Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:38

“Талапкер менен таанышуу” рубрикасынын кезектеги мейманы - Коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева. Талапкер 2005-жылкы президенттик шайлоого “жылаңач баатыр” болуп катышса, азыр саясий капитал топтоп алганын, жеңишке жетсе биринчи эле Конституцияны реформалаарын, татыктуу жеңилсе жаңы президенттин колун кысаарын билдирди.

- Токтайым айым, президенттикке талапкер катары барууга сизге эмне түрткү болду?

- Бул өзүмдүн инсандык мүмкүнчүлүктөрүм деп ойлойм. 15 жылдан бери коомдук саясатта жүргөнүм жана лидер катары аталып келтканым соңку президенттик таймашка түздөн-түз байланыштуу. Экинчиден, мамлекеттик өнүгүүгө болгон өзүмдүн көз карашым бар. Мамлекеттин системалык өнүгүүсү үчүн анализдеп түзүп келаткан, өзүм жазып алып жүргөн, жатка билген, аң-сезимиме туткан программаларым бар. Сырттан карап атам, мамлекеттик башкарууга мен өзүмдүн жазган анализдерим бар. Ошол өзүмдүн койгон пландарымды, сунуштарымды алып чыгып ишке ашыруунун бир жолу. Экинчиден, мамлекетибиз ушундай абалда турганда, лидербиз деп мамлекеттин өнүгүшүнө жардам бербегенибиз туура эмес. Мен ойлойм, азыр мен ушинтип чоң жарышка чыгып атканда бийликте тургандарга, элге өзүмдүн ой-пикиримди жеткирип, кандайдыр бир жаңы көз караштарды сунуш кылуу аракети. Бул өзүмдүн коомго болгон көз карашым жана чоң салымым деп эсептейм.

- Азыр алты талапкер ат салышып атат, алардын бешөө мырзалар. Ушул президенттик шайлоодо жеңишке жетүүгө сиздин үмүтүңүз канчалык?

- Ар бир инсандын үмүтү жүз пайыз го деп ойлойм. Менин эң негизги максатым ушундай деңгээлге жетип, элге аялзатынын кандай башкара алаарын көрсөтүп берүү. Азыр дүйнөлүк коомчулукта өнүккөн өлкөлөрдө көбүнчө эле башкаруу системасына аялзаты келип атат. Аялзаты келген мамлекеттердин баарында социалдык өнүгүү норма болуп келатат. Мен дагы социалдык өнүккөн өлкөлөргө менин мамлекетим кошулса деген ойдомун. Азыр көйгөйлүү маселелердин эң бири - бул социалдык жактан камсыздандыруу.

- Сиздин атаандашыңыз, талапкерлердин бири Нурлан Мотуев мен экинчи, же үчүнчү орунга татыктуумун дегендей көз карашын айтып кетти. Сизде ошондой бир конкреттүү жооп барбы?

- Мындай айтыш туура эмес болот. Ар кайсы маалымат каражаттары ар кандай баа берип атат. Мисалы айтсак, кечээ белгилүү стратегиялык институт кишилерин жөнөтүптүр, мынча сом берсеңиз мынчанчы рейтинг, экинчиси мынча доллар төлөсөңүз үчүнчү рейтинг, бешинчи рейтингге мынча деп. Мен бир тыйын бербейм десем, мени дегеле тизмеден чийип салыптыр. Ушундай нерселер да болуп атат. Айтыш абдан оор. Мен өзүмө жараша, өзүмдүн 15 жылдык саясий коомдо жүргөн жетишкендигимдин негизинде татыктуу добуш алам деп ишенем.

- Сиз албетте дымагыңыз бар, бул турган нерсе. Ошол эле мезгилде талапкер болуу, президент болуу аракетинен башка дагы сизди кандай максат алып келди? Мисалы кээ бирөө айтат экен саясий чөйрөгө аралашкым келет, тиги-бул кызматты алышым керек деп. Сизде кандай максат бар?

- Өзүмдүн саясий деңгээлимди, саясий байлыгымды дагы бир тепкичке көтөрүү

- Кыргызстанда коомдук-саясий чөйрөдө аралашып жүргөн чыгаан аялдардын саны аз эмес. Ошолордун ичинен өзүңүздү эң татыктуумун деп айта аласызбы?

- Эң татыктуумун деп айтсам туура эмес. Себеби ошол чыгаан аялдардын бир тобу мага тарбия берген, бир тобунан тажрыйба алгам, бир тобу менен бирге иштешкем. Чынын айтканда ар биринин өзгөчө касиеттери бар. Ар бир биздин айымдардын касиеттерин анализдеп, чогултуп, ошолордун ой-пикирин жеткиргенге мен аракет кылып атам.

- Сиз өткөн 2005-жылкы президенттик шайлоодо да катыштыңыз, бул экинчи жолку талапкер болуп катышууңуз. Эмне айырмачылыкты байкап атасыз азыркы шайлоодо?

- Биринчи жолу шайлоого башка максат менен катышкам. Бук толуп, мамлекеттин абалын билесиздер, революция болуп, дүйнө жүзү кыргыз элиндей жапайы эл жок экен деп айтып атканда, кыргыздардын аялдары, кыздары эң жаман абалга революцияга алып келди деп бүт ММКлар айтып атканда, бук болуп турганда кандайдыр бир жакшы нерсе киргизсем деген ой менен катышкам. Жыланач баатырдай болуп эле, ал кезде өтө деле чоң саясий капиталым жок болчу, мүмкүнчүлүгүм дегендей. Анткени аң-сезим ал кезде анча эмес тура. Бирок ошондон кийин бир топ тажрыйбага ээ болдум, көз караштарым өзгөрүлдү, кандайдыр бир чоң тажрыйба пайда болду. Ошол тажрыйбаны колдонуп экинчи жолу президенттик шайлоого катышып атам.

Сиз сурап атасыз, азыр эмне өзгөрүүлөр болуп атат деп. Тилекке каршы 2005-жылкы шайлоолор менен азыркыны салыштырып көрсөк саясий апатия аябай чоң пайызда деп айтсак болот. Элде ишеним жок, бийликке, шайлоого ишеним жок болуп калыптыр. Экинчиден, корккону ушунча, эмнеден коркот түшүнбөйм. Жөн гана дарбазасынын эшигин плакаттарды илгенге бергенден коркушат. Аткаруучу бийликте иштеп аткан администрациянын өкүлдөрү сүйлөшкөндөн качышып, жандалбастап бекингенге алек. Бирок ошол көрүнүш көбүнчө Ысык-Көл, Бишкектин тегерегиндеги администрацияларга таанымал болуп атат. Ошол эле учурда бир топ маселелерди чечиш Ош, Жалал-Абатта жеңил болуп атат.

- Сиз саясий капитал жөнүндө сөз кылдыңыз, өткөн беш жылда саясий капитал топтолду деп атасыз. Сиздин көз карашыңызда, саясий капитал кандай жолдор менен топтолду сиз үчүн?

- Бул жалгыз саясий эмес, коомдук жана саясий капитал десем болот. Эгерде ушул беш жылдын ичинде бейөкмөт уюмдардын лидери катары бир топ социалдык проблемаларда, адам укугун коргоо багытында бир топ эмгектенип атсам, азыр эми саясий күрөшкө да катышып көрөйүн деген ой.

- Дагы бир суроо, сизди талапкер катары колдогон негизги саясий күч бул экс-президент Аскар Акаев деген божомол бар. Аны өзүңүз деле угуп жүрсөңүз керек. Сиз буга кандай жооп айта аласыз?

- Биринчиден, бир эле адам саясий күч болуп бере албайт. Экс-президент катары өзү качкында жүргөн адам колдоп бергенге мүмкүнчүлүгү жок. Азыркы кезге чейин Аскар Акаев өзү кимди колдоорун айта элек. Экинчиден, белгилеп кетким келет мен өзүмө абдан ыраазымын, ушул 15 жылда Аскар Акаев башкарган кезде өзүм коомдук ишке аралашып, коомдук турмушту көрүп калгам жана ал кишинин саясатын көрүп калганыма мен аябай бактылуумун. Үчүнчүдөн, айтып кете турган нерсе, акыркы үч жылдан бери, бул жашыруун сыр эмес бул, экс-президентке жасап аткан укугун тепсөө механизмдери абдан оор болуп атат.

Ушул багытта мен ал кишинин укугун коргоп, укукчу катары ал кишинин кызыкчылыгын коргоп жүрөм. Мисалга кечээ күнкү эле аянычтуу окуяны айтып кетким келет. “Алтын балалык” комплексин билесиңер, азыр сот процесстери токтой элек, үч сот иши каралып атат. Соттун чечими боюнча “Алтын балалык” камакта турат. Ошол эле биздин аткаруучу бийлик, премьердин колу коюлган токтомун чыгарып атат, “Алтын балалыкты” алып туруп саламаттыкты сактоо министрлигине берип койгула деп. Кайсы мыйзамдын негизинде эл аралык коомдун менчигин аткаруучу бийлик өзүнө менчиктештирип атат. Мыйзам түрүндө эч кандай укугу жок.

