Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Акыйкатчынын отчетун «Акжол» фракциясы укту


17-февралда «Акжол» фракциясы Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбек Акундун өткөн жылы Кыргызстанда адам укугунун сакталышы боюнча жылдык отчетун укту.

Акыйкатчынын айтуусунда, өткөн жылы укук бузуулар боюнча 12 миңге жакын адам кайрылган. Биртоп бейөкмөт уюмдардын катышуусунда тынч жыйын көчө жүрүштөрү боюнча мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр иштелип чыгып, ал Венеция комиссиясынын жактыруусуна ээ болгон.

Мыйзам бузуулар катталды, айтылды

Турсунбек Акун тынч жыйын, көчө жүрүштөрүн, нааразылык иш-чараларын өткөрүүгө ар бир жарандын укугу бардыгын эскертип, мына ушул укуктун сакталышы боюнча проблемалар арбын экенин белгиледи.

- Биздин граждандар кайрылып, акцияларды өткөрөлү деп түрдүү аракеттерди көрүштү. Алардын конституциялык, граждандык укугу. Бирок ошол Ысык-Көл облусунун айыл өкмөттөрү аларга каршы чыгып бербей коюшту.

Акыйкатчы энергия баасы тарифтер туура көтөрүлгөнүн, өкмөттүн мындай кадамын колдой тургандыгын ырастады. Т.Акун өлкөдөгү диний кырдаалга токтолуп, аны момундайча сыпаттады.

- Ноокат окуясын биз азыр сындап атабыз. Адам укугу тебеленди деп, андай окуялар бар. Кыйноо фактылар да болуп атат. Укугу тебеленди, көп кесилди. Бирок экинчи жагынан алганда Ноокаттагы жазалоо катуу болгондуктан, жакшы жазасын алгандыктан ошол “Хизбут-Тахрирлердин” арымы мурдагыдай болбой калды.

Тапшырма жакшы аткарылган эмес окшойт

Акыйкатчынын 2009-жылда Кыргызстанда адам укугунун сакталышы боюнча отчетун парламенттин вице-спикери Чолпон Баекова сынга алды. Т.Акун кенен баяндамасында бейөкмөт, адам укугу боюнча эларалык уюмдардын отчетторун шыгыратып тизип алганын белгилеп, айтылган мүчүлүштүктөрдү кийинки ишинде эске алышы керектигин айтты.

- Жанатан бери шашып келип бул жерден окуп түшүнбөй калганмынбы дедим. Отчетту кечээ эле кечинде алдым. Азыр бул жерде кыргызчасын, орусчасын салыштырып эмне үчүн мындай ахывалда болуп атам, сизге суроо берип атам? Кайсы тармактарда бизде азыр бизде проблема бар. Ошону айтсаңыз.

Акыйкатчы тынч жыйындарга чогулуу үчүн жергиликтүү бийлик жетекчилеринен уруксат алуу Конституцияга кайчы келерин ырастап, аны өзгөртүү боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип чыкканын белгиледи. Жаза өтөө жайларында укук бузуу фактылары арбын экендигине, тергөө амалдары толгон-токой мыйзам бузуулар менен коштолоруна токтолду.

Көргөнүм жок, укканым жок

“Акжол” фракциясындагы талкууда Акыйкатчы саясий укукка байланышкан дагы бир маселеге - өткөн жылы оппозиция өкүлдөрүнө каршы кысымдын күчөшү жөнүндө кеп кылган жок. Бийликке каш кайтаргандардын айрымдарын соттоп, калгандары кара башын калкалап чет өлкөгө качууга мажбур болушканы айтылбады.

- Мамлекеттин деңгээлинде саясий ачкачылык жарыялаганыбызда деле өзү бир келип кабар алганын көргөнүм жок. Тетиги Алай жакка деле чакыртып атышты эле. Ал жакка деле барып, кабар алып келгенин көргөнүм жок,- дейт Исмаил Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү, Бишкекте саясий ачкачылык жарыялагандардын бири Нурбүбү Кененбаева.

“Интербилим” коомдук борборунун жетекчиси Асия Сасыкбаева Турсунбек Акун Акыйкатчылыкка шайлангандан бери биртоп иштер жасалды деген пикирде. Анткен менен кийинки кездери Акыйкатчынын коомдук жаңырыктар жаратып жаткан саясий укукка байланышкан маселелерди кыйгап өтүп кетүүсү да байкалууда.

- Социалдык проблемаларды, социалдык укук, экономикалык укук жөнүндө сүйлөдү. Бирок саясий укуктар жөнүндө дегеле сүйлөгүсү келбегендей болду. Менин оюмча, ал саясий укуктарды да карашы керек. Ошол көйгөйлөрдү да көтөрүшү керек. Саясий куугунтукка кабылып түрмөдө отургандар канча. Ошолорду козгош керек болчу.

Адам укугунун сакталышы жагынан Кыргызстанда алдыга жылыш байкалбай, көпчүлүк көрсөткүчтөр боюнча артка кетип баратканы бул жааттагы бейөкмөт уюмдардын билдирүүлөрүндө эле ырасталбастан, эларалык уюмдардын кабатырлануусун жаратып келатканы көпчүлүккө жаңылык деле эмес.

XS
SM
MD
LG