Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

А.Атамбаев: «29-июлдан тарта митингдер башталат»


Оппозициянын бирдиктүү талапкери А. Атамбаев 29-июлдан тарта өлкө боюнча митинг, жөө жүрүштөр башталаарын «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.

- Алмаз мырза, 23-июлдагы президенттик шайлоо өттү. Сиздердин эсеп боюнча Алмазбек Атамбаев канча пайыз добуш алды?

- Биздин штаб алдын ала эсептөөнү бүттү, ага караганда оппозициянын талапкери Алмазбек Атамбаев Кыргызстан боюнча шайлоочулардын 60 пайыздан ашыгыраак добушун алды. Азыр иштеп аткан президент (К.Бакиев) 25 пайыз гана добуш алды.

- Демек сиздер Борбордук шайлоо комиссиясынын К.Бакиев 85 пайызга жакын добуш алды деп чыгарып аткан жыйынтыгын туура эмес деп эсептейсиздерби?

- Эми буга ким ишенет, мисалы Кубат, элди, жерди кыдыргыла, 85 пайыз добушту эл Бакиевге бердиби, же Атамбаевге бердиби - ишенесиңер. Албетте, БШКныкы жалган. Эл добушун Атамбаевге берди, бирок БШК Бакиевди шайлады. Бирок эл шайлайт да. Анан кийин такыр эле элибизди манкурт, келесоо деп эсептеш бул жакшы эмес го. Өз элине каршы күч көрсөтүп, автоматтардан атып, 20 чакты адамды түрмөгө камоо туура эмес да. Элдик депутаттарды сабап атат бул бийлик. Ошон үчүн мен 23-июлда айтпадымбы, мен шайлоодо талапкерлигимди алып салам, деп айткан эмесмин, мен бул шайлоо легитимсиз, бул шайлоонун жыйынтыгын чыгарган БШКга эч ким ишенбейт, биз башка жол менен барабыз деп айтпадымбы.

- Сиз шайлоо алдында жер-жерлерди кыдырганда айттыңыз эле, добушуңарды өзүңөр коргоп калгыла, деп. Анан 23-июлда кечинде дагы ушул жерде митинг болгондо айттыңыздар, биз жакын арада чыгабыз деп. Штаб эми азыр кандай чечимге келдиңиздер?

- Биринчиден, жер-жерлерде элди деле түшүнсө болот, бийлик мындайга барарын билген жок да. Шайлоо күнү түштө эле көрүнүп калды элдин добушу бурмаланып жатканы. Эмнеге мен саат төрттө айттым, мындай шайлоонун бизге кереги жок, деп. Анткени түштө эле көрдүк, шайлоо эмес эле уурдоо болуп калды. Депутаттарды сабап, камап атса, жөнөкөй элди шайлоо участкасынан түртүп чыгарып атса. Өзгөчө түштүктө жөн эле камап, участкалардан чыгарып ийип, түндүктө болсо андан бешбетер, бизде алар боюнча бүт документтер, материалдар бар. Ошондуктан эл абдан нааразы. Эл башка бир адамга добуш берген. Анан бир уурулар биздин добушубузду уурдап алып эле, өздөрү башка адамды президент кылганына, албетте, эл нааразы. Мага 23-июлдан бери күнүгө телефон чалып атышат. Ошондуктан эл менен кеңешип, аймактар менен кеңешип, биз чечтик, 29-июль шаршемби күнү бүтүн Кыргызстан боюнча эртең мененки саат ондон баштап тынч митингдер, жүрүштөр башталат, нааразычылык акциялары башталат. Анткени бизге уурулардын мамлекетинин кереги жок.

- Демек, сиз элди өз добуштарын коргоп калууга чакырып атасыз?

- Жок, эл өзү айтып атат биз чыгабыз деп. Анан мен буга чейин токтотуп аткам, бийликке деле убакыт бердик, мүмкүн кайрадан шайлоо өткөрөбү деп. Анан бийлик элди такыр эле маңкурт көрүп атат. Ошондуктан ушундай чечимге келдик, 29-июль шаршемби күнү саат ондо бүтүн Кыргызстан боюнча тынч митинг, нааразычылык акциялары, жөө жүрүштөр башталат. Эмнеге шаршемби күнү. Мен эртең 26-июлда кечинде бир күндүк сапар менен Москвага баратам. Анткени бүт дүйнө айтты бул шайлоо таза болбой, алдоо болуп калды деп. Ал эми КМШнын байкоочулары сонун болду деп мактап айтпадыбы. Ошондуктан мага Россиянын Мамлекеттик думасынын депутаттары чалды Затулинге окшогондор, келип бербейсизби, деп. Мен барып айтайын деп атам, ушундай ыплас оюнга аралашса Россиянын жетекчилиги да уят болот, токтогула, деп.

Шейшемби күнү эртең менен кудай буюрса, кайра Бишкекке келип калам, ошол күнү түштө чоң маалымат жыйынын өткөрөм, кудай буюрса. Анткени мындай ыплас оюндарга ишенип алып, анан билбестик кылып Россия президенти Д. Медведев, же премьер-министри В. Путин бул нерсеге катышпасын деп атам. Мен аларды абдан сыйлайм. Ошондуктан айтып коёлу - бул ыплас оюн, эл башканы шайлаган, деп. Мен айткан жокмун мени президент кылсын деп. Бирок кайрадан таза шайлоо өтсүн. Элди мынчалык маңкурт, айбан катары көрбөш керек. Эл деген эл, элде деле намыс бар. Баардык эле нерсе акча, же автомат менен чечилбейт. Намыс, Кудай деген бар.

- Сиздин шайлоо ыплас өтүп жатат деген билдирүүңүзгө 23-июлда дагы бир талапкер Жеңишбек Назаралиев дагы кошулду эле. Ал дагы бул акыркы чечимиңиздерди колдодубу?

- Калган талапкерлер өздөрү билсин. Мисалы, мен ойлогом ошол эле Темир Сариев 23-июлда бизди колдоп, бул шайлоо болбой калды, деп айтат го деп ойлогом. Ал болсо Нурлан Мотуевдер менен биригип, башка сөздөрдү сүйлөп атат, албетте, өкүнүчтүү. Бирок айтып атпаймбы, биздин оппозициянын штабынын алдын ала эсептөөсү боюнча шайлоочулардын 60 пайыздан ашыгы добушун оппозициянын өкүлү Атамбаевге берди. Ошондуктан калган талапкерлер өздөрү билсин, албетте колдосо жакшы болот, колдобосо өздөрү билсин. Бирок негизи эл да. Мен деле элди азыркыга чейин токтотуп аттым, шаршемби күнгө чейин токтоттум, анткени элдин алдында өзүм турушум керек. Мен шаршемби күнү кудай буюрса, өзүм эл менен бирге болом, чогуу.

- Маегиңизге рахмат.
А. Атамбаев: "29-июлда митингдер башталат"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:29 0:00

XS
SM
MD
LG