Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:52

А. Атамбаев: Конституцияны бузгандар Ак үйдө отурат


Бүгүн Балыкчы окуясы боюнча сот өкүмү чыгып, 4 киши 4 жылга, дагы 14 киши шарттуу түрдө 2-3 жылга кесилди. Сот ишине катышкан СДП төрагасы Алмазбек Атамбаев мындай өкүмдөн соң “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Алмазбек мырза, бүгүнкү сот өкүмү боюнча эмне айта аласыз?

- Эч кандай күнөөсү жок адамдарды сот 3-4 жылга кесип жиберди. Албетте, бул азыркы бийликтин Кудайдан дагы, мыйзамдан дагы, элден дагы, кыскасы эч кимден коркпой калганын далилдеп атат. Баарыңарды тебелейбиз, мына биз - Бакиевдер эмне кылсак ошону кылабыз, каалаган жерге өтүгүбүздү илебиз деген сөз бул. Сот төрт адамды төрт жылга кести. Алардын бирөөсү Жамгырчиеванын мурда баш коргоо чарасын өзгөртүп, абактан бошоткон эле. Эми Жамгырчиева сотто болгонун болгондой, чындыкты айткан соң эрегишип кайрадан каматтырып салды.
23-июль - президенттик шайлоо күнүндөгү Балыкчыдагы окуядан бир учур.
Сот өз добуштары үчүн күрөшкөндөрдү эркинен ажыратып отурат

- Бул окуя оппозицияга кандай сабак болду?

- Биз буга чейин Кыргызстанда шайлоо болушу мүмкүн, мыйзам болушу мүмкүн деп ишенчүбүз. Эми “Бакиевдер турганда эч кандай мыйзам болбойт, эч кандай мыйзамдуу жол менен күрөшсө болбойт” дегендер мүмкүн туура айтабы деген ойго келип атабыз. Анткени бул бүгүн дагы бир жолу далилденди. Өздөрүнүн добуштары үчүн күрөшкөн Жамгырчиевага окшогондор төрт жылга камалып атат. Анын болгон күнөөсү жанагы бюллетендерди ондон-жүздөн ыргытып алгандарды кармап калганы.

- Муну менен бийлик эмнеге жетишти?

- Муну менен бийлик - Кокон хандыгына алып барабыз, баш көтөргөндөрдүн баарын минтип камайбыз, же Ноокат окуясындагыдай кылып камайбыз, же Павлюкка окшотуп өлтүрөбүз деген сөз бул...
Эми күрөштөн башка жолубуз жок.

- Эми мындан аркы аракетиңиздер кандай болот?

- Эми күрөштөн башка жолубуз жок.
Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандарды сотко алып келүүдө. 4-сентябрь, 2009-жыл.

- Сот жообуна тартылгандар өздөрүнүн конституциялык укуктарын пайдаланып жогорку инстанцияларга арызданабы?

- Конституциялык укук деп айтайын десем, буларды Конституцияны бузганга аракет жасаган деп камап атат. Бирок Конституцияны бузгандар Ак үйдө отурат да. Ачык-айкын Конституцияны бузуп, Коопсуздук кеңешин таратып, Мамлекеттик катчыны жоюп, Конституцияга туура келбеген дагы бир топ нерселерди жасап, царларды Кыргызстанга хан кылгандар жетинчи кабатта отурбайбы. Бизде, Кыргызстанда 23-июлдагы президенттик шайлоодон кийин Конституция да жок, мыйзам дагы жок, демократия да жок... Менимче ушундай болуп баратат...

- Маегиңизге рахмат.

Тасмада: Балыкчы окуясы боюнча 24-ноябрдагы сот
Балыкчы окуясы боюнча сот
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:45 0:00
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG