- Президенттик шайлоодо таймаша турган күчтөр аныкталып калды окшойт негизинен, же дагы башка күчтөрдүн чыгышы мүмкүнбү?
- Азыр оппозициянын стратегиясы билинип эле калды, мүмүн оппозициядан дагы бир талапкерлер чыгат. Менин оюмча, оппозициянын стратегиясы экинчи турга чыгыш керек, ошон үчүн Атамбаев, Исаков, Сариев үчөө чыгат, мүмкүн дагы бирөө чыгат. Экинчи турга чыгып, күчтүн баарын топтоп, бир талапкерди чыгарышат. Эгерде утулуп калса нааразылык үч эсе көбөйөт.
- Негизги күрөш кайсы талапкерлердин ортосунда жүрөт деп ойлойсуз, оппозиция бир жээк болуп, бийлик бир жээк болобу, же ар бир талапкер өзүнчө кетеби?
- Азырынча өзүнчө кетет. Менинимче, оппозиция азыр элди топтош керек. Исмаил Исаков түштүк жакты топтойт Бакиевге каршы, Сариев, Текебаев түндүк жакты, ошентип экинчи турга чыгыш керек. Экинчи турда бир талапкерди Бакиевге каршы оппозиция чыгара алат. Бирок утулуп баратса жер-жерлерде байкоочулар көбөйүп, нааразылык күчөйт.
- Кандай деп ойлойсуз, үч талапкердин чыгышы оппозиция бирдиктүү талапкерди алып чыгууга көп убакыт бою жасаган аракетинин текке кетишиби, же булардын стратегиясы ушундай болдубу?
- Мен ойлойм, булардын стратегиясы ушул. Сариев эрежени бузуп эле чыгып кеткенине дагы ишенбейм. Булардын тактикасы ушундай болчу, Атамбаевди чыгарып карап көрүш керек болчу, эл кандай кабыл алаарын. Анан абалга жараша азыр тактиканы өзгөртүп, үч талапкер чыгарып атат. Анан байкап атасыздар, түштүк жактан Текебаевди, Бекназаровду, Бешимовду жактырган кишилер Исмаил Искаовго берет добушун. Ошон үчүн түштүк жакты да кармап атат, түндүк жакты көбүнчө Атамбаев менен Сариев кармайт. Ошентип келип көз карандысыз байкоочулар да аябай катуу көз салат. Ошентип экинчи турга жеткириш керек, анан Бакиевге каршы утуп бараткан бир талапкерди коюшат оппозициядан.
- Демек оппозицияда биридиктүү талапкер эмес, бирдиктүү фронт деген формула ишке кириштиби?
- Туп-туура. Буларда айкын стратегиясы бар.
- “Жаңы Кыргызстан” жана Коммунисттер партиясы Курманбек Бакиевди колдоп чыгып, бийлик тараптагылар бир консалидацияны көрсөтүп жатат. Ушул эки партиянын Бакиевди колдошунун себеби эмнеде?
- Бул эки партия Жогорку Кеңешке деле бийлик колдогонунан өтүп кетишкен, “Ата Мекен”, “Ак шумкардын” добуштарын тартып алышкан. Бул бийликтин колдоосу менен келаткан партиялар, ошон үчүн эки фронт, бир жактан демократиялык, бир жактан бийликтин фронту болот.
- Курманбек Бакиев азыркы бийлик системасын сактоого умтулаары айкын, Атамбаев болсо парламенттик системаны жактырып келатат. Ал эми Исаков президент өкмөттү түздө- түз жетектеген америкалык системаны жактап келатат. Мына ушул системалардын кайсы бири Кыргызстан шартына ылайыктуу?
- Менин оюмча, Атамбаевдин парламенттик системасы анча деле Кыргызстанга ылайкытуу эмес. Парламенттик-президенттик система жакшы. Ошон үчүн мен ойлойм, Исмаил Исаков ута баштайт, анын жактаган системасы Кыргызстанга ылайыктуу.
- Маегиңизге рахмат.
Тасмада: "Ак жол" Бакиевди президенттикке көрсөттү