Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:08

Кыргызстандык окуучу кыз БУУ жыйынында сөз сүйлөдү


Айтурган Жодошбекова БУУ жыйынында
Айтурган Жодошбекова БУУ жыйынында

Кыргызстандык окуучу кыз Бириккен Улуттар Уюмунда баяндама жасады. Чүйдүн Ысык-Ата районунун Жапаркул Алыбаев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Айтурган Жодошбекова Улуттар Уюмунун трибунасынан Кыргызстандагы кыздардын укугу тууралуу доклад жасаганын бүгүн Билим жана илим министрлигинен кабарлашты.

Гендердик зомбулук менен күрөшүү күнүнө арналган эл аралык жыйындын катышуучуларынын арасынан Айтурган эң кичүүсү болду.

Сүйлөп бүткөндөн кийин ага БУУнун мурдагы Башкы катчысы Пан Ги Мун келип, Кыргызстан үчүн сыймыктанарын, себеби бул өлкөдө адам укуктары корголорун айтып, ийгилик каалады.

Айтурган Жолдошбекова БУУ жыйынына «Кыргызстан кыздары» федерациясынын көмөгү аркылуу катышты. (RK)

XS
SM
MD
LG