Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Бул апта шайлоонун али чыгарыла элек жыйынтыктарына байланышкан нааразылыктар менен коштолду.

Бир апта бою “Бүтүн Кыргызстан” партиясы беш пайыздык босогодон өткөндүгүн тааныгыла деп көгөрсө, 7-апрель окуясынын жабырлануучулары шайлоонун жыйынтыктарын түп орду менен жокко чыгарууну талап кылышууда.

Ыңкылапчылар ыраазы эмес

7-апрелде Акүйдүн алдында окко учкандардын жакындарынан турган “Мекен Шейиттери” жана “Айкөл – Ала-Тоо” уюмдары шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабы менен чыгышты. Буга “Ата Мекен” партиясынын айрым мүчөлөрү тилектештигин билдирип, кошулушту. Анткени шайлоого чейинки сурамжылоодо көпчүлүктүн колдоосун сезип келген партиянын уткандардын этегинде калышы куйкасын куруштургандай.

7-апрелде окко учкандардын аянттагы митинги.
Анткен менен шайлоодо бешинчиликке илинген “Ата Мекендин” төрагасы Өмүрбек Текебаев жана беш пайыздык босогодон өтө албай калган “Ак шумкардын” лидери Темир Сариев шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын тааный тургандыктарын расмий жарыялашкан. Бирок бир аптага жетпей төрт жеңүүчү партия башчыларынын Кремлге чакыртылышынан соң, “Ата Мекен” шайлоодон кийинки алгачкы активдешүүгө өттү. Муну менен апрелдеги элдик козголоңдун башындагы ыңкылапчыл күчтөр “Ата Журт” партиясынын утушу менен макул эместигин айгинелешти.

Ыңкылапчыл саясий күчтөргө жакын деп эсептелген “Мекен Шейиттери” коомунун мүчөсү Турусбек Сагынаев мурдагы чиновниктердин кайрадан парламентке келишин тааныбай тургандыктарын жарыялады:

- Биз шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, “Ата Журтта” биздин балдардын курман болушуна түздөн түз тиешеси барларды сотко берип, алар соттолмоюнча жана кыргыздын 20 жыл канын соруп келгендерди люстрация мыйзамы менен тазаламайынча биз эч жакка кетпейбиз. Эл түшүнүп турат. Эмне алар кандын төгүлүшүнө себепкер болгондугу үчүн кайра келип, бизди кайрадан мурдагыдай башкарышы керекпи? Бул деген абсурд. Биз аларды бир күн да парламентке отургузбайбыз.

Сууга чөкпөс “суучулдар”

“Мекен Шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмелери дээрлик басымдуу бөлүгү мурдагы министрлерден жана “акжолчулардан” куралган “Ата Журт” партиясынын парламентке киришине каршы митинг учурунда кол топтой башташты.

Акматбек Келдибеков
“Ата Журт” партиясынын саясий кеңеши шайлоодо таза утуп чыккандыгын айтып, анын жеңишинен күмөн саноого негиз жок экендигин белгиледи. Ошол эле учурда аталган партия өзүнүн курамындагы, мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаеваны тизмесинен чыгарды.

“Ата Журттун” теңтөрагасы Акматбек Келдибеков бул чечимди партиянын атына коюлуп жаткан айрым дооматтар менен байланыштырды:

- Динара Исаеванын тизмеге киргизилиши бул биз ар бир аймактан талапкер тандаганда ошол жактагы лидерлер сунушташкандан улам келип чыккан жыйынтык. Анан элдин, аталган уюмдардын нааразычылыгынан улам Динара Исаева өзү тизмеден чыгуу боюнча арызын жазып берди. Биз аны БШКга тапшырдык. Данияр Үсөновдун жубайы эми биздин партиянын атынан депутат болбойт.

