Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

“Бүтүн Кыргызстан" БШКга нааразы


"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров.

"Бүтүн Кыргызстан" БШК беш пайыздык чекти кескин көбөйтүп жибергенине нааразы болуп, сотко кайрыла турган болду.

"Бүтүн Кыргызстан” партиясы 10-октябрдагы добуш берүүдө БШКнын маалыматы боюнча 145 миң 455 шайлоочунун добушун алып, БШК буга чейин белгилеген 5% босогодон өттү. Бирок ошол эле БШКнын сайтында “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 4.84% добушка ээ болду деген көрсөткүч турат.

Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган шайлоочулардын тизмесине 2 млн. 852 миң 751 жаран киргизилген. БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова 0.5% жана 5% тосмолор жөнүндө 10-октябрга чейин түшүндүрмө бергенде, партиялар 5% босогодон өтүш үчүн 142 миңге жакын добушка ээ болууга тийиштигин белгилеген. Бирок БШКнын төрагасы Акылбек Сариев кошумча тизмелерге байланыштуу 5% босого 150 миң добушка жакындап барганын 12-октябрда билдирди.

Партия лидери Адахан Мадумаров 5 пайыз чектин кескин көбөйүп кетишине байланыштуу азыр сотко документтер даярдалып жатканын белгиледи. Ал азыр аталган партиянын тарапкерлери нааразылык акцияларга даярданып жатышканын, бирок лидерлер аларды токтотууга аракет кылып турушканын айып, бирок бул акциялар көзөмөлдөн чыгып кетиши ыктымал экенин эскертти.

Эгерде талап мына ошондой болуп өзгөрсө, анда “Бүтүн Кыргызстан” партиясы парламентке кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.
Партиянын лидери Адахан Мадумаровдун билдирүүсүнө караганда, БШК саясий буйрутманы аткарып, анын партиясын парламентке киргизбөө үчүн кошумча тизмелерди ойлоп тапты.

Талдоочулардын баамында, “Бүтүн Кыргызстандын” мурда белгиленген 5% босогодон өткөнүн моюнга алуу- бул коалициялык өкмөт түзүүдө азыркы бийликке олуттуу кыйынчылыктарды алып келиши ыктымал. Анткени “Бүтүн Кыргызстан” “Ар-намыс” жана “Ата Журт” партиялары менен коалиция түзүп кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп калышы толук ыктымал.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын четтетилиш мүмкүндүгү партиянын айрым тарапкерлерин нааразылык иш-чарага чыгуусуна алып келди. Партия өкүлдөрү азыркы мезгилге карай Жалал-Абат, Ош жана Баткен облустарында шайлоочулар чогулуп, өздөрүнүн нааразычылыктарын билдирүүгө камданып, алардын айрымдары Ош-Бишкек жолун жабууну көздөп жатышканын билдирүүдө. Бул арада Ош шаарында партиянын миңге чукул тарапкери нааразылык акциясына чыкканы кабарланды.

Таш-Көмүр шаарынын мэри Мамадали Кулдышев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын аймактагы тарапкерлеринин арасында Бишкек-Ош жолун тосуу боюнча сөз жүрүп жатканынан кабардар экенин, бирок жергиликтүү бийлик жол тосууга жол бербей, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет жасаарын бүгүн "Азаттыкка билдирди.

Анын айтымында, шаарда аталган партия 11,62 пайыз добуш алган жана мындай нааразылыкка негиз жок. Мэр азырынча шаарда кандайдыр бир адамдардын чогулуусу байкалбаганын кошумчалады.

Аксы районун акими Кадыркул Өмүрбеков да "Бүтүн Кыргызстан" аймактан 14,49 пайыз добуш алганын, райондо партия тарапкерлери нааразы боло турган жагдай жоктугун айтты.

Президенттин маалымат катчысы “Бүтүн Кыргызстанга” байланыштуу маселелерди кароо БШКга тийиштүү экенин билдирүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG