Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Президенттикке талапкерлердин саны сегизге жетти


Президенттик шайлоодогу негизги таймаш А. Атамбаев менен К. Бакиевдин ортосунда болору боолголонууда.
Президенттик шайлоодогу негизги таймаш А. Атамбаев менен К. Бакиевдин ортосунда болору боолголонууда.

Алдыдагы президенттик шайлоого бийлик жана оппозиция тарабынан кимдер чыгаары, негизги таймаш кайсы талапкерлердин ортосунда болоору белгилүү болуп калды. Бул арада БШКда арызы катталган талапкерлердин саны сегизге жетти.

Бийликчил “Ак жол” партиясы өткөн жума күнкү курултайында 23-июлга белгиленген президенттик шайлоого азыркы өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин талапкерлигин көрсөттү. Буга чейин бириккен оппозиция Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигин көрсөткөнү белгилүү. Талдоочулар алдыдагы таймаш негизинен мына ушул эки талапкердин ортосунда жүрөөрүн боолголошууда.

Бул арада БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматов азырга чейин 8 талапкердин арызы катталганын бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Алар: Исмаил Исаков, Жеңишбек Назаралиев, Мурат Боромбаев, Акбаралы Айтикеев, Нурлан Мотуев, Алмаз Парманов (булар өзүн-өзү көрсөткөндөр), Куттубек Асылбеков (Дыйкандар жана фермерлер партиясынан көрсөтүлгөн), Курманбек Бакиев (“Ак жол” элдик партиясынан көрсөтүлгөн). Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 18-майга чейин созулат.

Канткен менен бул талапкерлердин арасынан азыркы президент Бакиевдин жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү жогору деген пикирлер коомчулукта күч. Саясат таануучу Жолборс Жоробеков да азыркы талапкерлердин арасында Бакиевге тең келчүсү жок деп эсептейт:

-Менимче Курманбек Бакиев талашсыз талапкер. Анын президенттик биринчи мөөнөтү аяктап баратат. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө президент эки мөөнөт шайланганга укуктуу. Курманбек Бакиевдин да буга конституциялык укугу бар. Менин оюмча, бардык жагынан алганда да азыркы көрсөтүлүп жаткан талапкерлердин арасынан Курманбек Бакиевге тең келчүсү жок.

Ошол эле учурда коомчулукта шайлоонун таза өтөөрүнө эмитен эле күмөн саноолор жок эмес. Оппозициялык саясатчылар болсо Курманбек Бакиев баштаган бийликтин эл арасында кадыр-баркы жоктугун, эгер шайлоо таза өтсө бийлик тарап утулуп калышы ыктымалдыгын айтып келет.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин баамында, бул шайлоо өтө деле курч мүнөздө өтпөйт, бирок шайлоо добуштарды бурмалоо жолу менен өтсө арты чырга айланып кетиши мүмкүн:

- Баягы эле административдик ресурс даяр турат да. Шайлоо өтө деле курч мүнөздө өтпөй, балким бир эле айлампа менен аяктап калышы да мүмкүн. Бирок шайлоо бурмалоо, мыйзам бузуулар менен коштолсо ар кандай нааразычылыктарга алып келип, арты чырга айланып кетиши ыктымал.

Дегеле эгемен Кыргызстандын буга чейинки тарыхында калыс шайлоо өтпөгөнүн эске салган талдоочу Абдувахаб Мониев да шайлоодо бийлик каалагандай жыйынтык чыгаарына эл деле көнүп калганын айтат:

- Кыргыз мамлекетинде реалдуу шайлоо деген түшүнүктүн жок болгонуна бүгүн эле күбө болуп жатканыбыз жок. Бизде мыйзамдар сакталган шайлоо эмес, дайындоо болот. Бийлик эгелери каалагандай жыйынтык чыгараары мурдагы президент Акаевдин тушунда эле белгилүү болчу. Буга карапайым эл - шайлоочулар да жедеп көнүп, баары бир жыйынтык башка болот деп, шайлоолорго кайдыгер карап калышкан.

Талдоочу Абдувахаб Мониев ошондой эле оппозиция тарабында да азыр кайсы бир аймактын, кайсы бир топтун гана лидерлери чыгып атканын, жалпы улуттук лидер жок болуп жатканын, эгер “бириктик” деген оппозициядан эки-үч талапкер чыга турган болсо бийлик үчүн гана ыңгайлуу болоорун кошумчалады.

Бул арада Бириккен элдик кыймылдын башында турган оппозициялык саясатчылардын бири Темир Сариевдин да президенттик шайлоого өзүнчө талапкер катары баруу ыктымалдыгы айтылууда. Ал жетектеген “Ак шумкар” партиясы дүйшөмбү күнү (4-майда) курултай өткөрүп, өз талапкерин чыгараарын, же кайсы талапкерди колдоорун ачыктаганы турат.

Тасмада: "Ак жол" Бакиевди президенттикке көрсөттү

"Ак жол" Бакиевди президенттикке көрсөттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:01 0:00
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG