Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

Кара пиарлардын кармашы кайда алып барат?


"Ата Журт" партиясынын кеңсеси жайгашкан имарат алдындагы нааразылык, 6-октябрь.
"Ата Журт" партиясынын кеңсеси жайгашкан имарат алдындагы нааразылык, 6-октябрь.

Парламенттик шайлоо күнү жакындаган сайын саясий күчтөрдүн ортосунда бирин-бири каралоолор жана доомат коюу аракеттери күч алууда. Мындай көрүнүштөрдүн натыйжасы өлкөдөгү жалпы саясий кырдаалга таасир этип, чыңалууну жаратпайбы деген суроо коомчулукту түпөйүл кылууда.

“Ата Журт” партиясы Камчыбек Ташиев Лейлек районундагы шайлоочулар менен жолугушууда мурдагы президент Курманбек Бакиевди кайрадан алып келебиз деп айткан эмес деп эсептейт.

Атаандаштардын чабуулу, же айтылган сөз - атылган ок

Ошондой эле мындай иш-чалардын атаандаштары аркылуу партияны каралоо максатында жасалгандыгы белгиленди. Буга чейин Коомдук телеканалдан жана башка маалымат каражаттарынан Камчыбек Ташиевге түспөлдөш адамдын шайлоочулар менен жолугушуу учурунда жердешчилик сезимдерге ойногон сөздөрү көрсөтүлгөн.

Аталган партиянын шайлоо штабынын башчысы Садыр Жапаров аталган жолугушууну чагылдырган тасманын толук бөлүгүн камтыган далил материалдар сыналгыдан көрсөтүлө тургандыгын убада кылды:

- Бул материалды дасыккан журналист жана пародист монтаждаган. Мына көз каранды эмес эксперттин бүтүмү колубузда турат. Материал монтаждалып, Камчыбек Ташиевдин үнүнө окшоштуруп жасалгандыгы жана аны тиешелүү каралоочу материалга киргизилгендиги аныкталып отурат. Биз аны жарыялаган телеканалдардан сурасак, бул материалды интернеттен алдык дешти. Биз ошол жолугушууну чагылдырган түп нуска видеотасманы убакыт беришсе эртең сыналгыдан бүт өлкөгө көрсөтөбүз.

Мындан улам “Мекен шейиттери” уюмунун мүчөлөрү 6-октябрь күнү “Ата Журт” партиясынын баш кеңсесинин алдына келишип, түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан. Алардын көпчүлүгү 7-апрелде аянтта окко учкан адамдардын жакындары болушкан. Өз ара келишпестиктин натыйжасында партиянын имаратынын ичине кирип барышкан адамдар, анын ичинен документтерин, үгүт кагаздарын алып чыгышып, өрттөп жиберишкен болчу.

“Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев бул мезгилде укук коргоо органдары чагымчылдыкка жол берген деп айтыптады:

Камчыбек Ташиев
- Биздин кеңсеге кол салып жатышканда ошол жерде кырктан ашуун милиция кызматкери турушкан. Алар ошол жерде бейбашчылык аракеттер орун алган учурда бир да адамды токтотушкан эмес. Ошол эле учурда алар бир адамды да кармап, жаңжалды басууга аракет кылышкан эмес. Ошондуктан бул окуяга укук коргоо органдарынын кандайдыр бир деңгээлде катышы бар деп божомолдосо болот.

Анткен менен башкы прокурор Кубатбек Байболов “Ата Журт” партиясынын имараттынын алдында бейбаштык кылган деп шектелген “Мекен шейиттери” уюмунун мүчөлөрүнө карата кылмыш иши козголгондугун белгиледи.

Ошол эле учурда Кубатбек Байболов “Мекен шейиттери” коомдук уюмунун түшүндүрмө бергиле деп келишкен мүчөлөрүнө карата аталган партиянын штаб башчысы Садыр Жапаровдун айткан жообу аларды козутуп жиберген деп эсептейт:
Кубатбек Байболов

- Ал жерге ичи тызылдап, көксөөсү суубай турган 7-апрелде каза болгон адамдардын жакындары чогулгандыгы жана алардын ачууга алдырган аракеттери түшүнүктүү болсо керек. Бирок алар менен имараттын алдында жолугушкан Садыр Жапаровдун “силердин балдарыңарды убактылуу өкмөттөгүлөр аттырган, ошолорго барып жообун алып алгыла” деген олдоксон сөзү чогулгандарды кыжырлантып жиберген. Болбосо ал жерге баргандар башында түшүндүрмө берүүнү талап кылып турушкан экен.

“Шайлоону үзгүлтүккө учуратышат” деген сөз чындыкпы же ойдон чыгарылган оюнбу?

Мындан мурун шайлоого катышып жатышкан үч партияны каралаган гезит нускаларынын таркатылышы боюнча аталган партиялардын жетекчилери кайрылуу жасашкан. Анда кайсы бир партиянын пайдасы үчүн алдыда күтүлүп жаткан шайлоону үзгүлтүккө учуратуу жана аны февраль айына жылдыруу боюнча чагымчыл аракеттер даярдалып жаткандыгы айтылган.

"Ата Журт" партиясынын кеңсеси жайгашкан имарат алдындагы нааразылык, 6-октябрь.
“Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев орун алып жаткан чагымчыл аракеттер мына ошондой максаттар менен байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдойт:

- Биздин атаандаштар ар түрдүү чагымчыл аракеттерге барышып, өздөрүнүн саясий каршылаштарын каралап жатышат. Муну менен шайлоону үзгүлтүккө учуратуу же токтотуу аракеттери байкалып жатат. Биз шайлоону таза, мыйзамдын чегинде, акыйкат жана адилеттүү өткөрүүгө милдеттүүбүз. “Ата Журт” партиясы ар кандай чагымчылдыкка алдырбайт жана элди көчөгө алып чыгууга барбайт.

Анткен менен расмий бийлик органдары мындай билдирүүлөр менен макул эмес. Алардын айтымында, шайлоого аттанып чыккан да, өтмө учурдун өкмөтүнүн курамы да, саясий күчтөрдүн да эч кимиси кандайдыр бир чагымдарды уюштуруу аркылуу шайлоону жылдырууга кызыкдар эмес.

Шайлоонун коопсуздугу камсызбы?

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов алдыдагы шайлоону коопсуз жагдайда жана өз учурунда өткөрүүгө толук шарттар бар деп эсептейт:
Марат Иманкулов

- Шайлоо мурдагыга караганда таза жана өз мөөнөтүндө өтөөрүнө менин үмүтүм чоң. Албетте жанагындай коркунучтар болбой койбойт. Анткени коңшулаш өлкөдө абал тынч эмес. Ошондой эле июнь айында болгон окуядан кийин кантип коркунуч жок деп айта алабыз. Бирок ошондой коркунучтардын алдын алууга бардык даярдыктарыбызды жасадык. Бөтөнчө укук коргоо жана күч органдарын тиешелүү техникалык жабдуулар жана адам ресурстары менен камсыздадык. Бардык аймактарда штабдарды түзүп, иштеп жатабыз.

Бир катар шайлоого катышып жатышкан саясий партиялар мындан мурун саясий өнөктүк учурунда бирин-бири каралоого жол бербөө жана шайлоону коопсуз өткөрүү демилгелери менен чыгышып, өз ара жигитчилик милдеттемелерди алышкан болчу.

XS
SM
MD
LG