Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Президенттикке Темир Сариевдин да талапкерлиги көрсөтүлөбү?


БЭКтин курамындагы саясий партиялардын бири - «Ак шумкар» партиясы 4-майда курултайын өткөрмөкчү. Анда партия президенттик шайлоого катышаар, катышпасын аныкташы айтылууда. Буга байланыштуу партия төрагасы Темир Сариев “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Алгач курултай, анын күн тартиби тууралуу маалымат бере кетсеңиз. Буга чейин болгон саясий бюронун жыйынында президенттикке талапкер катары сиздин талапкерлигиңиз көрсөтүлгөн эле?

- БЭКте ар түрдүү маселелер болгон. Бирок биздин партия саясий бюросунда ушул маселени талкуулап, 1-апрелдин аягына койдук эле, бирок кийин ар түрдүү себептер менен 4-майга жылып, азыр партиянын курултайы 4-майда болот деп белгилеп атабыз. Ал жерде эки маселе каралат, биринчиси бүгүнкү саясий кырдаал, экинчиси президенттик шайлоо. 27-мартта “Ак шумкар” партиясы жер-жерлерде өткөн митингдерге абдан активдүү катышып, өздөрүнүн мүчөлөрүн, жактоочуларын чыгарып, бир топ талаптарды койдук эле. Тилекке каршы бийликтин БЭКке, анын ичинде саясатчыларга, оппозициялык партияларга берген жообу биздин канаттандырбайт. Алар шылдыңдагандай кылып туура эмес жооп берген. Биз саясий жооп күттүк эле. Ошондон улам булар бүгүнкү президенттик шайлоону таза өткөрөрүнө көзүбүз жетпейт. Ушул боюнча биз 4-майда партиянын курултайында ачык-айкын сүйлөшүп, өзүбүздүн позициябызды аныктайбыз.

- Чүй облусунан чыккан лидер катары сизге бул суроону бербесем ылайыксыз болуп калат го. Эки күндөн бери Москва районундагы Петровка айылындагы окуя көпчүлүктүн кызуу талкуусуна айланды. Кечээ бул ишке катышы бар адамдардын катарында кээ бир оппозициялык саясатчыларды, “Жашылдар” партиясынын лидери Бөлөкбаевди, “Ата Мекен” партиясынын Чүйдөгү координатору Туратбек Мадалбековду, БЭКтин дагы бир мүчөсү Сапар Аргынбаевди дагы камакка алды милиция жана улуттук коопсуздук кызматы. Бул шылтоо менен оппозициянын аракеттерине каршы жасалып жаткан бийликтин атайын аракети эмеспи. Сиз кандай дейсиз?

- Бийлик бүгүн алсыз болуп, колдорунан эч нерсе келбей турганда албетте бирөөлөрдү күнөөлөй берет. Мен дагы кечээ ички иштер министринин берген интервьюсунда уктум, оппозиция атайын көкүтүп атат деп айтып атат. Бул оппозиция көкүткөн жок деп ойлойм. Эң биринчиден акыркы убактарда бийликтин кылып аткан саясаты ушул болду, 4 жылда кылган саясаты. Карап көрсөңөр буга чейин айтып келгенбиз укук коргоо, күч органдары өздөрүнүн иштерин түзмө-түз кылбай эле, кылмыштуулук менен күрөшпөй эле, оппозициянын артынан аңдып калган. Айыл-айылга барып, үймө-үй кыдырып тизме түзүп, бүгүн бийликке ким каршы сүйлөдү, ким оппозицияга кошулду деп эле, башка маселелер менен алек болбой калган.

Акимдердин, губернаторлордун негизги эле жумушу эртеден кечке чейин эле оппозицияга ким кошулду, ким сүйлөдү деп эле калышкан. Түздөн-түз болуп аткан кылмыштуулук, күнүмкү турмуш жөнүндө эч кандай ойлошпойт. Ошонун кесепетинен 2-3 жума мурун болгон абдан үрөй учура турган окуяга маани бербей койгон күч органдары. Анткени 4 жашар кызды зордуктады деп арыз түшсө, иргеп, карап чара көрбөй элдин кыжырына тийип, албетте анан эл көчөгө чыгып өзүнүн талаптарын коет. Бул жерде негизгиси бүгүнкү күч органдары, бийлик жана атайын органдар өздөрүнүн түздөн-түз иштерин кылышкан жок, ошонун кесепетинен келип чыгып атат. Мындай локалдуу чыр-чатактар болочокто дагы абдан көп болушу мүмкүн. Анын ичинде бул шайлоого дагы тиешеси бар болуп да кетет. Анткени адамдардын укуктары түздөн-түз бузулуп турса эл чыдап туралбайт. Бүгүнкү бийлик муну эске алышы керек сөзсүз түрдө.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG