Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Пентагон: АКШ Сириядагы орусиялык аскерлерге багыт берген эмес


Сириядагы өкмөттүк күчтөр.
Сириядагы өкмөттүк күчтөр.

АКШнын Коргоо министрлиги орусиялык басылмалардын «Пентагон Орусияга “Ислам мамлекети” террордук тобунун Сириядагы согушкерлерине абадан сокку урууга багыт берген жана бомбалоо АКШ баштаган коалициялык күчтөр менен чогуу жүргүзүлгөн” деген маалыматын четке какты.

23-январда айрым орус мамлекеттик басылмалары Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме жасап "Вашингтон Хмеймим авиабазасындагы орусиялык күчтөргө Алеппонун эл-Баб районуна абадан сокку урууга багыт берүү үчүн “түз байланышын” колдонгон" деп жазып чыккан.

“АКШнын Коргоо министрлиги Сириядагы орусиялык аскерлер менен аба чабуулдарын координациялабайт” деп айтылат Пентагондун өкүлү Эрик Пахондун билдирүүсүндө.

Сирияда алты жылдан бери токтобой келаткан согушта Вашингтон менен Москва карама-каршы күчтөргө колдоо көрсөтүп келатат. Орус бийлиги Сирия президенти Башар Асадды жактаса, Кошмо Штаттар оппозицияга жардам берүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG