Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:42

Оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын Жалал-Абат облусунда жүргөн штаб башчысы Азимбек Бекназаров аймактагы кабарчыбызга алдыдагы президенттик шайлоо, чек ара, эл турмушу, маркум Дооронбек Садырбаевди эскерүү, БЭКке жасалган куугунтуктар тууралуу кеп салып берди.

- Азимбек мырза, президенттик шайлоого карата жер-жерлерден кандай мыйзамбузууларды байкадыңыз?

- Жалал-Абатка келгенде ( 16-майда) “Акжолдун” адамдарыбыз деген көп кишилерди көрдүм. Мамлекеттик чиновниктер айыл башчыларын чогултуп алып, президент Курманбек Бакиевге кол топтойсуңар, жүз процент добуш беребиз деген нерселер жасалып атыптыр. Үгүт иштери башталып калыптыр. Айыл жерлеринен штаб түзүп алышып, шайлоо кампаниясын баштагандарын байкадым. Али расмий түрдө үгүттөө иши баштала элек, кол топтоо эле жүрүп аткан да… Экинчи байкаганым – башка талапкерлерди колдоп кол койгондорду катуу куугунтукка алып жатышыптыр, айыл жерлеринен билинип атат анысы. Эмне үчүн силер Исаковго кол топтодуңар , эмне үчүн Атамбаевге кол жыйнадыңар? - деген кысым катуу экен… Элдин айрымдары а түгүл коркуп калышыптыр. Жалал-Абат мамлекеттик университетинде студенттерге “эгерде, кимде – ким Атамбаевге же Исаковго кол койчу болсо, бир Бакиевден башкага кол койгондор окуганың – окуудан, иштегениң – ишиңен айдаалсың”деген саясатты катуу жүргүзгөнү билинип атат.

- Президенттик шайлоону таза, калыс өткөрүүнүн жол-жоболору барбы?

- Кыргызстанда президенттик шайлоо таза өтпөйт, өткөн эмес, өтпөйт дагы. Ал боюнча БЭКтегилер бир канчадан бери айтып келатабыз. Бакиевдер турганда бул шайлоо таза болбойт, фальсификация менен өтөт. Президент каалагандай добуш алды деш үчүн бийлик азыртан катуу иштеп атат. Бирок суроо туулат, шайлоо мыйзам бузулуулар менен коштолоорун билип туруп, анан эмне өзүңөр катышып атасыңар деген. Жок, ошолордун ыплас шайлоо өткөрөөрүн, фальсификация болоорун тастыктоо үчүн катышуудабыз, Аягында шайлоо мындай болду деп, бүт дүйнөгө жарыялоо үчүн далилдерди топтойбуз. Бул бийликти жокко чыгаруу үчүн бир талапкерди көрсөтүү менен шайлоого аралашып жатабыз.

- Сиз штаб башчысы болгон БЭК президенттик шайлоонун калыс өтүүсү үчүн кандай иш-чараларды иштеп чыкты?

- Колубуздан келишинче кайсы жерлерде кандай мыйзам бузуулар болуп атканын жыйнап жатабыз. БЭКке кирген кыймалдар менен саясий партиялар элге түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Колдоочуларыбыз аркылуу штабдарды түзөбүз. БЭКтин жер-жерлердеги өкүлдөрүн байкоочулукка дайындайбыз, Жана мен айткан мыйзам бузууларды да ошолор аркылуу билип турабыз. Андайларды ар апта сайын жыйнап, БЭКтин штабы аркылуу Кыргызстандын элине таркатып туралы деген ниеттебиз. Буга чейин бир топ нерселерди БШКга билдирип, бийликке кат жаздык. Момундай кемчилик, мыйзамбузуулар болуп атат деп. Эң негизгиси шайлоого катышаар Кыргызстандын калкынын тең жарымы жок. Ошолордун тизмесин тактап, мынча адам бар эле, шайлоо күнү добуш берүүгө мынча адам келди, баланча киши Казакстан менен Россияда жүрсө, Кыргызстанда кырк пайыз эле шайлоочу турса, анан кантип силер 90 пайызга жеткирдиңер,бул санды кайдан алдыңар ? - деп, бийликтен сурамакчыбыз….

- Бүгүнкү күндө да БЭКтин өкүлдөрү менен оппозициядагы саясатчыларга борбордук же жергиликтүү бийлик тарабынан мурдагыдай эле кысым көрсөтүлүп атабы, же ал ыкма бир аз сээлдедиби?

- БЭКтин саясий кеңешинин эки мүчөсү, А. Жекшенкулов менен Э. Бөлөкбаев жана улуттук кеңештин мүчөсү Аргымбаев түрмөдө олтурушат. Петровкадагы жаңжалды уялбай этпей эле оппозициянын кылганы деп министринен өйдө кыйкырып чыгышты. Бир топ адамдарга кылмыш иши козголду. Анын ичинде И. Исаков менен Э Каптагаевдин иши сотто. Өздөрүнө болбосо да, урук-туугандары кылмыш иштери ачылгандар бар. Маселен Ө. Текебаевдин иниси А. Текебаевге 2- 3 кылмыш иши козголгон. Менин уулум Эрниске иш козгошкон, деги сообуз жок. Бирок ага карабай, максатыбыздан кайтпай, үй- бүлөлүк башкарууну сындырып, Кыргызстанга адилет заманды орнотолу деп, тилегибизден кайтпай, күрөшүп жатабыз.

- Өзүңүз кабардарсыз, Ноокен районундагы Чек айылын талаш жер деп, Өзбекстандын чек арачылары ээлеп алган. Алар ошол айылда 19-апрелден тарта үстөмдүк кылууда. Ошого байланыштуу Кыргызстандын чек ара саясаты кандай болуусу керек деп ойлойсуз?

- Бул – уят иш. Чек араны, Чек айылын кайтаргандын ордуна бийлик Д. Садырбаевди эскерүү митингисин өткөрбөсө экен, качан келди, качан кетти? - деп, бүткүл күчү менен бизди аңдып жүрөт. Д. Садырбаевди эскерүү митинги Шайдан айылында өтөбү ( Ноокен районундагы) же башка жерде өтүп кетеби, айыл өкмөтүнөн, аким, губернаторунан тартып эскерүү каадасын өткөрбөөнүн амалында жүрүшөт. Чек араны унуткан бүгүнкү бийликте өлкөнүн эгемендүүлүгүн , мамлекеттин бүтүндүгүн , чек араны көздүн карегиндей сактоо деген жок.

А. Акаевден берки акыркы төрт жыл ичинде Казакстан канча миңдеген гектар жерлерди алды. Эми Өзбекстан баштады. Бул али башталышы… Өзбекстан бүгүн Чекти басып алса, эртең Баракты ( Кара-Суу району) басып алат. Кара-Суу, Сузак, Аксыдан көп жерлерди басып алат. Себеби, биздин мамлекеттин башчысында эгемендүүлүк деген, жерди, Ата Мекенди де коргоо деген түшүнүгү жок экен да. Эл аралык саясатта жана “Манас” аба бекети боюнча да чабал болуп атпайбы! Аны көргөн- билген коңшу падышалар каалаган ишин жасап жатышат. Мына, басып алдыбы, эми ал жерден чыкпайт. Эртең дагы басы алат..Биздики болсо, айрымдар сүйлөп атпайбы, “ал жер делимитация болуп калган” деп. Делимитацая Жогорку Кеңеш бекиткенден кийин бүтөт, демаркация – казык кагуу андан кийин башталат. Азыр угуп атам “ал жерди чечкенбиз, ал жер чындыгында Өзбекстандыкы болчу”, - деген былжырак сөздөрдү. Чек ара – эки тараптуу маселе, жогорку деңгээлде, эки парламент бекитип, ноталар менен алмашып, анан келсе, кийинкиси бошотуп берет. Ага чейин бир тараптуу иш болбоосу керек. Муну басып алуучулук дейт. Оппозицияны куугунтуктагандан көрө бийлик чек араны кайтаруусу керек болчу…

- Эсил кайран Дооронбек агайды эскерүүнүн айланасында да саясат жатабы?

- Мен Докенин сөөгүн коюу боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү болгом. Докем бүткүл Кыргызстанга таанымал, Жалал-Абаттын аксакалы болсо, мамлекет башчысы , спикери баш болуп бир топ бийликтегилер , азыркы администрация башчысы Данияр Үсөнов батасына келген эмес. Жакында 30- майда бир жыл толот ал кишинин көзү жумулганына. Бийлик Докемдин атын түбөлүккө калтыруу боюнча бир жыл ичинде бир иш аткарган жок. Бишкектен келген үзөңгүлөштөрү Докемди эскерип, куран окутуп коелу десек, бүгүн эле уруулаш туугандары табыла калып, «сөөк биздики, биз өзүбүз өткөрүшүбүз керек » дешип… Бийлик туугандарына да убада бериптир Ноокен районундагы Масы айыл өкмөтүн Д. Садырбаев атындагы өкмөт дегенге, атын көчөлөргө койгонго. Докемдин арбагын да саясатташтырып жатышат шайлоого керек дешип, анын жылдыгы болгуча атын коюп, телевизордон берип, туугандарын сүйлөтөөрүнө. Шайлоо өткөндөн кийин ким билет, кандай болоорун ?

- Бир кыйла жерди кыдырып жүрөсүз, бийлик айткандай, эл турмушунда оңолуу барбы?

- Эл өзү менен өзү. Бийликти унутканына көп жыл болуп калбадыбы! Он сегиз жылдан бери өлкө эли өзү менен өзү алек. Бийликтен үмүтү үзүлгөн. Элдин бир бөлүгү жакшы турмуштун көзүн таап алды. Бир даары эмне кылаарын билбей, карайлап калды. Негизги элдин президенттин туура эмес жүргүзгөн саясатынан көңүлү калып, Казакстан менен Россияга кетип калды. Ошондуктан Кыргызстандын эли эч кимге ишенбей калды, президентке да, оппозицияга да жаңы чыккан саясатчыларга да… Эл өзүнө гана ишенип калды. Бул бир жагы жакшы. Бирок мамлекет өз арабасын согуп аткан элди уурдап –тоноп, салыкчылары бир жагынан кысып, бир аз иши жүргөн адамды баса калып, саясатка айлантып, элдин кыжырын кайнатып атат. Колдоп, шарт түзүп, көтөрмөлөөнүн ордуна үлүш сурап, куугунтуктап атышат. Президенттин тигиниси келди, жээни келди деген сөздөрдү уктум, эл арасынан...

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG