Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Адахан Мадумаров Кыргызстандагы саясий кырдаал, Конституцияга өзгөртүү киргизүү, бөлүштүргүч компанияларды сатуу, Исмаил Исаковдун камалышы жана башка маселелер боюнча "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: - Адахан мырза, Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан кеткенден кийин кандай иштер менен алек болдуңуз?

А. Мадумаров: - Бул суроого мен көп жолу эле жооп бергенмин. Кудайга шүгүр, бала-чака бар. Китеп окуу менен үйдө эс алдым. Мен жөнүндө ар кандай сөздөрдү жазышты. Мени бир жерлерге жумушка орноштурушту, алышты. Бул эми түшүнүктүү нерсе.

“Азаттык”: - Ушу ишке жайлануу боюнча, сизди “Бета сторес” компаниясы менен келишим түзүп, ошол жерде иштеп жатат деп айтылган эле...

А. Мадумаров: - Менин маалыматым боюнча, ошол аты аталган компания жазган журналистти сотко берген.

“Азаттык”: -
Демек бул чындыкка туура келбейт?

А. Мадумаров: -
Тап-такыр.
Биринчи Конституцияга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин мамлекеттик түзүлүштү ошол Конституцияга ылайык келтириш керек эле. Тилеке каршы, бизде азыр Конституцияда жок мамлекеттик органдар түзүлүп калды.

“Азаттык”: - Адахан мырза, анда саясий темага келсек. Мынабу өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөрдү кандай баалап жатасыз? Өзүңүз кайсы багытта иш жүргүзөйүн деген ойдосуз?
Президент Курманбек Бакиев башкаруу системасы кандай реформаланаары тууралуу билдирүү жасоодо. 20-октябрь, 2009-жыл.

А. Мадумаров: - Жагдайды кандай десек, ал Кыргызстанга таандык болуп келген жагдай. Реформа ал-бул деп айтып аткандардын баарын укуктук талаага киргизиш керек. Конституциянын чегинде иш жүргүзүш керек. Тилекке каршы, биз арабаны аттын алдына коюп алгандайбыз. Биринчи Конституцияга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин мамлекеттик түзүлүштү ошол Конституцияга ылайык келтириш керек эле. Тилекке каршы, бизде азыр Конституцияда жок мамлекеттик органдар түзүлүп калды. Эми ошону мыйзамдаштыруу аракеттери жүрүп жатат. Менимче бул туура эмес.

Мүмкүн өзүнүн оң жыйынтыгын бериши мүмкүн эле. Бирок ар кандай жакшы нерселерди мыйзамдын негизинде жүргүзүш керек.

Эми азыр Конституцияда жок мамлекеттик органдар чыгарган чечимдер кандай болот? Мен түшүнбөймүн...

Төрт жолу Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган мыйзамчы катарында да, саясатчы катарында да жүрүп аткан иштерге түшүнбөй турам. Мүмкүн жакшы ойду, жакшы багытты тандап аткандыр. Бирок ошонун баарын мыйзам чегинде жасаш керек эле. Биринчи Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, андан кийин мамлекеттик структураларды түзүш керек эле.

“Азаттык”: - Демек өткөн жылы 20-октябрдагы президенттин сөзүнөн кийин орун алган өзгөрүүлөргө чейин Конституцияга өзгөртүү киргизилип, андан кийин тийиштүү иштер жүргүзүлүш керек эле?

А. Мадумаров:
- Сөзсүз түрдө ошондой болуш керек эле. Мына азыр Мамлекеттик катчы деген Конституцияда жазылып турат, а Мамлекеттик катчы деген жок. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши деп жазылып турат, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жок. Конституцияда жок Мамлекеттик кеңешчи пайда болуп, ал иштеп жатат. Конституцияда жок Президенттин катчылыгы деген иштеп жатат. Кандайдыр бир чечимдерди кабыл алып жатат.
Борбордук өнүктүрүү агенттигинин укуктары абдан эбегейсиз. Бирок жоопкерчилиги эч бир жерде жазылган эмес.

