Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

Э. Каптагаев: Жаңы өкмөт таза адамдардан куралды


Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

Президенттик администрациянын башчысы Эмил Каптагаев азыркыдай шартта өкмөттүн курамы туура тандалды деп эсептейт.

- Президенттин администрациясынын жаңы түзүмү куралып бүткөнү айтылууда. Эми президенттин администрациясы менен өкмөттүн аппараты бир болобу, же экөө эки башка түзүлүп, эки башка милдет аткарабы?

- Азыр биздин өлкөдө президент дагы, өкмөт башчы дагы бир киши болуп аткандан кийин убактылуу өкмөттүн аппараты ошонун негизинде түзүлүп атат. Бул бир бүтүн структура катары каралат, бирок ичинде өкмөттүн ишин тескөөчү бөлүмдөр өзүнчө түзүм болот.

- Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы менен президенттин иш башкармалыгы дагы бириктирилет деген кеп бар, мындан канча киши кыскартылат жана аларды жумуш менен камсыз кылуу кандай чечилет?

- Иш башкармалыктар бириктирилбейт, бүгүнкү күнгө чейин кандай иштеп келсе ошондой иштейт. Анткени күзүндө Жогорку Кеңеш дагы, өкмөт дагы, президент дагы өз алдынча бийлик бутагы катары кала турган болгондон кийин биз ал структураларга эч кандай өзгөртүү киргизген жокпуз.

- Жогорку Кеңеш Ак үйгө көчөт президенттик администрация менен деген кеп бар, качан көчүрүлгөнү атат?

- Азыр жазгы окуядан кийин тазалап-оңдоо иштери болуп атат. Убактылуу өкмөт менен Жогорку Кеңеш Ак үйдө жайгашышы керек деген чечим бар.

- Жаңы бийликтин кадр саясатына нааразы болгондор көп. Мурдагы эле акимдер, мурдагы эле мамлекеттин акырынан жем жеген жетекчилер отурушат, эмне Кыргызстанда 2-3 тил билген профессионал жаштар, өз кесибин билген таза кесипкөй адамдар калбай калганбы деген эл арасында кеп бар. Буга кандай карайсыз?

-Мындай көз караш негизинен туура. Бирок бул көз караш туруктуу иштей турган бийликке көбүрөк таандык. Азыр болсо убактылуу бийлик, азыр техникалык өкмөт 3 айга түзүлүп атат, 3 айдын ичинде өлкө ичиндеги экономикалык-социалдык абалды туруктуу кармап турууга багытталган. Ошон үчүн азыр негизинен таза, артынан сөз ээрчибеген, өзүнүн ишин тың билген адамдарга токтолуп, ошолордон куралды. Менин оюмча, ушундай чукул кырдаалда, өткөөл мезгилде мындай көз караш, ушундай түзүм туура.

- Бүгүн «Форум» гезити “президенттик администрация жетекчиси Эмил Каптагаев пара алып, кызматка коюп жатат” деген имиш кепти таратты. Мунун канчалык чындыгы бар?

- Буга эл өзү күбө. Мени менен иштешип, мага жолугуп, мени менен байланышып аткан эл буга күбө болот деп эсептейм. Мындай маселени «Форум» гезитинин ыйманына эле коюш керек го дейм. Мен окуй элекмин, эгерде оройураак берилген маселе болсо, менин аброюма шек келтирген болсо, анда алар сот алдында жооп беришке тийиш.

- Хюман Райтс Уотч баш болгон эл аралык уюмдар, чет мамлекеттен келишкен делегациялар, мына кечээ күнү дагы АКШнын мамкатчысынын өкүлү дагы Кыргызстандын түштүгүндө адам укугу бузулуп жатат деген дооматтарды айтып атат. Бул боюнча эмне айта аласыз?

-Бул канчалык деңгээлде туура экенин сөзсүз түрдө комиссиялык жыйынтык көрсөтүш керек. Бул боюнча ар кандай уюмдардын өкүлдөрү иштеп атат. Бирок андай фактылар да болушу мүмкүн. Анткени жалпы жонунан мамлекеттик түзүм катары адам укуктары бузулган жок, бирок кээ бир адамдардын укуктарына карата укук коргоо органдарынан кыйырыраак, оройураак мамиле болуп калышы мүмкүн. Биз бул турмушта ар кандай болот, аны моюнга алыш керек. Бирок системалык түрдө жалпы укуктар бузулуп атат дегенге каршымын.

- Эмил мырза, 7-апрледе каза болгон азаматтардын жесирлери жөлөк пул ала албай атат деген маалымат бар. Алардын маселеси кандай чечилип жатат?

- Андай туура эмес. Бул бир гана үй-бүлөгө, жөлөк пул ала албай аткан келин никеге турганы боюнча каттоосу жок болгонуна байланыштуу. Каза болгон баланын жакындары менен келиндин ортосунда акча бөлүшүүдөн чатак чыккан. Ал чатак бүгүнкү күнгө чейин сотто каралып келатат. Калган үй-бүлөлөр боюнча маселелер өз убагында чечилген, маселе жок.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG