Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:07

Шайлоо жыйынтыгы качан чыгаары белгисиз


Бишкектеги бир добушканадан көрүнүш, 10-октябрь.
Бишкектеги бир добушканадан көрүнүш, 10-октябрь.

БШК төрагасы Акылбек Сариев партиялардан шайлоонун жыйынтыктарын сурап, шаштырбай турууну өтүндү.

Ошентип, расмий жыйынтык качан чыгаары белгисиз бойдон калды.

Айрым партия өкүлдөрү БШКнын протоколдордогу айырмачылыктарды текшерүүсүн демократиянын бир көрүнүшү катары сыпатташса, кээ бирлери жыйынтыктын кечеңдеши өлкөдөгү кырдаалды курчутуп, митингдердин көбөйүүсүнө шарт түзөт деп чочулоодо.

Шайлоо өттү, бирок жыйынтык жок

Бишкекте өткөн “Мыйзамдуулук – коопсуздуктун кепили” деген аталыштагы талкууда шайлоонун расмий жыйынтыгынын кечеңдеши башкы маселе болду. Талкууга шайлоодо ат салышкан партиялардын дээрлик бардыгы, президенттик администрация башчысы Эмилбек Каптагаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Мурат Иманкулов баштаган бийлик жана жарандык коом өкүлдөрү катышты.
Бишкектин бир добушканасында бюллетендерди эсептөө алдында, 10-октябрь.

Эмилбек Каптагаев 10-октябрдагы парламенттик шайлоо акыйкат, административдик кийлигишүүсүз өткөнүн белгилеп, шайлоонун жыйынтыгын коргоп калууга чакырды.

- Шайлоо өттү, жыйынтык жок. Шайлоо жыйынтыгынын кечигип жатканы шайлоочуларды күдүк ойлорго салып атат, бардыгы бийликти күнөөлөшөт. Атайылап кармап атат деген сөздөр да бар. Мен бийлик эч нерсени кармаган жери жок деп айтат элем. Азыр деген протоколдорду салыштырып текшерүү жүрүп жатат, ошондуктан убакыт бир аз созулууда, мурда бир да жолу мындай болгон эмес, ошол үчүн тынчсыздануулар болуп жатат.

Шайлоо жыйынтыгынын кечеңдеши коомчулукту кыйла түйшөлтүп, түрдүү пикирлерди жаратканы менен БШК төрагасы Акылбек Сариев бардык протоколдор келип бүтүп, салыштырылып текшерилмейинче Боршайком расмий жыйынтык чыгара албасын айтып, кесе жооп берди. Маалыматка ылайык, учурда чет өлкөдө ачылган жети шайлоо бекетинин жыйынтыктары келе элек (Германия-4, Орусия-3).

- Биринчи каталарын оңдоп бүтөлү, документтердин баарын тууралайлы. Чет мамлекеттен протоколдор келсин. Азыр иштеп атабыз, каталарды текшерип, оңдогонго аракет кылып атабыз.

Жыйынтык созулушу эмнеге алып келет?

Талкууга катышкан партиялардын бул багыттагы пикирлери аларды эки жээкке бөлгөндөй болду. Бир тарабы шайлоонун жыйынтыгы кеч болсо да толук, так эсептелип чыгышы зарыл десе, экинчиси “элди дүрбөтпөй алдын ала жыйынтыктар бериле бериш керек” деген пикирди карманууда.

“Ата Мекен” партиясынын өкүлү Эркин Алымбеков БШКнын протоколдордун түп нускасы менен көчүрмөлөрүнүн салыштыруусун, өз алдынча тактоосун демократиянын бир көрүнүшү катары баалайт:
Оштогу көчмө добуш берүү, 10-октябрь.

- Мындан өтө деле чоң коркунуч жок. Болгону чет өлкөнүн атайын кызматтары же өкүлдөрү бизде болуп аткан демократиялык процессттерди жактырбай бут тосуп, чагымдарды уюштуруп жибербесе коомдун токтоолугу, акылдуулугу жана бекемдүүлүгү ушул жарым жылда көрүнүп атат. Парламенттик шайлоодо да согуш болот деген, Кудай сактап тынч эле өттү.

Анткен менен кээ бир партиялар жыйынтыктын кечеңдеши өлкөдөгү кырдаалды курчутуп, митингдердин көбөйүүсүнө алып келет деп чочулоодо. Маселен “Ар-Намыс” партиясынын мүчөсү Бөдөш Мамырованын айтымында, расмий жыйынтык жарыяланса коомчулук аарсындагы уу-дуу кептер азайып, митингдер басаңдамак.

- Албетте бул Кыргызстанда биринчи жолу болуп атат. Ошенсе да шайлоонун жыйынтыгын создуктура бериштин өзү коомчулукта жаман негитивдуү нерсени жаратып коюшу мүмкүн. Элдин үмүтүн жылдырбаш керек. Митингдер күндөн-күнгө күчөп атат, биринин артынан бири чыгып атат, атаандашкандай болуп. Эгер аймактарды козгоп алсак башкара алабган жагдайга келип калабыз.

Шайлоо жыйынтыгын чыгаруу мөөнөтү мыйзамда каралган эмес

Негизи мыйзам боюнча кандай? БШК расмий жыйынтыкты качан чыгарышы керек эле? Бул мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Мунун баары иштин көлөмүнө жараша болот. Адилет министри Аида Салянова шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу мөөнөтүн мыйзамда көрсөтүүнүн кажети жок деп эсептейт.
Бишкектеги бир добушканадан көрүнүш, 10-октябрь.

- Расмий жыйынтык чыккандан кийин БШК аны ММКларга эки жуманын ичинде жарыялаш керек. Ушуга мөөнөт бар. Ал эми жыйынтык чыгарганга мөөнөт каралган эмес.

Серепчилер жыйынтыктын кечеңдеши бир топ шектүү суроону жаратарын белгилешет. Мунун ичинде жогоруда белгиленгендей бийлик манипуляция кылып атат деген түрдүү пикирлер жаралып, элдин бийликке жана БШКга ишенбөөчүлүгү пайда болот. Ошол себептүү мындан ары деле убакытты созбой, болушунча эрте жарыяланганы туура дешет серепчилер.

XS
SM
MD
LG