Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:58

Структура түзүлдү, эми курамы аныкталат


Президент Роза Отунбаева өкмөт структурасы боюнча жардыкка кол койду.

Президент Роза Отунбаева өкмөт структурасы боюнча жардыкка кол койду.

Президент Роза Отунбаева өкмөттүн структурасы жана президенттин администрациясы жөнүндө жардыктарга кол койду. Ага ылайык өкмөттүн структурасы аныкталды жана президенттин администрациясы өкмөттүн аппаратынын базасында түзүлдү.

7-апрелдеги окуялардан кийин бийликке келген Роза Отунбаева башында турган Убактылуу өкмөттүн ишин буга чейин жалгыз аппарат тейлеп келген. Эми ал аппараттын негизинде президенттик администрация түзүлдү жана анын жетекчилигине Эмилбек Каптагаев дайындалды. Каптагаев буга чейин Убактылуу өкмөттүн аппаратын жетектеп келген.

Жаңыдан түптөлгөн президенттин администрациясы жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин өкмөттүн ишмердүүлүгүн дагы камсыз кылып турат. Жаңы өкмөт болсо, белгилүү болгондой, күзүндө боло турган парламенттик шайлоодон кийин түптөлөт.

Отунбаеванын жардыгы менен түзүлгөн өкмөттүн структурасы тууралуу сөз кыла турган болсок, ал 17 министрлик жана бир мамлекеттик комитеттен турат. Ошону менен Курманбек Бакиевдин учурундагы 14 министрликке бир нече министрликтер кошулду. Атап айтканда, жаштар министрилиги кошулду. Ал эми Суу чарба департаменти мамлекеттик комитетке, маданият боюнча агенттик министрликке айландырылды. Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги кайрадан жөнөкөй эле тышкы иштер министрлик болуп аталды.

Мындан сырткары өкмөттө жети мамлекеттик агенттик, алты мамлекеттик кызмат жана эки фонд болот. Ошондой эле өкмөттүн колунда “Кыргыз туусу”, “Эркин-Тоо” “Слово Кыргызстана” басылмалары кала берет.

Өкмөттүн курамы премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана министрлер, мамлекеттик комитеттен төрагасынан турат.

Өкмөттүн мындай структурасы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча жаңы өкмөт куралганга чейин иштеп турат.

Анткени 27-июндагы референдумда кабыл алынган конституцияга ылайык, өкмөттүн структурасын жана курамын парламенттик
шайлоодон кийин премьер-министр кызматына келген киши аныктайт. Ошондуктан жаны шайланган премьер-министр кандай структураны парламентке сунуштайт, ал белгисиз. Ал эмес келе турган өкмөт башчы да белгисиз.

Ага чейин өкмөттүн техникалык курамы түзүлөт. Ал эми Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кызматынан кете башташты. Маселен, кечээ күнү Өмүрбек Текебаев кызматынан бошотуу арызын жазып берди. Темир Сариев 14-июлда кызматынан кетерин 12-июлда билдирген.

Парламенттик шайлоого катышууга бел байлаган өкмөттүн калган мүчөлөрү да кызматынан кетише турганын буга чейин билдиришкен.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG