Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Атамбаев Өзбекстанга барууга камынып жатканы кабарланды


Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Өзбекстанга барууга камынууда. Сапар алкагында маркум лидер Ислам Каримовдун Самарканддагы мүрзөсүнө зыярат жасайт. “Азаттыктын” өздүк булактары билдиришкендей, Атамбаевдин коңшу өлкөгө качан барары тактала элек, датасы аныкталууда.

Президенттик аппарат бул кабарды бышыктаган жок.

Өзбекстанда 4-декабрда өткөн президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёев жеңген. Атамбаев аны куттуктап, кыргыз-өзбек алакасы ийгиликтүү нукка өзгөрөт деп ишеним арткан.

XS
SM
MD
LG