Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Талас шаардык кеңешинин төрагасы бүгүн да шайланган жок


Талас шаардык кеңешинин төрагасы бүгүн да шайланган жок. Бул жолу «Республика-Ата Журт» фракциясынын үч депутаты шашылыш иштери чыгып калганын айтып, шайлоону кийинкиге калтырууну өтүндү.

Ага чейин аталган фракциянын өкүлдөрү «Мекеним Кыргызстан» жана "Айкөл" партиялары менен «Ынтымак» аталышындагы коалиция түзгөнүн жарыялап, төрагалыкка Аскарбек Шабданов аттуу депутаттын талапкерлигин колдоорун билдирген.

Ал эми КСДП менен "Кыргызстан" партиялары Адылбек Жусупбековду төрагалыкка көрсөткөн.

Шаардык кеңештин 18-январга белгиленген алгачкы жыйынына КСДП жана “Кыргызстан” фракцияларынын жетекчилери гана келгендиктен, жыйын 23-январга калган. Бүгүн депутаттар коалиция түзүп, төрага шайлашы керек эле.

2016-жылдын 11-декабрындагы шайлоодо Талас шаардык кеңешине беш партия өткөн. 31 депутатка 11-январда мандат берилген.

Төрага шайлоо эми качан болору азырынча белгисиз. (AlS)

XS
SM
MD
LG