Жеңип алгандар эми парламенттик башкарууну “балталашабы”

19-октябрь мурдагы Жогорку Кеңештин имараты жайгашкан эски аянтта эки түрдүү максаттагы саясий топтордун митингдери менен коштолду. Алгач аянтка келген апрель окуясынын жабырлануучулары шайлоону жокко чыгаруу талабын улантышты. Алар бул жолу ыңкылаптын жеңишин коргоп калуудан сырткары, парламенттик башкарууга жол ачкан Баш мыйзамды сактап калуу маселесин көтөрүштү. Анткени шайлоодо жеңишке жетишкен “Ата Журт” жана “Ар-намыс” партиялары буга чейин күчтүү президенттик башкарууну калыбына келтирүүгө аракет болорун убада кылышкан.

Ал гана эмес бул тууралуу “Ар-намыстын” лидерлеринин бири Турсунбай Бакир уулу шайлоодон кийин президенттик башкарууга кайтып келүүгө жасала турган кадамдар туурасында сөз козгогон. Натыйжада парламенттик жана президенттик башкарууну көздөгөндөрдүн эки тарапка бөлүнгөндүгү көзгө урунат. Биринчидегилер шайлоодо утулушканы менен ыңкылапчыл күчтөр катары таасирин сактап калууга умтулуп жатышкандыгы менен өзгөчөлөнөт.

“Ата Мекен” партиясынын жактоочуларынын бири Раушана Бөрүбаева митингдин жүрүшүндө жаңыдан кабыл алынган Баш мыйзамды өзгөртүү коркунучу бар экендигин каңкуулады:

- Түндүк-түштүк деп бөлүнбөстөн жаңыдан кабыл алынган жакшынакай Конституциябызды коргоп калышыбыз керек. Булар бизди бөлүп-жарып ошону менен бийликте калууну ойлоп жатышат. Эмне үчүн Москванын көрсөтмөсү менен, ошолордун айтканы менен болушубуз керек. Кыргыз качан кул болду эле? Бирөөнүн айтканына кирбестен көзөмөлү күчтүү бийликти – парламенттик башкарууну коргоп калалы.

“Бүтүн Кыргызстандын” бүтпөгөн талабы

Эски аянттын экинчи тарабында турган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жактоочулары нааразылык митингин күчөтүштү. Алар партиянын беш пайыздык чекти багындыргандыгы расмий таанылбай турган болсо, чечкиндүү кадамдарга чейин барууга жөндөмдүү экендиктерин айтышты.

Адахан Мадумаров
Алтынчы орунда асылып турган бул партия беш пайыздык босогодон өткөндүгү аныкталса, коалиция түзүүдөгү оюндун шарттары кайрадан каралат. Анткени аталган партиянын өтүшүнө куштар болуп жаткан орусиячыл багыттагы “Ар-намыс” жана “Ата Журт” үчүн “Республика” партиясынын койгон шарттарын аргасыз аткарууга болгон муктаждык жоголот. Бул болсо өз алдынчалуулукту карманалы деген калган саясий күчтөрдүн четте калышына өбөлгө түзмөкчү. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өткөн-өтпөгөндүгү протоколдорду толук текшерип, күмөндүү деген участоктордогу бюллеттендерди кайра эсептеп чыккандан кийин гана аныкталарын ачыктады.

Аталган партиянын төрагасы Адахан Мадумаров мындай чечим менен макул эместигин айткан эле:

- “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын талабы бюллеттендерди кайрадан карап, эсептеп чыгуу эмес. Же болбосо кайрадан текшерип чыгыш эмес. Биз айтып жатабыз БШК 21-сентябрда өзүнүн атайын токтому менен аймактардан 0,5 пайыздык, ал эми жалпы республика боюнча беш пайыздык босогонун ченемин бекиткен болчу. Бул ченем 142 миңге жакын шайлоочунун добушу деп айтылган. Биз болсо 145 миңден ашуун добуш топтодук. Марафондун чегин ары бери жылдырбай биринчи айтылган чек калтырылышы керек. Биз ошону гана талап кылып жатабыз.

Текшерүүлөр аягына чыга элек

20-сентябрь күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү саясий партиялардын ыйгарым өкүлдөрүнүн катышуусунда расмий шайлоо протоколдору менен шайлоо участокторунан жөнөтүлгөн сейф-пакеттердеги протоколдорду салыштырып, текшерүү иштерине киришти. Жумушчу топ кезек-кезеги менен үч күндөн бери күнүнө он төрт сааттан иштеп жатат. БШК мүчөлөрү шайлоо протоколдору күмөндүү деп эсептелген шайлоо участокторундагы бюллетендер кайрадан эсептеле тургандыгын белгилешти. Мындай чечимди кабыл алууга алдын ала жыйынтыктарды чыгарууда аныкталган мыйзам бузуулардын орун алгандыгы себеп болгон.

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев акыр-аягына чейин текшерүү иштерин жүргүзүүгө айрым партиялардан түшкөн салыштыруу актылары негиз бергендигин кошумчалады:
Акылбек Сариев

- Кайра добуш санап же протоколдорду толук карап чыгуу үчүн негиз болуш керек. Биз алдын ала текшергенибизде протоколдордо чын эле каталар бар экен. Ошондуктан аталган каталары менен биз жыйынтык чыгара албайбыз. Андыктан толугу менен талдап карап чыгабыз. Сейф-пакеттерди өзүбүз деле ачып койсок болмок. Бирок айрым партия өкүлдөрү күмөн санабасын деген максатта алардын түздөн-түз катышуусунда толугу менен баштан аяк карап чыгалы деп чечтик.

Президент Роза Отунбаева беш пайыздык босогодон өткөн алдыңкы беш партиянын төртөөнүн лидерлерин кабыл алып, шайлоодон кийинки абалды талкууга алышкан. Бул жолугушууда шайлоонун жыйынтыгын үч күндүн ичинде чыгаруу маселеси көтөрүлгөн менен кайра текшерүүлөрдүн узактыгынан улам бул мөөнөт белгисиз убакытка жылдырылды.

Ошол эле учурда салыштырууга катышып жатышкан айрым партия өкүлдөрү туура эмес толтурулган, актай келген, мөөр басылбай, комиссия мүчөлөрүнүн колдору коюлбаган же болбосо айрым сандык каталары орун алган шайлоо протоколдору табылып жаткандыгын белгилешти. Мындан сырткары текшерүүдө протоколдордогу сандардын шайлоо күнү добушканалардан берилген маалымат торчолорундагы сандар менен дал келбөөчүлүктөрү чыга баштагандыгы далилденген.

Кайра шайлоонун карааны көрүнөт... көрүнбөйт?

“Адам укугу жана демократия” борборунун жетекчиси Идирисбек Кубатбеков текшерүүдө одоно мыйзам бузуулар табылса, ал айрым чөлкөмдөрдө кайра добуш берүүгө же шайлоонун жыйынтыктарын түп тамырынан бери жокко чыгарууга алып келиши мүмкүн деп эсептейт:

- Биринчисин кайрадан кайталап добуш берүү деп койот. Ал мыйзам бузуулар же шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүчү жагдайлар кездешкен болсо, аныкталган шайлоо участкаларында же белгилүү бир чөлкөмдө гана жүргүзүлөт. Эгерде шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир эткен мыйзам бузуулар орун алгандыгы далилденсе, анда карап чыгып мыйзамдын чегинде кайрадан шайлоолор жарыяланышы керек.

Анткен менен Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Сариев текшерүүнүн жүрүшүндө далилденген кемчиликтерди техникалык каталар катары мүнөздөп, алардын шайлоонун жалпы деңгээлине таасири азырынча жок экендигин тастыктады. Бирок буга чейин утулуп калган партиялардын башын бириктирген Улуттук Конгресс мыйзам бузуулардын деңгээли отуз пайызды түзө турган болсо кайра шайлоону талап кылууга мыйзам жол берерин айтышты. Мындан улам жеңүүчүлөр менен жеңилгендердин жана коалиция түзүүдөгү саясий күчтөрдүн ортосундагы баш-аягы көрүнбөгөн туңгуюк оюндардын уланышына өбөлгө түзбөйбү деген тынчсыздануулар орун алууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG