Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Кочкор-Атада ишкерди карактаган кылмыштуу топ кармалды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарында самсыкана иштеткен ишкерден акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, облустагы кылмыштуу топтун мүчөлөрү ишкерди ур-токмокка алып, 16 миң сомун тартып алган. Мындан сырткары 5 миң доллар салык салган.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында "Зама", "Акмал" атуу каймана аты бар кылмышка шектүү адамдар ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Экөө тең уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турат.

Уюшкан кылмыштуу топ жана анын лидерлерин каржылоо каналдарын табуу жана областтын аймагында уюшулган кылмыштуу топтун идеяларын колдогон адамдарды аныктоо үчүн тапшырмалар берилип, оперативдик иш чаралар улантылууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG