Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун cоту уланат


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Чүй облустук сотунан “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, бүгүн жабырлануучулар, күбөлөр көрсөтмө беришет. Аскаровдун соту 4-октябрда башталып, ар аптанын шейшемби күнүнө белгиленген.

Өткөн аптада судья Кыдык Жунушпаевдин ооруп калганына байланыштуу жараян болбой калган. Буга чейин Аскаров 2010-жылы июнь окуясында "улуттук кастыкты козуткан, жапырт башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан" деген айып менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган.

Быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып, бошотууну талап кылган. Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку cот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарган. Октябрда ишти Чүй облустук соту кароого киришкен. (NT)

XS
SM
MD
LG