Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Кытайда төрөт көрсөткүчү рекорддук чекке жетти


Кытай 1979-жылы киргизилген "бир бала" саясатынан 2015-жылдын соңунан тарта баш тарткан.
Кытай 1979-жылы киргизилген "бир бала" саясатынан 2015-жылдын соңунан тарта баш тарткан.

Өлкөнүн Ден соолук жана үй-бүлөнү пландоо комиссиясы 23-январда жарыялагандай, 2016-жылы Кытайда 17,86 миллион бала төрөлдү. Бул - 2011-2015-жылдардын аралыгындагы орточо көрсөткүчтөн 1,4 миллионго көп дегенди билдирет. Расмий өкүлдөр муну “эки бала” саясатынын ийгиликтүү натыйжа бере баштаганы катары сыпаташууда.

1979-жылдан тарта “бир бала” саясатын кармап келген Кытай бул эрежеден 2015-жылдын октябрында баш тарткан. Буга саны кыскарып кеткен жумушчу күчү курамы карып бара жаткан калкты колдоого жетишсиз болушу мүмкүн деген тынчсыздануулар, эсептер түрткү берген эле.

Үй-бүлөнү пландоо комиссиясынын өкүлү Ян Вэнчжуандын айтымында, өлкөдө 2016-2020-жылдары бала төрөй турган курактагы аялдар саны жылына беш миллионго кыскарат, бирок Кытай төрөт көрсөткүчүн жылына 17-20 миллиондун тегерегинде кармоого үмүттөнүүдө.

Кытайда азыр калктын жалпы саны 1,3 миллиарддан ашат. (UE)

XS
SM
MD
LG