Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44

Талапкерлердин улуттук курамы кандай куралды?


Буга чейин бир канча жолу депутат болгон өзбек тектүү саясатчылар бу саам шайлоо жарышына кошулбады.

Буга чейин бир канча жолу депутат болгон өзбек тектүү саясатчылар бу саам шайлоо жарышына кошулбады.

Парламенттик шайлоого бара жаткан саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесине Кыргызстанда чанда кездешкен этнос өкүлдөрү да киришти. Бирок буга чейин депутаттык орундарды бербей келген айрым этникалык азчылыктан чыккан саясатчылардын ысымдары бир дагы саясий партиянын тизмесинде көзгө урунбайт.

Буга чейин парламенттин бир нече жолку чакырылыштарына удаасы менен депутаттыкка шайланышкан Давран Сабиров, Кадыржан Батыров, Жалолидин Салахуддинов, Алишер Сабиров, Иномжан Абдрасулов, Махаммаджан Мамасаидов жана Бөрүбай Жураев сыяктуу саясатчылар бул жолку шайлоого аттанышкан жок. Алардын айрымдарына этникалык кагылышууга чагым салган уюштуруучулар катары шектелип, издөө жарыяланган.

"Жикчил саясатчылар эми колдоо таппайт"

Партиялар июнь окуяларынан кийин акчасы бар, дымагы күч болсо дагы жикчил маанайдагы саясатчыларды катарына киргизгенден коркуп калгандай болушту. Т. Акеров
Оштогу өзбек тектүү укук коргоочу Изаттулла Рахматтуллаев кандын төгүлүшүнө себепчи болуп, качып кетишкен жикчил саясатчылар эми эч жерден колдоо таппайт деп эсептейт:

- Биринчиден бүгүнкү күндө аты аталган саясатчылар Кыргызстанды таштап чыгып кетишкен. Экинчиден, ар бир доордун өзүнүн оң жана терс каармандары болот да. Алар ошол өздөрүнүн оорукчан дымагы менен эки элдин ортосуна от коюп качып жүрүшөт. Эми таза, чыныгы карапайым эл деп күйгөн, элди улутка бөлбөгөн инсандар келишсе деген тилек бар. Мындагы өзбек коомчулугунда таза инсандарды чыгарсак деген ойлор айтылып келет.

Мурдагы “Ватан-Родина” деген аталыштагы этникалык негизде түзүлгөн саясий партия июнь окуяларынан кийин ачык ишмердүүлүгүн токтотту. Буга чейин ысымдары анчейин белгисиз, бирок өз аймагында таасири бар ишкер чөйрөдөн, интеллигенциядан жана жарандык коомдон чыгышкан өзбек тектүү жарандар бир катар саясий партиялардын тизмелерине киришкен. Белгилүү өзбек тектүү саясатчылардын ичинен Ош облусунун мурдагы губернатору Анвар Артыков гана "Ар-намыс" партиясынын тизмесинин алдыңкы сабында бара жатат.

Талдоочу Табылды Акеров кийинки мезгилдеги кырдаалдан улам, саясий партиялар мурдагыдай жикчил маанайдагы саясатчыларды катарына кошкондон чочулап калышкандыгын белгиледи:

- Саясий партиялар этникалык азчылыктардын арасындагы жаңы лидерлерди алып чыгып элге көргөзгүлөрү келишет. Бирок ошол эле учурда июнь окуяларынан кийин акчасы бар, дымагы күч болсо дагы жикчил маанайдагы саясатчыларды өздөрүнүн партиясына киргизгенден коркуп калгандай болушту. Ошондуктан партиянын тизмесине киргизип жатканда да негизги электоратка тескери таасири тийбейби дегендей кылчактоо жана ошондой эле ал лидер улуттук саясатта кандай максатты көздөйт деп кылдат карап чыгуу жагы бардык партияларга мүнөздүү көрүнүш болуп калды.

Парламентке канголоис жана ламай этносунун өкүлдөрү да келип калышы мүмкүн


Негизинен тизмелерде орус, казак, өзбек, дунган улуттундагылар басымдуулук кылышат. Уйгурлар менен тажиктердин өкүлдөрү негедир талапкер катары аз катталышты.
Э. Ирискулбеков
Парламенттик шайлоого ат салышууга жыйырма тогуз саясий партия катталды. Алардын ар биринен жүз жыйырмадан талапкер көрсөтүлүп, жалпы талапкерлердин саны үч миң төрт жүз сексен адамды түздү. Бул сандын он беш пайыздан ашуунун этникалык азчылыктардын өкүлдөрү түзүшөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Эрик Ирискулбеков партиялардын тизмелеринде Кыргызстанда чанда кездешкен түрдүү этностордун өкүлдөрү да киргизилгендигине токтолду:

- Буга чейин анча мынча адам укпаган канголоис жана ламай этносунун өкүлдөрү да партиялык тизмелерде талапкер катары катталышты. Ошондой эле биздин аймакта аз санда гана жашашкан еврейлердин жана гректердин өкүлдөрү да талапкер катары партиялардан көрсөтүлүштү. Негизинен тизмелерде орус, казак, өзбек, дунган улуттундагылар басымдуулук кылышат. Уйгурлар менен тажиктердин өкүлдөрү негедир талапкер катары аз катталышты.

Шайлоо кодексинин талаптарына ылайык саясий партиялар өздөрүнүн талапкерлеринин тизмесине этникалык азчылык өкүлдөрүн он беш пайыздан кем эмес санда киргизиши абзел. Бирок алардын тизмедеги катар ордуна карата жайгашышы мыйзамда так аныкталган эмес. Ошондуктан мындай абал көпчүлүк учурда партиялардын көз боёмочулугуна шарт түзүшү мүмкүн дешет серепчилер.

БШК мүчөсү Эрик Ирискулбековдун айтымында, этникалык азчылык өкүлдөрүнүн партиялык тизмедеги позициялары алардын жалпы жыйналышында каралат жана аны өзгөртүү саясий кеңештин өзүнүн эркинде болушу мүмкүн:

- Тизменин алдында турабы, ортодобу же артындабы ал жагы мыйзамда так көрсөтүлүп жазылган эмес. Болгону партиялык тизмеде этникалык азчылыктардын өкүлдөрү кодекстин талабы боюнча он беш пайыздык көрсөткүчтөн төмөн болбошу керек. Андай болгон учурда БШК партиялардын тизмесин кайтарып берүүгө укуктуу. Бул жолу мына ошондой чен өлчөмдү бузган он бир партиянын тизмелери боюнча эскертүү бердик. Ошондон кийин гана алар оңдоп алып келип тапшырышты.

Салыштырып караганда саясий партиялардын тизмелеринде этникалык азчылыктардын өкүлдөрү он беш пайыздан жыйырма үч пайызга чейин киргизилген. Айрым саясий партиялардын Кыргызстанда жашаган, көп сандуу этникалык топтордун алдыңкы өкүлдөрүн өздөрүнө тартуу менен алардын электоратына таасир этүү аракети байкалат. Муну айрыкча ишкер чөйрөдө аттары белгилүү жана капчыктуу инсандарга тизмедеги алдыңкы орундардын ыйгарылышынан көрүүгө болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG