Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:42

Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Азыркы мезгилге карай бюллетендердин 90% ашууну саналып бүттү. Анын жыйынтыктары боюнча “Ата журт” партиясы алдыда баратат. Беш партия 5% босогону аттап өттү. Дагы бир партияда мындай тосмодон өтүү мүмкүнчүлүгү сакталып турат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымдоосуна караганда, саат 11 жарымга карай “Ата журт” партиясы 229 миңден ашуун шайлоочунун добушун алып, 8.67% менен биринчи орунда баратат. Андан кийин Социал-демократиялык партия 214 миңге жакын шайлоочунун добушун алып, пайыздык катнашта 8.08% болуп, экинчи орунда баратат. Үчүнчү орунда “Ар намыс” партиясы баратат. Феликс Куловдун партиясы ошону менен 191 миң добуш алган. Өмүрбек Бабановдун “Республика” партиясы төртүнчү орунда. “Ата мекен” партиясы бешинчи орунда. Бул партиялар 5% босогодон өттү.

Бул партиялардан сырткары “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 125 миң шайлоочунун добушун алып, 5% босогодон өтүүгө 17 миң добуш жетпей турат. Бирок бул партиянын негизги электоралдык облусу болгон Ош облусунда протоколдордун 75%дан ашууну саналып, дагы 90 миңге жакын добуш саналбай турат. Ошондуктан “Бүтүн Кыргызстанда” өтүү мүмкүнчүлүгү сакталып турат.

Айрым маалыматтарга караганда, азыркы мезгилде 5% өткөн партиялар ортосунда коалициялык өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүлөр башталды.

Адистердин эсеби боюнча, ушул беш партия гана 5% босогодон өткөн бойдон калса, анда “Ата журт” партиясы 29 мандат, КСДП 26 мандат, “Ар-намыс” 23 мандат, Республика 23 мандат, “Ата мекен” партиясы 19 депутаттык орунга ээ болот.

Күчтөрдүн мына ушундай жайгашуусуна жараша “Ата журт”, “Ар намыс” партиясы бир жээк, “Ата мекен” жана КСДП партиясы бир жээк болуп, ортодогу “алтын бала” Өмүрбек Бабановдун “Республика” партиясы болууда. Эки тарап тең “Республика” партиясы өзүнүн тарабына алып, коалициялык өкмөттү түзүүгө аракеттенүүдө. Бирок белгилей турган нерсе, "Республика" партиясы Кремлдин колдоосун алган партиянын бири. Ошондуктан ал жактан кандай ишаара болоору да өзгөчө мааниге ээ. Москва болсо "Республикага" "Ар намыс" турган жакты көрсөтөөрү турган иш.

Булардан сырткары эгерде “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 5% босогону аттап келсе, анда күчтөрдүн жайгашуусу дагы өзгөрүүсү мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG