Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Текебаевдин тарапкерлери УКМК алдына чогулду


УКМКнын алдына чогулган эл.
УКМКнын алдына чогулган эл.

Бишкектеги Улуттук коопсуздук комитетинин алдында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери митингге топтолууда. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, ал жерде азыр 200дөн ашык адам турат. Алардын арасында саясатчылар, мурдагы депутаттар, Текебаевдин партиялаштары, жактоочулары, жарандык активисттер бар. Митингдин катышуучулары Текебаевдин бошотууну жана оппозицияга карата куугунтукту токтотууну бийликтен, атайын кызматтан талап кылышмакчы.

Өмүрбек Текебаев 26-февралдын түнү Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга 48 саатка камакка алынган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Өмүрбек Текебаев муну "УКМКнын атайын уюштурган оюну" деп сыпаттады. Ал акыркы айларда президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп, ага импичмент жарыялоо демилгесин да көтөрүп чыккан. (NT)

XS
SM
MD
LG