Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Навальныйдын сотунда судьяны алмаштыруу сунушу четке кагылды


Алексей Навальный Кировдогу сот жараянда. 5-декабрь, 2016-жыл.
Алексей Навальный Кировдогу сот жараянда. 5-декабрь, 2016-жыл.

Мындай өтүнүчтү Киров шаарында жүрүп жаткан соттун 23-январдагы отурумунда орусиялык оппозициячыл саясатчынын адвокаты Светлана Давыдова келтирди.

Адвокат жүйө катары аларда ишти карап жаткан райондук сотко Москвадан Алексей Навальныйды жана аны менен чогуу айыпталып жаткан Петр Офицеровду айыптуу деп табууга көрсөтмө берилген деген маалыматтарды сот кызматкерлеринин өзүнөн угушканы менен негиздеди. Каржылык кылмыш жасады деп айыпталган оппозициячыл саясатчынын иши баштапкы өкүм бузулганына байланыштуу учурда кайра каралууда.

40 жаштагы Алексей Навальный “Кировлес” иши боюнча 2013-жылы беш жылга шарттуу кесилип, буга каршы Адам укуктары боюнча Европа сотуна чейин арызданган.

Европа соту быйыл жазда өкүм айыпталуучунун укугун бузуу менен чыгарылган деп тааныган. Ушундан кийин гана Орусиянын Жогорку Соту былтыр күздө өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген.

Алексей Навальный 2011-2012-жылдардагы нааразылык акциялардын лидери болгон. Андан бери президент Путиндин жанындагылардын коррупцияга малынганын күбөлөндүргөн бир нече баяндамаларды да чыгарды.

Навальный өткөн айда Орусиянын 2018-жылдагы президенттик шайлоосуна катышарын жарыялаган, бирок ал сотто кайрадан күнөөлүү деп табылса, мындай укуктан ажырап калышы да мүмкүн. (UE)

XS
SM
MD
LG