Өкмөттүн ишин кайталаган Борбордук өнүктүрүү агенттиги да Конституцияда жок. Бирок ал өкмөттүн финансы, чарбалык иштерин жүргүзүп, акча каражаттары бүт ошол жерге жыйналып жатат. Бул органдын мүмкүнчүлүктөрү, укуктары абдан эбегейсиз. Ал эми жоопкерчилиги эч бир жерде жазылган эмес.

“Азаттык”:
- Бул борбордук агенттик парламент алдында да жооп бербейт...

А. Мадумаров: - Эч кимдин алдында жооп бербейт. Эч бир мыйзамда жок. Кайсы мыйзамдын, Конституциянын алдында жооп берет? Укуктарын карап отурсаңыз... Кагазга жазылбаган укуктары абдан чоң. Бирок эч бир жерде кымындай да жоопкерчилиги каралган эмес.

Бардык нерсе Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына ылайык жасалыш керек. Ар кандай кымын эткен мамлекеттик орган, бийлик дал ошол мыйзамдын негизинде куралыш керек. Анан мыйзамда жок нерселерди жасап алып, арабаны аттын алдына коюп алып чуркагандын кандай кажети бар.

“Азаттык”:- Адахан мырза, дал ушундай позицияңыз үчүн Ак үйгө жакпай калгандырсыз?...

А. Мадумаров: - Кээ бир маалымат каражаттары мына ушуну эми айтып жатабы дегендер бар. Мен муну 14 жыл бою какшап келгем. Азыр эски бийликти Нобель сыйлыгына чейин көтөргөндөрдүн баары төбөдө отурбайбы.

Эмнеси өзгөрдү? Мадумаровдун дарегине сын айткандар баягылар эле. Ошолор эле кыйкырып жатат.
Мен буларды Ак үйдө отурганда эле айткам. Ошонун жыйынтыгы - мен ал жерде жокмун...

Мен муну ошол жерде отурганда да айтканмын. Анан кандай жыйынтык чыкты дейт. Жыйынтык чыккандан бир белгиси ушул да, мен ал жерде жокмун. Ушул чоң жыйынтык да. Муну байкап турасыңар.

“Азаттык”: -
Мамлекеттик кызматкердин этикасына жараша ошол жерде өз убагында айтылган нерсе ачыкка мүмкүн чыкпай калгандыр?

А. Мадумаров: - Мамлекеттик кызматкердин этикасы, биринчиден. Экинчиден, ар бир адамдын өзүнүн маданияты болот. Мен дагы айта турган көп нерселер бар... Бирок ал маданияттуу түрдө болуш керек. Сөзсүз эле Ала-Тоо аянтына чыгып, катуу үн чыгаргычтар менен айтуунун кажети жок. Жыйынтыгы жок кыйкырык чуунун кимге кереги бар.

“Азаттык”: - Адахан мырза, Исмаил Исаковду Бишкек гарнизондук соту сегиз жылга эркинен, генерал-лейтенанттык наамынан ажыратты. Азыр Исаков УКМКнын абагында отурат. Сиз бул соттук өкүмгө кандай баа берип жатасыз?

А. Мадумаров: - Мен өтө терс баа берем. Болгондо дагы эч кандай күнөөсү жок адамды отургузушту. Бул боюнча Кыргыз Республикасындагы бир аз-бир аз сабаттуу укук коргоочулар же тартип коргоо органдарынын кызматкерлери билип эле турушат.

Исмаил Исаков сот чечими чыгаар алдында. 11-январь, 2010-жыл.
Бул туура эмес. Ошол батирди балаңа берип койдуң деп айыпташты. Ага Исмаил Исаковдун кандай тиешеси бар? Болгондо да өзү кызматта министр болуп отурганда кайра кайтарып берсе... Тескерисинче, миллиондогон зыяндарды келтиргендер жогору жакта отурушпайбы. Мен эми атын атабай эле коеюн. Алардын баары кыргыз элине белгилүү.

