Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Зайнидин Курманов ЖК төрагалыгына шайланды


Зайнидин Курманов парламентте сөз сүйлөөдө. 24-декабрь, 2009-жыл.
Зайнидин Курманов парламентте сөз сүйлөөдө. 24-декабрь, 2009-жыл.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында «Ак жол» партиясынын Саясий кеңеши тарабынан талапкерлиги көрсөтүлгөн депутат Зайнидин Курманов Жогорку Кеңештин төрагалык кызматына бир добуштан шайланды. Анын талапкерлигин добуш берүүгө катышкан 84 депутаттын баары колдошту.



Төрага шайлоо


Жыйын башында "Ак жол" фракциясынын башчысы Улукбек Ормонов фракциядан төрагалыкка Зайнидин Курмановдун талапкерлигин көрсөттү. СДП жана Коммунистер фракциялары да кечээки жыйынында Зайнидин Курмановдун талапкерлигин колдогонун айтып чыгышты. Ошентип ЖК төрагалыгына бир гана талапкер көрсөтүлдү.

Андан соң Зайнидин Курмановго сөз берилип, талапкер алдыдагы иш-максаттары тууралуу кыскача баяндама жасады. Ал парламенттин ачык-айкын болушу зарылдыгын, өлкөдөгү саясый-экономикалык процесстерден артта калбоону белгилеп, баардык ишти илимий негизге таянып жасоо менен илимге таянып реформа жүргүзүү керектигин айтты. Ошондой эле Жогорку Кеңеш өнүгүү стратегиясынын негизинде иш алып баруусу максатка ылайык болорун белгилеп, өнүгүү стратегиясын даярдап, депутаттардын талкуусуна алып чыгарын кошумчалады.

Талапкер ошондой эле орун басарлары баштаган 5-6 киши менен гана тыгыз иштешээрин, баары менен минтип иштеше албастыгын белгиледи.
Кыргызча эжелебей, так жана таза сүйлөгөнгө үйрөнүү керек.
Б. Акунов

ЖК төрагалыгына талапкер Зайнидин Курмановдун сөзүнөн кийин депутаттар суроо-сопкуту жок эле добуш берүүгө киришүүнү чечишти. Бирок анын алдында айрым депутаттар талапкерге каалоо-тилектерин айтышты.

Алгач сөз алган парламенттеги эң аксакал депутат Бейшебек Акунов (Коммунистер фракциясы) талапкерди жалпы депутаттар бир добуштан колдооруна ишеним артып, ЖК төрагасынын сүйлөгөн сөзү, баскан-турганы коомчулуктун көз алдында экенин эскертүү менен талапкерди эгер төрагалыкка шайланса сөзгө так болууга чакырды. Аксакал депутат муну менен Зайнидин Курманов буга чейин “Ак жолдон” башка эки фракциянын депутаттарын “токолдун балдары” деп туура эмес сүйлөп алганын, депутаттар бул үчүн кечирим суроону талап кылса ал кечирим сурабай, анын ордуна “Ак жол” фракциясынын ошо кездеги төрайымы Элмира Ибраимова кечирим сураганын эскертип өттү. Бейшебек Акунов мындан сырткары талапкерди кыргызча эжелебей так, таза сүйлөөнү үйрөнүүгө, шайланып калса акыйкат төрага болууга чакырды.

Талапкер Зайнидин Курманов болсо буга жооп кылып, күнөөсүн мойнуна алаарын, учурунда “токолдун балдары” деген сөздү башкача мааниде айтканын белгиледи.

Коммунисттер фракциясынын башчысы Исхак Масалиев болсо Зайнидин Курмановду керсейбей, жөнөкөй болууга чыкырды. “ Төрагалыктан жөнөкөй депутаттыка болгону он кадам. Сиз болсо эмитен эле көтөрүлүп, керсейип калдыңыз. Баарыңар менен эмес, 5-6 адам менен гана иштешем дейсиз. Тескерисинче, жөнөкөй болуп, ар бир депутат менен иштешүүгө даяр болушуңуз керек.”, - деди депутат Исхак Масалиев.

Каалоо-тилектерден соң депутаттар жашыруун добуш аркылуу төрага шайлоого киришти. Анын натыйжасында добуш берүүгө катышкан 84 депутаттын баары Зайнидин Курмановдун талапкерлигин колдоду. Ошентип Зайнидин Курманов бир жума мурда Баткен облусуна губернатор болуп кеткен мурдагы төрага Айтибай Тагаевдин ордун алмаштырды.

Зайнидин Курманов деген ким?

Тарых илимдеринин доктору Зайнидин Курмановдун ысмы кыргыз коомчулугуна асырэсе 90-жылдардын этегинде кеңири белгилүү боло баштаган. Ал ошол жылдары Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышынын Мыйзам чыгаруу жыйынына "Менин өлкөм" партиясы аркылуу депутаттыкка келген. Коомчулукта ал ошол кезде Үзөнгү-Куушту Кытайга берүүгө да салым кошкону айтылып жүрөт. Кийинчерээк, 2007-жылы "Менин өлкөм" партиясы "Ак жол" партиясы түзүлгөндө ага кошулуп, Зайнидин Курманов да бул партиянын тизмесинде парламентке келген.

Учурда кыргыз коомчулугунда Зайнидин Курмановдун ЖК төрагалыгына шайланышы боюнча ар кыл пикирлер айтылууда. Көпчүлүк аны Баткенге губернатор болуп кеткен буга чейинки төрага Айтибай Тагаевге салыштырмалуу билимдүү, илимдүү экенин айтышса, терс пикирлер да арбын.

Айталы, “Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев парламенттин төрагалыгына шайланган Зайнидин Курманов саясий өз алдынчалыгын көрсөтө албайт деп эсептейт.
З. Курманов буга чейин "сен мага тийбе, мен сага тйибейм" принцибинде келген. Балким эми билинбеген жаңы сапаттары ачылып калаар.
Ө. Текебаев

Анын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Зайнидин Курманов саясатта жаңы багыт баштайт деп айтуу эрте, анткени кандай болгон күндө дагы, ал “Ак жол” фракциясынын номенклатурасы бойдон калат. “Анын үстүнө буга чейин Курманов “сен мага тийбе, мен сага тийбейм” деген принципти карманып келген. Балким чоң кызматка келген соң мурда билинбеген жаңы сапаттары ачылып калаар”,- дейт Өмүрбек Текебаев.

"Ак шумкар" партиясынын төрагасы Темир Сариев болсо Зайнидин Курманов мыкты илимпоз болгону менен Жогорку Кеңеште ыкчам реформаларды жүргүзө алат деп айта албастыгын, парламенттин аброю түшүп турган маалда кандайдыр бир чоң өзгөртүүлөрдү киргизүү дээрлик мүмкүн эместигин белгилейт.

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде болсо, Зайнидин Курманов мыкты башкаруучу. Мурдагы спикер Айтибай Тагаевге салыштырмалуу интеллектуалдык дарамети дагы, билим деңгээли дагы жогору. Башка талапкерлердин ичинен эң оптималдуусу Курманов. Бирок ал парламентти көзөмөлдөп турган “Ак жол” фракциясынын өкүлү болгондуктан, парламентте системалуу өзгөртүүлөрдү жасаары арсар. Бирок Марс Сариев кантсе да мурдагыга караганда эми парламент жакшыраак иштейт деген ойдо.

Өмүр баяны

Зайнидин Курманов1955-жылдын 3-июнунда Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) туулган. Жогорку билимдүү. 1978-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1978-жылы Казакстандын Караганды шаарындагы Мамлекеттик медицина институтунда окутуучулуктан баштаган. 1979-1982-жылдары Кыргыз ССР Борбордук мамлекеттик архивинде улук археограф, архивист, бөлүм башчы болуп иштеген. 1982-1985-жылдары Москва шаарындагы СССР Илимдер академиясынын Тарых институтунун аспиранты. 1985-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тарых институтунун кенже илимий кызматкери болуп иштеген.

1985-1991-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда КПССтин тарыхы, саясый тарых кафедрасында иштеген. 1991-1992-жылдары КР ИИМинин Жогорку мектебинде укуктук сабактар кафедрасында улук окутуучу.

1992-1994-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору.

1994–1996-жылдары Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык Университетинин Ата Мекен тарыхы кафедрасынын докторанты, 1996-1997-жылдары «Кыргыз Инвестициялык финансылык корпорация» биргелешкен ишканасында бөлүм башчы болуп иштеген.

1997–2000-жылдары Кыргыз-Россия (Славян) Университетинин профессору,

2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты.

2005–2007-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин эларалык мамилелер факультетинин профессору.

Кыргыз, орус жана немец тилдерин билет.

1998-жылдан тартып тарых илимдеринин доктору, профессор. 20 монографиянын, 350дөн ашык макаланын автору. Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, өлкөнүн 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

2007-жылдан тартып Жогорку Кеңештин депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитеттин төрагасы болуп келген.

Үй-бүлөлүү, 2 баласы бар.

XS
SM
MD
LG