Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Казакстанда ачкачылык жарыялаган мунайчылар сот жообуна тартылууда


Мангыстаудагы казак мунайчылары ачкачылык жарыялаган учур.
Мангыстаудагы казак мунайчылары ачкачылык жарыялаган учур.

Мангыстау облусундагы мунайчылардын ачкачылык акциясын жергиликтүү сот мыйзамсыз деп тапты.

5-январдан бери Казакстанда көз карандысыз профсоюз уюмдар конфедерациясынын жабылышына каршы чыгып жаткан жүздөгөн мунайчылар соттун жогорудагы чечиминен кийин нааразылыгын токтотууга мажбур болушууда.

Мунай курулуш компаниясынын 15 кызматкерине соттун 21-январдагы өкүмү менен коомдук жыйындар тууралуу мыйзамды бузган үчүн деп 135 доллардан 340 долларга чейин айып салынды.

Дагы ондогон мунайчынын иши сотто каралып жатат же каралуу алдында турат. Аларда сотто айыпка жыгылуусу мүмкүн.

Ал эми нааразылыкка чыккан мунайчылардын профсоюз лидерлери: Амин Элеусинов менен Нурбек Кушакбаев 21-январда камакка алынышкан. Алардын бири коомдук мүлккө кол салган, экинчиси мыйзамсыз ачкачылык акциясын уюштурган деп айыпталышууда. (UE)

XS
SM
MD
LG