Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

Аликбек Жекшенкулов бир айга камалды


Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго киши өлтүрүү кылмышына катышы бар деген айып угузулду. Аны баш коргоо чарасын өзгөртүп камактан чыгаруу жөнүндө өтүнүчтү сот четке какты. Оппозициячыл саясий ишмер 9-апрелге чейин Улуттук Коопсуздук кызматынын тергөө абагында кармалат.

Бүгүн Ички иштер министрлигинде ага расмий түрдө айып тагылганын анын адвокаты Нина Зотова билдирди:

- Жекшенкуловго “түрк ишкерин өлтүрүүгө катышкан жана тапанчасын мыйзамсыз түрдө башка бирөөгө берген” деген эки айып тагылды. Эң кызыгы качан, каерде тапанчаны бергени такталган жок. Кызыктын баары ушунда.

Адвокат мындан сырткары, Жекшенкуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды Биринчи Май райондук соту канааттандырбай койгонун билдирди. Бул боюнча депутаттардын кепилдиги болгонун да кошумчалады.

Зотова эртең эми Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу арызы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылмакчы. Эгерде андан майнап чыкпаса, Жогорку Сотко, андан да жооп болбосо, эларалык сотторго кайрылат.

Бүгүн Аликбек Женшенкуловдун соту болот деп Биринчи Май райондук сотунун алдында эрте мененки саат 10дон бери адамдар чогулуп турушту. Жалпысынан 100дөн 200гө чейин адам турду.

Алардын басымдуу бөлүгүн “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү, Жекшенкуловдун туугандары түздү окшойт. Андан сырткары, айрым башка укук коргоочуларды, саясатчыларды да кезиктирдик.

Сот иши өзү түштөн кийин саат бешке жакын башталды. Жарым сааттын ичинде сот аны 9-апрелге чейин Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө изоляторунда кармоо боюнча чечимин чыгарды.

Жекшенкуловду сотко алып келишкенде, анын тарапкерлери плакаттарын көтөрүп, аны колдоп турушту. Баштан эле оппозиция Жекшенкуловдун кармалышын саясий куугунтук катары баалап келатат.

"Эркиндик" партиясынын лидери, Саясий куугунттукка каршы комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиев муну ачык саясий куугунттук деп атап, ал азыр жалпы өлкө боюнча жүрүп жаткан саясий кугунттуктоолордун чети гана экенин айтты.

Ошондой эле Нина Зоотова бүгүн түштөн кийин А. Жекшенкуловдун тапанчасына жүргүзүлгөн баллистикалык экспертизанын жыйынтыгынын көчүрмөсүн ала алганын билдирди. Эми адвокат тапанчага экспертиза Кыргызстанда эмес, чет өлкөдө жүргүзүлүшү үчүн арыз менен кайрылат. “Орусияда жүргүзүлсүн деп өтүнөбүз”, - деди ал.

“Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкулов 9-март күнү кармалган. Аны 2007-жылы Таласта киши колдуу болгон түрк ишкери Сервет Четинди өлтүрүүгө катышы бар деген шек менен камакка алышкан эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG