынан бизде саясий тажрыйба жок. Ошону баштаганда эле туура эмес кылып алдык, мисалы Аскар Акаевди ажо деп айта баштадык. Президент боло электе эле эл атасы деп айта баштадык. Бул чындыгыгында, азыркы убакта саясий жактан дагы, укуктук жактан дагы биздин деңгээлге жооп бербей турган маселелер. Менин оюмча, улуттук интеллегенциянын кээ бир өкүлдөрү ушуга кызыгып кетишти дагы, ошону менен чыныгы ажону алып калдык, чыныгы эл атасын алып калдык. Ошонун азабын эмдигиче тартып атабыз.

“Азаттык:” - Адатта бийлик жеке кызыкчылыгын ишке ашырчу курал катары күчкө көбүрөөк ээ деген пикир көп айтылат. Бийликти президент элдин кызыкчылыгына пайдалануу үчүн эмне кылышы керек?

Орозбек Молдалиев: - Элдин кызыкчылыгы эмне экендигин жакында эле президенттин кайрылуусунда ошону аныктаганга аракеттер жасала баштады. Элдин кызыкчылыгы үчүн иштейбиз деп атканы менен элдин кызыкчылыгы эмнеде деген маселеге азырынча эч ким жооп бере элек. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы бул нерселерден турат деп аныктама бериш керек. Илимий негизде булар иштетилип чыккан, бирок биз өзүбүздүкүн аныктышыбыз керек. Адегенде улуттун кызыкчылыгын аныкташ үчүн улуттун баалуулуктарын аныкташыбыз керек, улуттук баалуулуктарыбыз кайсы деп. Улуттун туруктуу, анан убактылуу кызыкчылыктары болот. Калган маселелер ошонун негизинде чечилиш керек. Мына азыр кризистен кантип чыгабыз деп турабыз, эң орчундуу маселе ушул. Жаңы башталган финансы-экономикалык кризистин аягы эмне менен бүтөөрүн эч ким айта албайт. Ошол абалдан алып чыга турган президент керек бизге биринчи иретте.

Кадыр Кошалиев: - Студияда сүйлөп жаткан замандаштарым менен мен негизинен макулмун. Президент менимче кандай болуш керек жана элге кандайча кызмат кылат деген сыяктуу суроо туулуп жүрүп жатпайбы. Айткандай, биринчиден элдик курултай негизги көзөмөлдөө рычагы. Андан сырткары өлкө башына келген адам биринчи кезекте саясий интеллектуалдык, баардык күчтөрдү, мүмкүнчүлүктөрдү Кыргызстандын келечеги үчүн бир максатка, бир түзүүчүлүк нукка буралган, экономикада, Кыргызстан дүйнөдөгү таза экологиялык аймак деп аталат. Демек таза азык-түлүк, суу бүгүнкү күндө таңкыстыкка айланып баратат. Ушуга бренд жасай ала турган, чечкиндүү экономикада кадам жасаган адам керек. Үчүнчүдөн, өлкөдөгү бүтүндөй жүрүп жаткан ички, сырткы саясий ишмердүүлүгү улут кызыкчылыгына байланып, ошого төп келген, ушул багыттагы саясатты күчөткөн адам керек деп ойлойм.

Биринчи кезекте элдин башына элдин ысык-суугун көтөрөм деп, ошого кайыл болуп, анын ысыгына дагы, суугуна дагы чыдаган мекенчил адам керек. Экинчиден, бүгүнкү мезгилдин талабын көрө билген, себеби бүт дүйнөлүк масштабда саясий дагы, экономикалык, руханий дагы кризис жүрүп атат. Мындай учурда бизге окшогон кичинекей дүйнөлүк интеграцияга анчалык кирбеген өлкөлөр утуш менен чыгат. Мен ойлойм, көп эле зыяны тие бербегидей жолдор бар. Мен жана да айтып өттүм, Кыргызстанда адам ресурстары, жер ресурстары жетиштүү, ошонун баардыгы улуттук, элдик кызыкчылыкка буралса, мен ойлойм эл дагы улуттук лидерин өзү көтөрүп кетет.

Соңку шайлоолор кыргыз элинин менталитети бузулуп жатканын көрсөтүүдө. Анткени шайлоолордо акыл-идеялар күрөшпөй эле акчалардын күрөшү болуп жатат. Ошол себептүү бийликтен баягы эле эски адамдардын колунан чыкпай турат. Бийлик турпатына жаңы кан чуркабай жатат. мамлекет өсүп-өнүгүшү үчүн жаңы муун керек, бийлик дагы жаңыланыш керек.

“Азаттык”: - Адатта дүйнөлүк практикада мамлекеттин башына саясий элитадан суурулуп алдыга чыккан мамлекетчил саясатчылардын эң алды деген инсан президенттикке талаптана алат. Азыр, ушу тапта улутту артынан ээрчитип кетүүгө кудуреттүү, журт атасы боло алчу, күчтүү, мамлекетчил саясатчы барбы Кыргызстанда ? Маселен, Ата Түрк же Махатма Ганди сыяктуу? Мындай адамдар табияттанбы, коом тарбиялаш керекпи ?

Кадыр Кошалиев: - Өзү мезгил, тарых лидерлерди алып чыгат. Акыркы мезгилдеги ашкере демократиялуу коом дагы элди көңүл кайт кылды, тартипти эл өзү талап кыла баштады. Андыктан мен ойлойм, ушул мезгилдерде, ушул доордо, буга чейин белгисиз адамдардын, жаңы муундардын өсүп чыга турган мезгили келип калды. Андыктан шайлоолор да көрсөтөт. Ушул эле аты аталып жаткандардын ичинде дагы улут үчүн иштеп жаткан инсандар бар. Керек болсо азыр иштеп жаткан Курманбек Бакиевдин акыркы кайрылууларында дагы улуттук кызыкчылыкка кайрылып, ошого кызыкдар болуп, ушул маселеге маани бериш керек деген көп сөздөр жүрөт. Эгерде ошону чындап ишке ашырса, мүмкүн элдин ой-пикири да өзгөрмөк.

Бекбосун Бөрүбашев: - Менин оюмча, бул жерде эң негизи маселе укуктук жагы, биз кайра карап чыгышыбыз керек. Мисалы шайлоо саясий процесстин эң негизги туу чокусу деп айтсак болот. Азыркы убакта эмен үчүн шайлоолордо ушундай бузуулар болот. Анткени бизде шайлоо туура эмес өткөрүлөт. Мисалы, июль айында шайлоо болот дагы, шайлоого чыкканда биздин кодекс боюнча эң биринчи биз талапкерден эмнени талап кылып атабыз, шайлоо фондуң барбы, акча төлөй аласыңбы деген маселелерди коюп атабыз. Бул жагынан чындыгында БШКны күнөөлөштүн кереги жок. Анткени биз шайлоого ушундай ылайыктуу укуктук негиз түзүп койгонбуз. Эмне үчүн ушул убакта эле сенин программаң, концепцияң барбы, эл адына чыгып ушуну айтып бере аласыңбы дегендин ордуна биз ушундай тескери маселелерди коюп атабыз. Ошон үчүн менимче, шайлоо системасын толук кайра карап чыгышыбыз керек.

“Азаттык”: - Күчтүү мамлекетчил саясатчы барбы Кыргызстанда. Ошол кишини ким чыгарат, коом тарбиялайбы? Эл шайлоодо дароо бир күндө эле тандай албаса керек, бул акырындык менен келчү нерсе го?..

Бекбосун Бөрүбашев: - Мен сиздин сурооңузга түшүндүм. Ошондой күчтүү адамдарды чыгарыш үчүн ошого саясий шарт түзүп беришибиз керек. Бизде ошондой саясий-укуктук шарт жок. Азыр шайлоого ким барат, кимдин акчасы, кимдин доллары болсо ошол барат. Анткени ошондой шарт түзүлүп калган. Ошол үчүн эң биринчи бул идеялардын, концепциялдардын күрөшү эмес, шайлоо, акча баштыгынын күрөшү болуп атат. Ошон үчүн андай адамдардын чыгышына азыркы шайлоо системасынын убагында өтө оор. Бирок андай адамдар бар, жок деп айта албайбыз.

Орозбек Молдалиев: - Лидерди мезгил тарбиялайт, мезгил чыгарат деген өзү абстрактуу түшүнүк. Албетте элдин башына кыйынчылык түшүп калганда бул система иштеп кетет. Бирок тынччылык, жай мезгилде лидерлерди коом даярдап чыгарат. Мамлекет өзү өзүнүн кийинки лидерлерин даярдаш керек, мектептен баштап, жогорку окуу жайларынан тарбияланып отурган, Бекбосун абдан туура айтып атат, укуктук система түзүлүш керек. Ошол коом өзүнүн адамдарын тарбиялап ошолордун ичинен анан лидерлер чыгат, индивид, индивидуальность, лидер деген үч схема менен. Азыркы учурда мындай шарттар жок бизде. Мен бул пикирге толук кошулам. Себеби азыр ким лидер болуп атат? Кимде акча болсо бийликке ошол келип атпайбы. Ал өзүнүн адамкерчилик, ишмердүүлүк, башка сапаттарына карабай эле, ким кайсы жол менен акчалуу болуп алса, ошол бийликке келип атса, анан кайдагы лидерлер чыгышы мүмкүн. Албетте криминалдык лидерлер чыгып атат, ошого шарт түзүлгөндүгү үчүн. Бизде “мыйзамдагы ууру” дегендер Кыргызстанда көп чыгып атат. Союз учурунда андайлар аз болгон, жокко эсе болгон. Ошондой лидерлерге шарт түзүлгөн үчүн чыгып атат. Калган лидерлердин чыкканына шарт жок болуп атпайбы. Тың чыгып келаткан кадрлардын алды азыр кайда отургандыгын өзүңүздөр билесиздер. Эми оппозициянын ичинен эмне үчүн лидер чыкпай атат деген экинчи суроо болот. Булардын баардыгынын деңгээли бирдей. Шарт жанагыдай болгондон кийин булардын ичинен лидер чыгышы дагы кыйын болуп калат. Коомдо ошондой шарттар болот. Ошондо бирдей лидерлеридин ичинен кийин лидер өзү бирөө чыгат. Ошондо эл тандап алат.

“Азаттык:” – Ушундай жагдай элдин ичинде нааразылыкты пайда кылып, жанагыдай үй-бүлөлүк башкаруу, коррупциялык башкаруу деген негизги проблема болуп турат го Кыргызстанда. Ошого келип жетип атат. Ошондон кутулуш үчүн канча убакыт керек, кандай багытты бет алыш керек, мисалы саясий элита деп коелу?

Орозбек Молдалиев: - Биз сүйлөшүүбүздүн башында айткан бийликтин үч бутак тең салмактуулугу иштемейинче биз мындан кутула албайбыз. Укуктук мамлекет куруп атабыз деген менен качан курабыз деген суроого азыр эч ким жооп бере албайт. Ушул укуктук негизде жүргүзсөк иштердин баарын, баарыбыз законго баш ийип иш кылсак, ошондо анан биз ошондой терс көрүнөштөрдү жое алабыз. Болбосо бир адам бийликке келсе, ушул системада ар бир эле адам ушул жолго түшүп кетет. Азыркы президентибиз жаңы келгенде кандай сонун убадалары бар эле, кандай жакшы сунуштары бар эле. Ошон үчүн маркум Дооронбек Садырбаев учурунда айткан, мен президент болуп калсам биринчи ирет жеңеңер менен ажырашам президенттик мөөнөтүм бүткөнчө деп, бул айласы кеткенден айтылган сөздөр болуп атпайбы.

Бекбосун Бөрүбашев: - Бул маселени биз кеңири карашыбыз керек. Мисалы азыркы убакта коомду, президентти, же личностторду алмаштырыштын эч кандай кажети жок. Анткени бизде саясий укуктук система ушундай, кандай гана киши келбесин бизде коррупция өсүп-өнүгө берет, үй-бүлөлүк башкаруу боло берет. Ошон үчүн биз саясий, укуктук системаны кайра карап чыгышыбыз керек. Өзүңүз суроо коюп атпайсызбы, элдин талабына жооп бере турган мамлекет башчысы качан келет деп. Ал кайсы убакта келет, биздин укуктук-саясий система элдин кызыкчылыгына жооп бере тургандай система болгон убакта келет. Ал үчүн биз эмнеге кайрылышыбыз керек, мисалы мен өзүмдүн коллегаларыма толук кошулам, биз ата-бабадан калган салт-санааны, үрп-адатты жана адатты окуп чыгып, жакшы жагын алып, мекенчилик, улутчулдук, уруучулуктун түзүлүштөрүнүн жакшы жагын алып, анан жоопкерчиликти коюп, анан Конституциябызды, калган мыйзамдарды иштеп чыгышыбыз керек, ансыз болбойт.
Талкууну Бурулкан Сарыгулова уюштурду

“Азаттык:”- Маегиңиздерге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG