Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Р. Дырылдаев: К. Бакиевден демократ чыкпасын 2005-жылы эле айткам


Адам укуктары боюнча кыргыз комитети да оппозициялык саясатчы И. Исаковдун камалышын кескин айыптаган билдирүү таратты. Учурда Венада жүргөн бул уюмдун төрагасы Р. Дырылдаев Кыргызстандагы адам укуктарына байланышкан жагдай боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Рамазан мырза, Кыргызстандагы соңку окуялар тарых кайталанып жаткандыгын көргөзүп жаткандай. Өзүңүз уксаңыз керек генерал Исмаил Исаков Бишкек гарнизондук сотунун чечими менен 8 жылга соттолду. Сиздин Кыргызстандагы айрым кесиптештериңиз, активисттер 2002-жылы ал кездеги оппозициячыл депутат Азимбек Бекназаров камалгандан кийинкидей болуп саясий ачкачылык акциясын башташты. Сиз алардын ушул аракетин колдойсузбу, сиз жетектеген уюм Исаковдун соттолушун кандай кабыл алды?
И. Исаков 8 жылга кесилсе, анда К. Бакиев уулун, бир туугандарын мамлекеттик жогорку кызматтарга койгону үчүн өмүр бою түрмөдө отуруш керек.

- Биздин уюм атайын билдирүү таратып, Исмаил Исаковду Бакиевдин режиминде сот 8 жылга кести, анда Бакиев өзүнүн уулун, бир туугандарын мамлекеттик жогорку кызматтарга койгондугу үчүн өмүр бою түрмөдө отуруш керек, кесилиш керек деп жаздык. Себеби Исмаил Исаков Кыргызстандагы эң мыкты патриоттордун, мыкты жетекчилердин, чынчылдык жагынан, тажрыйба жагынан да кыргыздын мыкты инсандарынын бири. Анан ошондой кишилердин баарын жок кылып, камап отурса, мураскер кылып баласын калтырып... Анан билдирүүдө мындай босо эң коркунучтуусу - Кыргызстан мамлекет катары жок болуп калышы мүмкүн деп көрсөттүк.

Эми биз дагы кыргыз эли үчүн күйүп-бышкан адамдардын баарынын жасап аткан аракеттерин колдойбуз. Мен ойлоп атам, 2002-жылы Азимбек Бекназаровду Акаевдин режими камап койгондо Аксы эли көтөрүлүп, бара-бара бүт Кыргызстан эли колдоп отуруп 2005-жылдагы окуя болду. Эми ошол Бакиев өзү менен бирге келген кесиптештерин, саясатчылардын баарын жок кылып, акырындап өзү өмүр бою бийликте калгысы келген аракет болуп атат.

- Сизге окшогон адам укугун коргоочулар, байкоочулар кийинки жылдары өлкөдө адам укуктарына байланышкан абал кескин начарлап кеткендигин бир ооздон белгилеп келе жатышат. Бирок мына ушул көрүнүштөргө карата соңку кездери ошол эле Америкадан, Европа Биримдигинен мурдагыдай реакция болбой калгандай туюлат. Эл аралык коомчулуктун көңүлүн ушул өңдөнгөн көрүнүштөргө буруу үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуз. Мисалы Европалык өнөктөштөр менен көптөн бери иштеп келе жаткан адам укугун коргоочу катары сиз мына ушул маалыматтарды аларга жеткирип жатасызбы?
Америка авиа базасын сактап калыш үчүн Кыргызстандагы демократияны коргобой, салкын карап жатат.

- Күнүнө ушундай маалыматтарды жеткирип жатабыз. 2001-жылы Америкада 11-сентябрда болгон окуядан кийин бүт дүйнө жүзүнүн үрөйү учуп, Европа менен Америка Афганистандагы талибандар менен күрөшүш үчүн Кыргызстанда авиа базаны ачкан. Талибандарды, террористтерди жеңебиз деген аракет менен, ошол авиа базаны сактап калыш үчүн мурункудай көбүрөөк басымдуулук кылбай, демократияны коргобой, жанагындай кичине салкын түрдө карап атканынын эң биринчи себеби ошол. Ошого карабай биз жеткизип жатабыз. Күндүр-түндүр айтып атабыз, жолуккан жерлерге барып атабыз.

- Freedom House деген эл аралык уюм көп жылдан бери эркиндик индексин жарыялап келет. Анын 2010-жыл үчүн баяндамасы шейшемби күнү жарыяланып, анда Кыргызстан бул ирет эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кошулуптур. Биздин өлкө бир кезекте жарым-жартылай эркин мамлекеттердин катарында эле. Акаев доорунун акыркы жылдарында кайра эркин эместердин катарына кошулган, 2005-жылкы ыңкылаптап кийин жарым-жартылай эркиндердин катарында эле, эми болсо кайра эркин эместердин катарына түшүптүр?

- Чындыгында Бакиевдин режими биринчи келген күндөн баштап эле эркин гезиттерди, эркин телекөрсөтүүнүн баарын жок кылганга аракет кылып, акыры жок кылбадыбы. Бирок булардын ыкмалары бөлөк болуп атпайбы, Акаевдин мезгилинде юридикалык механизмди колдонуп, сот аркылуу ири өлчөмдөгү айып салып күрөшчү. Бакиевдин заманында коркутуп, жок кылып, өлтүрүп атпайбы. Ошондуктан Бакиевтин заманында коркунуч жагы өтө оор ММКлар үчүн. Акаевдин заманы менен Бакиевдин заманынын ыкмалары эле бөлөк. Сабаган жолдорго өткөндүктөн мына Абдылдаевди сабап азыр ал Швецияда жүрөт, ошентип баарын кетүүгө мажбур кылып атпайбы. Алар жөнүндө жазгандарды жок кылып, тазалап атпайбы. Ошондуктан жанагыдай баа берилип атат.

- Бакиев бийлигинин дарегине бир топ сын айтып жатасыз, 2005-жылы колдоо көргөзгөндөрдүн арасында чын эле сиз жок белеңиз?
К. Бакиев демократияны түшүнбөгөн киши, ал эч качан демократ боло албайт деп мен 2005-жылы эле айткам.

- 2005-жылы мен жалгыз Бакиевге каршы чыккам, филармонияда биздин азыркы мыкты бейөкмөт уюмдар, Эдил Байсалов баш болуп форум өткөргөн. Мына ошондо мен жалгыз каршы чыккам. Бакиев деген демократия эмне экенин түшүнбөгөн киши. Акаевдин тарбиясын көргөн, ошол режимде өскөн, эч качан бул демократ боло албайт деп жалгыз мен айткам. Бул 2005-жылы филармонияда 1500 киши катышкан форумда айтылган сөз, андан кийин август айында курултай болуп ошондо да айткам, бул жарабайт деп. Бирок тилекке каршы ошол кезекте эч ким ишенбей туруп алды, ошентип элдин баарын алдап отуруп, акырын кошоматчылардын барын чогултуп алып, бир туугандарын бийликке койду, Акаев окшоп балдарын, кыздарын койгондой.

- Сиз азыр Венада экенсиз, Кыргызстанда иш жүргүзүүңүзгө, деги эле ал жерде жүрүүңүзгө, өмүрүңүзгө коркунуч жокпу?

- Мага да бир топ жолу кол салууга аракет болгон, былтыр октябрь айында машинам менен кетип баратсам, кечинде машинамды турган жеринен койуп качып кетишкен.

- Бул былтыр болгон окуялар да?

- Ооба, ошондой аракеттерди мага да жүргүзүшүп, менин кеңсеме да кат жазып жиберишкен.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG