Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Жапаровдун тарапкерлери милициянын аракетине нааразы


Садыр Жапаровдун жактоочуларын кармоо учуру. 25-март, 2017-жыл
Садыр Жапаровдун жактоочуларын кармоо учуру. 25-март, 2017-жыл

Парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун тарапкерлери митинг учурунда кармалган адамдардын укугун бузду деп милицияга нааразы болушууда.

Тарапкерлердин бири, Ишен Курманакунов кармалгандардын айрымдарына өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөнүн "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, кармалып, милициядан токмок жегендердин арасында Садыр Жапаровдун эки баласы бар:

- Жапаровдун эки баласы кармалган, ортончу баласынын аты Рустам. Кармалгандар жүзгө жакын. Сабалгандарды түндө аябай кеч, бир топ убакыт өткөндөн кийин, токмок жеп, дем ала албай, такыр болбой калганда көрсөтүштү деп айтышты. Түндө саат 2лерде бирөөнү административдик айыппул менен кое берди. Азыр адвокаттар киришти. Ошолордон так маалымат алабыз.

25-мартта интернетте митингде кармалган балдардын токмок жеп, бети-баштары канап, көгала болгону, айрымдарынын ыйлап отурганы тартылган видео тараган. Анда сабалгандардын экөө Садыр Жапаровдун Рустам жана Ренат аттуу уулдары экени айтылган. ИИМ Жапаровдун балдарынын кармалганы боюнча маалымат такталып жатканын билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG