Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:05

Бүгүн пролетариаттын жол башчысы Владимир Ильич Лениндин туулган күнү. Кыргызстан коммунисттер партиясынын жер-жердеги мүчөлөрү бул күндү урматтоо менен эскеришип, анын эстелигине гүл чамбар коюшту. Айрым саясатчылар болсо Ленин пролетардык диктатуранын жаман түрүн орноткону менен дүйнөлүк тарыхта калганын айтышууда.

Бүгүн Кыргызстан коммунисттери партиясынын элүүгө чукул мүчөсү Бишкектин чок ортосундагы Лениндин эстелигине келишип, анын туулган күнүнүн урматына гүл чамбар коюшуп, эскерүү иш чарасын өткөрүштү.

Жыйырмага чукул жаш коммунисттерге партбилеттер салтанаттуу түрдө тапшырылды. Партиянын жер-жерлердеги мүчөлөрү дагы коммунисттердин жол башчысынын туулган күнүн белгилешти.

Кыргызстан коммунисттик партиясынын лидери Искак Масалиевдин айтымында, Владимир Ильич Лениндин жетекчилиги менен ишке ашкан Октябрь ыңкылабы кыргыз элин Үркүндөгү кандуу кырылуудан, жугуштуу илдеттен сактап калган.

70 жыл аралыгында республиканын өнөр-жайы, маданий-социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагы эбегейсиз өнүгүп-өскөн.

- Улуттук маселелер боюнча, республикалардын укуктары, улуттардын укуктары жөнүндө көптөгөн эмгектерин жазган. Ошонун негизинде Советтер Союзунда улуттук саясат жүргүзүлгөн. Мен ойлоп атам, Кыргызстанда революцияга чейин кыргыз эли кандай жашаган? Революциядан кийин 70 жылда кандай деңгээлге жеткени, бардыгы эле көрүнүп турат.

Исхак Масалиев белгилегендей, учурунда СССР мамлекетинин өнүккөнү жөнүндөгү 70 жылдык тарыхты, Лениндин өмүр жолун азыркы жаштарга жеткирип, андагы жакшы нерселерди бүгүнкү жашоо турмушка алып келүү зарыл.

Саясатчы Топчубек Тургуналиевдин көз карашында, Ленин СССРге пролетардык диктатуранын эң жаман түрүн калтырып кеткен.

- Ленин баштаган ыңкылаптын натыйжасында миллиондогон бейкүнөө адамдар кырылган. Орусиянын өзүндө эле Октябрь ыңкылабынын кесепетинен 1917-жылдан 1923-жылга чейин 5 миллионго чукул адам кырылыптыр. Граждандык согуш деп, Совет бйилигине каршыларды жок кылабыз, козголоңчуларды басабыз деп кырышкан. Ошол учурда 270 миң чиркөөлөрдү жок кылышыптыр.

Бишкек шаарынын тургуну Мурат Алиев болсо Лениндин идеялары менен осуяттарынын тарбиясында өскөнүн белгилеп, анын жасаган зор эмгегин кыргызстандыктар түбөлүккө унутпашы керек деп эсептейт:

- Менин оюмча, 1916-жылы көтөрүлүштөн кийин кыргыз эли жок болуп кетүү коркунучунда турган. Кытайга качып жан алакетке түшкөн кезде, 1917-жылдагы Октябрь ыңкылабынан кийин ушул Владимир Ильич Лениндин таза эмгеги менен кыргыздарды кайра мекенине кайтып келүүсү, мурунку орустарга тарттырып жиберген жердин баарын кайтарып берүү, отурукташтыруу ишке ашкан. Лениндин эмгеги кыргыз эли үчүн абдан зор!

Топчубек Тургуналиев Өктөбүр төңкөрүшү кыргыз элин 1916-жылдагы Үркүндө кырылып калуу коркунучунан сактап калганы, караңгылыкты жоюп, өнөр-жай курулушун өнүктүрүүгө зор салым кошкону менен Ленин түзгөн система терс таасир тийгизгенин белгиледи.

- 20-кылымдагы беш тукум куруттун төртөө ошол социализмдин башталышы менен байланыштуу. Кыргызды басмачы деп бир кырды, кулак деп эки кырды, «Туран» партиясын түзүп бөлүнгөнү жатат, улутчулдар, эл душманы деп дагы кырды. 37-жылдагы репрессияны айтпай эле койгон оң. Эң жаманы анын системасындагы орусташтыруу болду. Аз жерден тилибиз-дилибизди, салтыбызды жоготуп жибере жаздадык. Менин оюмча, Ленин дүйнөлүк тарыхта эң чоң авантюристтердин бири болуп калды.

Бишкек тургуну Замира Турусбекова болсо Лениндин идеясын колдоорун жана анын коммунисттик партиясы учурунда кыргыз аялдарынын укугун коргоп, гендердик саясатка жакшы көңүл бурганын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкени менен аялдардын көйгөйлөрүнө оңдуу көңүл буралбай келет.

В.И. Ленин түптөгөн бир партиялуу Коммунисттик партия жетектен СССР державасы коммунизм курабыз деп 70 жылдан ашуун өмүр сүрүп, 1990-жылдары кулаган. Анын курамындагы 15 республика, анын ичинде Кыргызстан көз карандысыз өз алдынча мамлекет болуп бөлүнүп чыгышты.

В.И. Ленин жөнүндө Бишкектин көчөлөрүнөн сурамжылоо жүргүзгөнүмдө улуу муун менен орто муундар анын өмүр-жолу жана идеяларын жакшы билишерин көрсөтүштү. Ошол эле учурда жаш муундар Ленин тууралуу кабарлары жок экен.

Орусиянын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери, Совет мамлекетин жана коммунисттик партиянын негиздөөчүсү Владимир Ильич Ленин (Ульянов) 1870-жылы (10) 22-апрелде Симбирскиде туулган.

1895-жылы Петербургда «Жумушчулар классынын боштондугу үчүн күрөш биримдигин» түзүүгө катышкан. Бул үчүн 1897-жылы кармалып Енисей губерниясындагы Шушенск айылына 3 жылга сүргүнгө айдалган.

1900-жылы чет өлкөгө кетип Г. В. Плеханов менен бирдикте «Искра» гезитин чыгарышкан. 1903-жылы большевиктер партиясынын жетектеп, 1917-жылы Октябрь революциясынын башында туруп Орус падышачылыгын тактан кулатып бийликке келет.

Бир партиялуу система түзүп, коммунисттик партиянын жетекчилигинде СССР мамлекетин түптөгөн. 1918-жылы анын өмүрүнө кол салуу болуп оор жаракат алган. 1924-жылы 21-январда каза болгон.

Лениндин тагдырындагы совет доорунда көмүскө калып келген жагдайлар (Өктөбүр ыңкылабы үчүн германдык капитализмден каржылык колдоо алганы, өмүрүнүн соңку айларында тарткан азабы, айымдарга мамилеси, ж.б.) Советтер Биримдиги кулаган соң гана ачык айтыла баштады.


Тасма: Кыргыз коммунисттер Лениндин туулган күнүн унута элек



Кыргызстандын коммунисттери Владимир Лениндин туулган күнүн анын Бишкектеги эстелигине гүлдесте коюу менен белгилешти. 2009-жылдын 22-апрели.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG