Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

А. Маматисаева: “Исаковду орго салсам башкалар коркуп калат десе керек”


Анипа Маматисаева "Азаттыктын" кабарчысынын суроолоруна жооп берүүдө, Алай району, Гүлчө айылы.
Анипа Маматисаева "Азаттыктын" кабарчысынын суроолоруна жооп берүүдө, Алай району, Гүлчө айылы.

Сегиз жылга кесилген генерал Исмаил Исаковдун 86 жаштагы апасы Анипа Маматисаева Президент аны орго салсам, калгандары сөзүмдү эки кылбай калат, тилимди угуп, көзүмдүн агы менен тең айланып турушат десе керек, уулумду башкаларды коркутуу үчүн ак жеринен торго салды деп эсептейт.

- Анипа апа, амансызбы?

- Аманчылык балам.

- Дарыгерлердин катуу каршылыгына карабастан, сегиз жылга кесилип, аскердик генерал чининен ажыратылган уулуңуз Исмаилдин толук акталып, бошотулушун талап кылып, кыйла күн ачкачылык туттуңуз эле. Саламатчылыгыңыз кантип калды?


- Түзүк эле, Кудайга шүгүр.

- 8-март аялдардын эл аралык күнү эмеспи. Майрамды кантип тосуп атасыз?
Журт атасы болуп туруп кылдай күнөөсү жок үзөңгүлөшүн орго салганы уят иш...

- Бул майрам жалгыз меники эмес, жалпы элдики. Элим-журтум аман болсун! Мына, майрамды коштоп жаз дагы баш бакты. Ылайым жаздай көктөп, жаздай гүлдөп элибиз өнүп-өссүн! Майрамды майрамдай белгилеп, каалашынча ойноп-күлүшсүн! Ошого улай эле абакта камалып жаткан уулум дагы аман-эсен, жаздай жаркырап-жайнап эркиндикке чыгышын тилек кылам.
Анипа Маматисаева Гүлчөдөгү митингде, 2010-жылдын 6-марты.

- Жанагы митингде сүйлөп жатып айттыңыз го, «Кыргызстанда адам укугу, айрыкча, аялдар укугу көбүрөө тебеленип атат» деп. Эмнеге негизденип ушундай тыянакка токтолдуңуз?

- Аялзатынын укугу тебеленгени ушул да. Жакында энелердин пособиесин алып таштаптыр. Анан ушуга окшогон укуктары көз көрүнөө тепселенип... Андан башка не дейин, Акаевди, Акаевди дейм да кокуй, Бакиевди мынабул Алайдын клубунда менин уулум «Айланайын, эли-журтум, мени десеңер Бакиевди президент кылып шайлагыла! Ушул киши турмушту оңойт, жашообуз жакшырат» деп ынандырган. Анан ошондой мээнетин баалабастан, жакын досун, санаалашын камап олтурганы Бакиев үчүн уят иш. Наалат го айта албайм. Эми эл башкарган киши да. Кантсе да, падыша эмеспи. Ошентсе да, журттун атасы болуп туруп кылдай күнөөсү жок үзөңгүлөшүн орго салганы жүзү жоктугун бышыктап турбайбы. Ушунун өзү ага айтылган наалат. Менин башка сөз таппай турам.

- Демек, 8-мартты майрамдабастан, аялдар укугун коргоо күнү деп жарыялансын дегендерге кошуласызбы?

- Ошондой дешиппи? Мен аны уккан жокмун да. Жо-ок, андай пикирге кошулбаймын, кыскасы. Аялдардын ар дайым укугу болсун! Жаз майрамында кудум жаздай жадырап ойноп-күлүшсүн! Менин тилегим ушул.

- Ушул күнү өлкөдөгү, дегеле дүйнөдөгү аялзатына эмнелерди каалайт элеңиз?

- Аялдарга эң башкысы жалаң жакшылыктарды тилеймин. Энелик милдетин абийирдүү аткарышсын. Балдарына, жаштарга эне деген бир жагынан – түркүк, экинчи тараптан – жер. Жер кандай болсо, Эне ошондой. Ошон үчүн энелер жаштарды өндүрсүн, өстүрсүн! Жалаң жакшылыктарга үндөсүн! Айтаарым ушул. Жаз майрамын жаркырап, байчечекейдей бажырайып жүрүп белгилешсин. Укугун кимдир бирөөлөр тебелеп жатат дегендерге кошулбайм. Аялдардын укугу тээ Лениндин, Сталиндин доорунан бери, Совет заманы убагында да баркталып, бул күн майрамдалган. Кантип эле ушул салтанатты биз унутуп, ара жолго таштап коёлу. Айымдарга кайрылаарым: аялзаты майрамыңарды тебелетип-тепсетпегиле! Майрамдагыла, гүлдөгүлө, жангыла, бирок эч качан өчпөгүлө!
Бакиев да увазиринин эң кыйынын кестирип, калгандары коркконунан ушинтип отум менен кирип, күлүм менен чыгышсын деген ниетте Исмаилди сегиз жылга каматты.

- Президент Курманбек Бакиев аялдарды 8-март майрамы менен куттуктап жатып, айымдардын катышуусунда өлкөдө жашоо барган сайын көңүлдүү жана керемет болуп бараткандыгын белгиледи. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?

- Керемет болуп баратканы ушулбу? Минтип көзүбүздөн жаш, жүрөгүбүздөн от жанып турат. Анан мен ушундайда Бакиевге кошулмак белем. Элди каратып туруп алдап, кичине беш-он сомун тарата коюп, мындайча айтканда, илгери “калтар түлкү” деген болчу экен, кудум ошондой болуп калды азыр. Чындыгында, элди үгүттөп жүрүп уулум өзү шайлаткан. «Айланайын элим, мен десеңер, ушул Курманбек Бакиевге добуш таштагыла» деп атып. Акыры эмне менен бүттү? Ошентип ак кызмат кылган кишисин биринчилерден болуп жайлады. Мен муну мындайча ойлоймун. Илгери увазир дешчү эле. Бакиев да увазиринин эң кыйынын кестирип, калгандары коркконунан ушинтип отум менен кирип, күлүм менен чыгышсын деген ниетте Исмаилди сегиз жылга каматты. Муну атайылап, үлгү иретинде ошентти. Албетте, бул менин жеке оюм. Исмаил Исаковду орго салсам, калгандары сөзүмдү эки кылбай калат, тилимди угуп, көзүмдүн агы менен тең айланып турушат десе керек да. Падыша бүгүн баш ал десе бөрк алган заманды көксөп турат окшойт. Ооба, Курманбек Бакиевдин азыр жана мындан ары ушундан башка ою жоктой. Калганын эл өзү чечкени оң.

- Рахмат маегиңизге

XS
SM
MD
LG