Мен башкы командачыга, президент Курманбек Бакиевге ишеним артам, эртеби-кечпи ак-карасын иликтеп чыккандан кийин, өзүнүн адилеттүү жыйынтыгын чыгарат. Ал Конституциянын кепили. Мен президент катары чыгарат деген жокмун, мен Конституциянын кепили катарында чыгарат деймин.

Тийиштүү кайрылуулар болуп жатат. Мен тараптан да кайрылуу болду.
Исмаил Исаков чөгөлөп калган кыргыз армиясын тикелеп койгон киши. Ага мынчалык кара ниеттик кылбаш керек...

Исмаил Исаков чөгөлөп калган кыргыз жоокерлерин тикелеп тургузуп, курсагын тойгузуп, кийимин кийгизип, казармаларын салып, офицерлерди үйлөргө киргизип койгон киши. Ага мынчалык кара ниеттик кылбаш керек. Бул өтө туура эмес. Исмаил Исаков, дагы бир жолу айтайын, кыргыз элинин мекен сүйүү боюнча эң алдыңкы мыкты инсаны, мыкты ишмери. Мен Исмаил Исаковдун ак экендигине кенедей да күмөнүм жок.

“Азаттык”: - Исмаил Исаков сөзү, саясаттагы позициясы, сиз айткан Конституциянын кепили деген кишиге жакпай, мына ошол үчүн учурда абакта отургандыр...

А. Мадумаров: - Эми, кандай десем, орустардын бир лакап сөзү бар го “падышаны вазирлер” жасайт деген. Азыр айлана-чөйрөдөгүлөрүн карап көрсөңүз, 2005-жылга чейин кайда эле ошол азаматтар? Алардын азыр да ошол жерде жүргөндүгү көп нерседен кабар берет. Бул азаматтар мурунку бийликти деле мактап-жактап, абдан туура кылып жатасыз, баарын жоготуш керек, тынчтыш керек дегендер. Азыр алар кайра эле ошол жерде отурушат.

Бери жактагы аналитикалык талдоо жүргүзүү жана башкаларды мен “пионерлерден үйү” деп атаймын. Ошол кириш-чыгыш документтерди жол-жобосу менен жасаганды билбегендер ошол жерге чогулуп алган.

Мамлекетти башкаруу бул өтө чоң илим. Өтө чоң илим. Менимче, бул жагынан да мезгили менен жыйынтыктар чыгып калат.

Жаштарды тарткан жакшы. Бирок ошол жаштар мамлекеттик түзүлүш эмне экендигин билсе, мамлекеттик тил эмне экендигин билсе, мамлекеттик каада-салт эмне экендигин билсе, мамлекеттин пайдубалы эмнеден куралаарын билсе, мамлекетте жашап аткан элдин көкүрөгүндө, аң-сезиминде, жүрөгүндө эмне бар экендигин билсе мен кош колдоп, колдоп берем. Бирок, тилекке каршы, гезиттен, кагаздан башканы билбегендердин баары ошол жерге жыйналып алып, президентке жардам берүүнүн ордуна зыян гана алып келип жатат. Аны күндөлүк турмуштан көрүп жатпайбызбы.

“Азаттык”:- Адахан мырза, Конституцияны өзгөртүү маселесине келсек. Азыр коомчулукта абдан талашты жараткан нерсе, президент ишин аткара албай калганда анын милдетин ким аткарат, ал кандай тандалат деген нерсе болуп жатат. Алгач президенттин милдетин аткаруучуну Президенттик кеңешме тандайт деп, ага Конституциялык сот каршы болуп, Мамлекеттик кеңеш түзүлө турган болду. Сиздин оюңузча, бул маселе кандай чечилиш керек?

Кыргыз Республикасынын Конституциясы
А. Мадумаров: - Бул маселе Конституцияда жазылгандай чечилиш керек. Мамлекеттик кеңеш жөнүндөгү органды мен Коопсуздук кеңеште иштеп турганда сунуш кылганмын. Бирок бул маселени (президенттин милдетин аткаруучуну тандоо) чечүү үчүн эмес, мамлекет алдындагы кандайдыр бир маселени ыкчам түрдө чечүү үчүн Мамлекеттик кеңеш керек. Кааласаңыздар, илгери партия мезгилиндей саясий бюро дегендей. Мына ошондой кеңеш түзүлүш керек деген кеңешимди бергенмин.

А президенттин милдетин ким аткаруусу - бул жети-сегиз киши чечип кое турган маселе эмес. Эгерде кандайдыр-бир жолдор менен айландырып, ороп, бир жеңишке жетишүүнүн жолу болгон болсо, менимче, ал азыркы Конституцияга карама-каршы келет.

“Азаттык”: - Адахан мырза, азыр экономика багытында да абдан чечүүчү учурлар болуп жатат. Кечээ күнү “Түндүкэлектро” сатылды деген кабар чыкты. Белгилей кете турган нерсе, “Түндүкэлектрону” сатып алганга үч компания катышты деп Мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул Бакиров билдирген болчу. Алар Россиядан, Казакстандан келген жана бизден “Спецэнерго” деген компания деп атаган. Азыр болсо бир маалымат чыгып жатат, ал тендерге “Чакан ГЭС” деген компания да катышып, ал жеңди деген кабар айтылды. Бул эми чак түштө будамайлап, чөнтөккө салуу эмеспи?

А. Мадумаров: - Сиз айтып жаткан маселе - эч жакшылыкка алып барбай турган маселе. Бул жалпы кыргыз мамлекетинин байлыгы. Биз ага 14 жыл бою каршы чыгып келгенбиз. Мен Жогорку Кеңеште төрага болуп турганда да өзүмдүн пикиримди кесе айтканмын. Улуттун байлыгы эч качан жеке менчиктин колуна тийбеш керек. Кыргызда, мусулманда жакшы сөз бар “эч качан жетим менен жесирдин акысын жебе” деген. Ошол эле компанияларда алардын да үлүшү бар. Алардын да чоң ата, чоң энелеринин акысы бар.

Эми ошолорду келе калып эле мойсоп, жанагы акылдуу улуттардын өкүлү болобу, башкасы болобу жутуп жатканы туура эмес. Бул туура эмес. Мунун баарын какшап айтып келатабыз. Мунун айынан азаптардын баарын чегишибиз да мүмкүн. Жабыр тартышыбыз мүмкүн.
Чындык кысылып, тыгылып ошол жерде чирип кетпейт. Бир күн болбосо бир күн жарк этип чыгат. Баары бир чыгат...

Бирок чындык кысылып, тыгылып, ошол жерде чирип кетпейт. Бир күн болбосо бир күн жарк этип чыгат. Баары бир чыгат. Ошондуктан мен экөөбүздүн маегибиздин башында айткандай, ар бир жасалып жаткан иш мыйзамдын, Конституциянын талаасында жасалыш керек. Тилекке каршы андай болбой аткан болсо, Жогорку Кеңештин депутаттары бар, өкмөт мүчөлөрү бар, башка саясатчылар бар, алар да айтыш керек. Мен өзүмдүн кыргыз атуулу катары жеке пикиримди айттым. Дагы да билдире беремин.

“Азаттык”:
- Адахан мырза, алдыдагы саясий максаттарыңыз, пландарыңыз кандай?

А. Мадумаров: - Биз экөөбүз бүгүн эле тааныш эмеспиз, көптөгөн жылдар бою таанышпыз. Дайым айтып келем, үмүтсүз жалгыз шайтан болот деп. Бул бир. Келечегибиздин кең экендигинен үмүтүм чоң. Мамлекетибиздин келечеги чоң. Өтө бай мамлекет болобуз деп айтып келгенбиз. Бирок, тилекке каршы, ошол байлыкты көрсөтүп баштаганда бутка чаап тургандардын саны көп болуп кеткендерди да көрүп жатабыз.

Менин бир урааным бар, билесиз да, “Каным, жаным жериме азык болсун, каруум элиме казык болсун” деген. Планым ушундай.

“Азаттык”: -Сизге чоң ырахмат, Адахан мырза.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG