Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Талас: шайлоонун шайтан оюндары башталдыбы?


Кыргызстанда парламенттик шайлоо башталбай жатып аймактарда партиялар ортосунда нааразычылыктар күч алды. “Бийлик административдик ресурсту азыртадан эле пайдалана баштады” деген дооматтарды кабыл албаган Талас облусунун бийлик башчылары шайлоо тынч өтөрүнө ишенишет.

Талас шаарынын тургуну Эгенберди Сыдыков апрель ыңкылабынан кийин “эми көп нерсе өзгөрөт” деген үмүт менен жашап келет. Ал 10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо мурдагы добуш берүүлөрдөн айырмаланып, карапайым калктын көзөмөлүндө өтөрүнө жана жаңы бийлик эл алдында берген анттына туруп, административдик ресурсту пайдаланбарына ишенет.

- Мурда административдик жактан кысым көрсөтүлүп, эркин шайлоого тоскоолдукар болуп келген. Эми биздин үмүт – президент айым өзү “губернатор, акимдер, биз ушундайдан күйүп келгенбиз. Ал эми алдыдагы шайлоодо ошондой кысымды колдонсоңор биз силерге мыйзам жүзүндө чара колдонобуз” деп айтты. Бул жөнүндө ички ишер министри Байболовдун айтканы да өзгөчө: “оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” дегендей, биздин оозубуз күйүп келген, бул кайталанбаш үчүн мыйзам чегинде катуу жаза алынат” деди. 100 пайыз жакшы болот дегенден алыспыз, бирок мен жакшы болооруна ишенем.

Эгенберди Сыдыковдун үмүт-ишенимдери менен макул болбогондор да аз эмес. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Талас облусу боюнча төрагасынын орун басары Нурлан Бектуровдун айтымында, шайлоо башталбай жатып облуста айрым бийлик өкүлдөрү шайлоонун шайтан оюндарын баштагандай:

- Манас районунда Кууганды менен Үч-Коргон айылдарында биздин желектерди илдирбейт экен. Эмне себептен? Эй, “Ак жолдун”, Бакиевдин убагында илбедик беле. Азыр эмне болуп кетти? “Жок, илбейсиңер, “Ата мекендин” желеги илинет” дейт. Аким болсо биздин штабдагы желекти улам кишилерге айттырып отуруп “төр жагына илгиле, көрүнбөсүн” дейт. Бул административдик ресурс болуп жатпайбы! Минтип биз шайлоого бара албайбыз.

Манас районунун акиминин милдетин аткаруучу Азиз Маматов административдик ресурс тууралуу дооматтар бийликти жаманатты кылуу максатында жасалып жатканын ырастайт.

- Кечээги президент, губернатор, акимдердин кетирген кемчилигинен улам бул тарых кайталанып жатат. Ошону биз кайталабашыбыз керек деп биз ар бир жыйын сайын жетекчилерге жыйын болобу, жолугушуубу, базарларда, көчөдө өтпөстөн жыйын залдарды, стадиондорду уюштуруп беригиле деп айтып жатабыз. Ал эми жанагыдай желектер боюнча мамлекеттик ресурс колдонуп жатат деп акимдин же айыл өкмөтүнүн атын сатып жүргөн жетекчилер болсо бизге кайрылыңыздар, тартип коргоо органдар менен мыйзам чегинде жооп беребиз.

Партияларды жана алардын талапкерлерин каттоо жараяны 10-сентябрга чейин аяктап, ал күндөн тарта үгүт иштери башталышы керек. Борбордук шайлоо комиссиясына курултайларда бекитилген талапкерлер тизмесин жана тийиштүү документтерин 29 партия тапшырган. Башында шайлоого катышуу ниетин 57 партия билдирген болчу. Ар бир шайлоочунун добушу үчүн ат салышкан партия мында түрдүү ыкмаларды колдонушу да ыктымал. Ал эми шайлоочулардын өзүнө эмне керек? Алар алдыдагы шайлоодон эмнени күтүшөт? Анда алардын пикирлерине орун берсек.

Талас раойнунун тургуну Бакыт Кыдыгалиев:

- Ушул шайлоого атуулдук парз катары баарыбыз катышыбыз керек. Ресурстук күчтү бийлик колдонобу – колдонбойбу? Аны убакыт көрсөтөт. Бирок ушунча балдардын каны төгүлгөндөн кийин аны да караса болмок. Баарын убакыт көрсөтөр, адам болгондон кийин үмүт үзүлбөйт экен.

Талас шаарынын тургуну Айсулуу:

- Мен шайлоого барбайм, шайлоонун чын өткөнү болгон эмес, мында да чын өтпөйт.

Талас районунун Талды-Булак айылынын тургуну Бакай:

- Жакшы эле өтөт го буйруса, шайлоого барабыз.

Талас шаарынын тургуну Нурсултан:

- Бул шайлоо өтпөй калышы мүмүкүн же болбосо биз момундай иш кылабыз, элди көтөрөбүз деген сөздөрдөн алыс болушубуз керек.

Акыркы 10 жылда Таласта добуш берүүлөр бир кыйла ызы-чуу менен коштолот. Мисалы, 2000-жылы “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов Кара-Буурадагы ошол кездеги №44 шайлоо аймагынан Жогорку Кеңешке аттанып, бирок бийликтин куугунтуктоосуна кабылып, ошондон улам анын жактоочулары ачкачылык жарыялап, ооздорун тиккенге чейин барышкан.

2005-жылы парламенттик шайлоого болгон ат салышууда Бакай-Ата районунан талапкерлигин койгон Равшан Жээнбеков менен Жусуп Иманалиевдин ортосунда чыр чыгып, Жээнбековдун жактоочулары облустук акимчиликти басып алган.

“Айкөл атуулдук демилгелерди өнүктүрүү борбору” коомдук бирикмесинин өкүлү Бахтияр Камалдинов 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин өтө турган шайлоо таза болушу керек деген пикирде:

- Президентибиз Аскар Акаевди кубалап жиберген сабак болбой калган бизге. Ал эми бул 100гө жакын балдардын өмүрүнүн кыйылып кетиши, түштүктөгү коогалаңдуу окуянын баары бизге сабак болушу керек. Жөнөкөй адамдарга эмес, ошол саясатта жүргөн көрүнүктүү адамдарга сабак болушу керек.

Облус боюнча мурда 114 шайлоо бекети болсо, мында Талас районуна караштуу № 91 Ак-сай шайлоо бекети экиге бөлүнүп, 115 шайлоо участогу иштей турган болду. Ал эми шайлоочулардын тизмеси кайрадан акталып жатканын облустук шайлоо комиссиясынан маалымдашты.

XS
SM
MD
LG