Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Тарых барактары: 2005-жылдын ушул күнү


2005-жылдын 15-мартында президент Аскар Акаев элге кайрылып, сабырдуулукка чакырды
2005-жылдын 15-мартында президент Аскар Акаев элге кайрылып, сабырдуулукка чакырды

Мындан туптуура беш жыл мурда, 2005-жылдын 15-мартында Жалал-Абатта өткөн элдик курултайда президент Аскар Акаевдин кызматтан кетиши талап кылынды. Президент Аскар Акаев бул күнү элге кайрылып, өлкөдөгү саясий башаламандык бир ууч саясатчыларга гана керектигин, алардын ишине укуктук баа берилээрин айтып чыкты.


Элдик курултай президент Аскар Акаевдин кызматтан кетишин талап кылды


15-мартта Жалал-Абатта элдик курултай өтүп, аны Кыргызстан элдик биримдиги координациялык кеңешинин төрагасы Курманбек Бакиев ачты. Анын айтымында, курултайга Ысык-Көл облусунан сырткары өлкөнүн бардык региондорунан 701 делегат, анын ичинде 370 шаардык, айылдык кеңештердин депутаттары катышты.

Курманбек Бакиев шайлоонун мыйзамсыз өткөндүгү үчүн президент Аскар Акаев күнөөлүү экендигин айтып, мамлекет башчысын кызматтан кетүүсүн талап кылды. Курултай алдында Жалал-Абат облустук администрациясынын маңдайындагы президент Аскар Акаевдин портрети алынып салынды.

Курултайды уюштуруучулардын маалыматы боюнча, ага 17-18 миңдей адам катышты. Курултайдын катышуучулары өз талаптары аткарылганга чейин турууга ант беришти.

Президент элге кайрылды


15-мартта кечкурун президент Аскар Акаев шайлоого байланыштуу Улуттук сыналгы аркылуу элге кайрылды. Анда ал шайлоо кыргыз мыйзамдарына ылайык ачык, калыс жана демократиялуу өттү деп билдирип, добуш берүүгө көз салган эл аралык байкоочулар менен эл аралык уюмдарга ыраазылык билдирди. Президент кыргыз бийлиги шайлоонун мыйзам чегинде өтүүсү үчүн болгон аракеттерди көрүп, таймашта татыктуу талапкерлер жеңди деген бүтүмгө келгендигин жарыя кылды. Ошондой эле шайлоодон кийин өлкөнүн ар тарабында пайда болгон нааразылык аракеттери кечээ эле бийликти жактап жүрүп, бүгүн бет кабын алмаштырып, демократ болуп чыккан айрым саясатчылардын жетеги менен болуп жатат деп билдирип, элди алардын көкүтүүсүнө кирбей сабырдуу болууга чакырды. Президенттин айтымында, өлкөдөгү саясий башаламандык бир ууч саясатчыларга гана керек. Ошон үчүн канчалаган нааразылык митинггдер болбосун элдин тандоосуна эми башка баа берилбейт деген мамлекет башчы бардык башаламандыктар иликтенип, укуктук баа берилээрин, тийешелүү кишилер жазаланаарын билдирди.

Кыргыз оппозициясынын өкүлдөрү президент Аскар Акаевдин сынын четке кагып, аны же коомдогу кырдаал менен кабардар эмес, же болбосо ачык эле акыбалды бурмалап сыпаттап жатат деп айтып чыгышты.

Алайда да эл көтөрүлдү

15-мартта Алай районунда Марат Султановдун тарапкерлери нааразылык акциясына чыкты. Район борбору Гүлчө айылында беш миңдей, Сопу-Коргон айлында 7-8 миңдей шайлоочу чогулуп, мыйзам бузууга жол берилген №44 Алай шайлоо округунун алты шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну, Алай районунун акимин кызматтан кетүүсүн талап кылууда. Бул участоктордогу мыйзам бузуулар Алай округдук шайлоо комиссиясына берилет. Эгерде ал жерде канаатандырылбаса сотко кайрылабыз, деп белгиледи Арстан Эрматов.

