Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Жаңы-Өзөн курмандыктары эскерилди


Эскерүү 10-декабрда Жаңы-Өзөн шаарына жакын Теңге айылында болду. Иш-чараны “Оңдоп-бургулоочу иштер башкармалыгы” ишканасынын жамааты уюштурган.

Эскерүүгө мындан беш жыл мурунку козголоңдо курман болгондордун жакындары келишти. Аны уюштурууга ишкананын кесиптик кошуундар уюму 2,5 млн теңге бөлүп берген. Мындан тышкары карапайым жарандар да акчалай жардам беришкен.

2011-жылдын 16-декабрында Казакстандын батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылыш менен аяктап, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 16 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жаракат алган эле. Айрым саясатчылар Жаңы-Өзөндөгү бул кан төгүүнү Казакстандын көз карандысыздык тарыхындагы башкы окуя - "экинчи Желтоксон" деп баалаган.

XS
SM
MD
LG