Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Төлөкан Исмаилова: Аскаровго карата сот өкүмү саясий чечим


Укук коргоочу Азимжан Аскаровго карата Чүй облустук сотунун өкүмү саясий чечимдин негизинде чыгарылды. Бул тууралуу Аскаровдун коомдук жактоочусу, укук коргоочу Төлөкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, сот өкүмү адилетсиз болуп, бийликтин тапшырмасы менен кабыл алынды.

“Бул жараян соттордун бийликке көз каранды экенин көргөздү”, - деди Исмаилова.

Буга байланыштуу Аскаровдун адвокаттары Жогорку Сотко кайрыларын кабарлашты.

Бүгүн Чүй облустук соту укук коргоочу Азиммжан Аскаровду күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча Базар-Коргон райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Ишти караган судьялар бул иш боюнча күбөлөрдүн, жабырлануучулардын көрсөтмөлөрү далилденип, Аскаровдун күнөөсү аныкталганын белгилешти. Аскаров бул өкүмгө макул болбой, бүгүнтөн тарта мөөнөтсүз ачкачылык жарыялай турганын айтып чыкты.(BkA/NT)

XS
SM
MD
LG