Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Кулаган учактын “кара кутулары” Орусияга экспертизага жөнөтүлдү


Кыйраган учак.
Кыйраган учак.

Бишкектин четиндеги Дача-СУ конушуна кулаган “Боинг 747-400” учагынын эки “кара кутусу” экспертиза үчүн Орусияга жөнөтүлдү. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн өкмөт үйүндөгү басма сөз жыйында маалымдады.

Учактын бортунда 85 тоннадан ашуун жүк болгону, Гонконгдон Стамбулга баратканы, “Манас” эл аралык аэропортуна май куюу жана экипажды алмаштыруу үчүн конуп жатканы кабарланган. Бул маалыматты бүгүнкү басма сөз жыйынында өкмөт мүчөлөрү дагы бир жолу кайталашты.

Бирок ACT Airlines компаниясы учак күйүүчү май куюуга эмес, Кыргызстанга жүк жеткирүү максатында конуп жатып кыйраганын кабарлаган. Анын чоо-жайын аныктоо үчүн бүгүн парламентте депутаттык комиссия түзүлдү.

Учак Түркиядагы аталган компанияга таандык. Маалыматтарга караганда, буга чейин аталган компаниянын учактары Бишкекке 52 жолу жүк ташыган.

38 өмүрдү кыйган апаатты эл аралык комиссия да изилдеп жатат.

Апаат учурунда аталган айылда 130 адам болгону расмий кабарланды.(SE)

XS
SM
MD
LG