Жөө жүрүшчүлөр Бишкекке келишти, арасында Турсунбек Акун жок

№33 Нарын шайлоо округундагы талапкер Ишенбай Кадырбековду жактап, Нарындан Бишкекке чейин жөө жүрүшкө чыккан беш аял 15-мартта борборго келишти. Алардын бири Жумагүл Мамытбекованын айтымында, алар азыркы бийликтин кетишин жана акыйкаттыкты талап кылып өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыкканы жатышат. Андан тышкары алар президентке, чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчиликтерине, Башкы прокурорго, ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнө кайрылуу жолдоп, анда өлкөдө шайлоо акыйкат өтпөгөндүгүн жана эл каалаган атуулдардын депутат болушун талап кылып жатышкандыгын жарыя кылышты. Шайлоонун биринчи айлампасынан кийин нааразы болгон атуулдардын 30дай өкүлү Нарын шаарынан 11-мартта Бишкекти көздөй жөө жүрүшкө чыгышкан. Алардын айтымында, тартип коргоо органдары менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү 13-мартта Нарын районунун Оттук жана Кара-Чий айылдарынын жанынан тосуп, шаарга кайрышып, алар менен келаткан Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акунду алып кетишкен. Жөө жүрүшчүлөрдүн Бишкекке жеткен беш өкүлү эми укук коргоочунун дайынын билдирүүнү талап кылып жатышат. Ал эми Турсунбек Акундун иниси укук коргочу 13-марттан бери дайынсыз экендигин билдирди.

Токтогулда Бишкек-Ош жолу буулду

Токтогул районунда №21 Токтогул шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан Токтосун Мадияровдун шайлоочулары 15-мартта Бишкек-Ош жолун бууп салышты. Маалыматка караганда, үч миңдей адам жолго чыгып, беш боз үй тигип, эки тарапка тең автоунааларды өткөрбөй жатат. Бул маалыматты Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы тастыктады. Бирок кишилердин саны беш жүздүн тегерегинде, Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт жолдорун министрлик да түнкүсүн ачып, күндүз жабууда. Бул көчкү коркунучунан жүргүнчүлөрдү сактоо максатында жасалууда, деп кошумчалады Эокология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Эмил Акматов. БШКанын маалыматы боюнча, Мадияров 13-марттагы шайлоодо экинчи талапкер Тайырбек Сарпашевге утулуп калган.

«Азаттык» радиосун колдоочулардын колу топтолду

«Азаттык» радиосу Кыргызстандын аймагында кайра уктурулуусун талап кылган кайрылууга 4 миңге чукул атуул кол койду. Аны «Азаттык» радиосун колдоо демилгелүү тобунун өкүлдөрү өлкөнүн Ысык-Көл, Талас, Жалал-Абат, Ош жана Баткен облустарынан чогултушту. Демилгелүү топ «Кыргызстандагы сөз эркиндиги» деген тема алдында 3-мартта өткөн форумда кабыл алынган чечимдин негизинде түзүлгөн. Кайрылуу эми АКШнын Конгрессине, АКШнын Кыргызстандагы элчилигине, ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнө жана кыргыз өкмөтүнө жолдонот.

ЕНЕМО: «Шайлоо эларалык талаптарга жооп берген жок»

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо эркин жана акыйкат шайлоо өткөрүү боюнча эл аралык талаптардын эң төмөнкү талаптарына да жооп берген жок. Мындай билдирүүнү 15-мартта өткөн маалымат жыйынында шайлоого байкоо жүргүзгөн уюмдардын Европалык тармактын байкоочулары жасашты. Алардын айтымында, тармактын байкоочулары 13-марттагы шайлоо маалында административдик ресурстарды ашкере пайдалануу, эл менен байкоочуларга басым көрсөтүү, үгүт жүргүзүү тартибин бузуу, жергиликтүү бийликтин кийлигишүүсү сыяктуу одоно мыйзам бузуулар менен өттү. Андан тышкары шайлоочуларды участкаларга автобус менен ташуу, добуштарды сатып алуу болуп, шайлоо начар уюштурулду деп баалашып, мындай баага негиз болчу фактыларды далилге тартышты. Шайлоого байкоо жүргүзгөн уюмдардын европалык тармагына мурунку СССРдеги жана Чыгыш Европадагы 16 мамлекет кирет. Кыргызстандагы шайлоонун эки айлампасына уюмдун 50 байкоочусу көз салган.

XS
SM
MD
LG