Ушундай эле аянычтуу, өкүнүчтүү окуя - биринчи президенттин китепканасы боюнча сот иштери жүрүп атат. Ошол эле биздин премьерибиз өзү каалагандай чечим чыгарып китепкананы алдырып коюп атат. Анда дагы Конституциянын 5-6 пункту бузулуп атат дагы, коомдук уюмдун менчигин мамлекет талашып алып атат. Мен ушул багытта бул адамдын жана ушул адамга байланыштуу коомдук уюмдардын кызыкчылыгын талашып келген жана экс-президент болобу, же башка адам болобу болгон иштердин баары мыйзам ченемдүү болуш керек деп ойлойм.

- Сиз экинчи жолу президенттикке шайлоого талапкер болуп катышып жатасыз. Талапкерликке канча каражат кетээрин жакшы билесиз. Акыркы таратылган маалыматтарга караганда сиз 620 миңден ашык каражат топтогон экенсиз. Бул туурабы?

- Чынын айтканда канча каражат экенин мен өзүм карай элекмин. Кечээ күнкү БШКнын берген маалыматы менимче, талапкерлердин укугун бузуу. Себеби мен эгерде ушул кезге чейин биле элекмин, азыр эсебиме канча акча түшкөнүн, кагаздарга кол коюп берип атам, кайда канча кетип атканын азыр иреттей элекмин. Ал эми БШКнын тараткан маалыматы бул шайлоонун жыйынтыгына кысым көрсөткөнү. Бул маалыматты кайдан алды, банк берди. Банк эмне үчүн биздин уруксатыбызсыз, биз өзүбүз отчет берелекте андай отчетторду берет, эмненин негизинде?

Сиз дегеле шайлоого талапкер катары каражатты кайдан таап атасыз, жарандык лидер катары тапканыңыз жетип атабы чыгымдарга?

- Мен өзүм атайын экинчи шайлоого чыгам деген ой болгон соң, беш жылдан бери биртике каражат топтоп келаткам, анан өзүмдүн дагы бир аз каражатым кошулду. Анан көбүнчө азыр мага жардам берген бейөкмөт уюмдардагы лидер кыздарыбыз чуркап жүрөп, бир топ кыздарга ыраазычылыгымды билдирип койгум келет, мага жалпы элден каражат топтоп бергенге жардам берип атат. Бул жерден түшкөн акчага 200 миңдейи өзүмдүн кошком акчам.

- Бул беш жылдан бери чогулткан акча?

- Ооба, өзүмдүн беш жылдан бери чогулткан акчам. Мен ойлойм, Махатма Ганди Индияны жылаң бут, жылаң аяк басып жүрүп Индиянын символу болуп калды. Ар бир үйгө кирип жүрүп, ар бир адамдын ишенимине кирип жүрүп Индияны эркиндикке алып келген. Ошондой эле Африка өлкөлөрүндөгү Манделанын окуясын алып көрөлү.

- Эгер сиз президент болуп шайланып калсаңыз ишти эмнеден баштайсыз?

- Эң биринчи эле кабыл ала турга жардыгым - Конституциялык жаңыланууну жарыялайм, бийликтин бүт багыттарынын тең салмактуулугуна алып келем. 2003-жылкы Конституцияга кайрылып жаңыдан Конституцияны иштеп чыгышыбыз керек. Мына азыркы Конституциянын ичинде бир топ карма-каршылыктар көп болуп атат. Жөнөкөй эле айтып кетейин, ар бир адамдын шайлоого чыгып шайланганга акысы бар деген пунктту алып карап көрөлүчү, кодекс боюнча жөн гана мажоритардык системаны алдык, партиялык системаны алып койдук. Инсан катары мен парламентке партияга кошулбай чыккым келсе, менин укугум бузулуп атат. Ушул багытта Конституцияны иреттеш керек, тазалаш керек. Экинчиден, кодекс боюнча президент өзүнүн укугун сактап калат да, президенттин бешөөбүзгө караганда мүмкүнчүлүгү абдан чоң болуп атпайбы. Ушундай карама каршылыктарды жокко чыгарыш керек. Экинчи кол кое турган жардык - ар бир жаңы төрөлгөн инсан үчүн 10 миң сомдон көрүндүк, ар бир төрөгөн энелерге баласы үч жашка чыкканча эмгек акы.

- Утулуп калган шартта сиз өзүңүздүн ызаңызды кантип басасыз?

- Менимче, акыл-эси ордунда адам үчүн утулуш дагы чоң нерсе. Кээ бир утулуштар чоң жеңилүүнүн башаты болуш керек. Татыктуу оюн болуп, татыктуу утулсам, жеңген адамдын колун кысып, өз ыраазычылыгымды билдирип кеткенге кайрат табам деп ойлойм.

- Сизге чоң рахмат.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG