Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Исхак Масалиев эмнеге кармалды?


Исхак Масалиев. (2010-жылдын 27-апрелинде тартылган сүрөт.)
Исхак Масалиев. (2010-жылдын 27-апрелинде тартылган сүрөт.)

Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиев Улуттук коопсуздук кызматынын имаратынан кармалгандан алты сааттан кийин айрым партиялаштарынын басымы менен чыгарылды.

Ал өзүнүн кармалган себебин түшүнбөй калганын, кармоого негиз жок экенин айтып жатат. Ал эми Башкы прокутартура И. Масалиевдин апрель окуялары боюнча күбө катары көрсөтмө берүү үчүн кармалганын билдирүүдө. Ал бүгүн эртең мененки саат алтыга чукул Москвадан учуп келе жаткан жеринен “Манас” аэропортунан кармалган.

Коммуниcттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиевдин айтымында, ал мындан эки күн мурда Орусиянын Комунисттер партиясынын төрагасы Геннадий Зюганов менен жолугушуу үчүн Мосвкага барган. Ал Москвада мурдагы СССРдин Жогорку Кеңешинин төрагасы Анатолий Лукяновдун 80 жылдык мааракесине катышканын, Г.Зюганов менен мындан ары партиялык иштерди кантип алып баруу керек деген маселени, Кыргызстандагы кырдаалды сүйлөшкөн.

Исхак Масалиев мындан башка Орусиянын расмий бийлик өкүлдөрү менен жолугушпаганын кабарлады. Ал өзүнүн кармалышын негизсиз деп баалап жатат:

- Мени эмнеге кармаганын өзүм да түшүнбөй калдым. Эч кандай түшүндүрүшкөн жок. Бир-эки жолу чыгайын деп аракет кылдым, азыр прокурор келет деп уруксат берген жок. Эч кандай негиз болгон жок. Москвага эмне бардың, Г.Зюганов менен эмне жөнүндө сүйлөштүң деп сурашты. Чынын айтканда депутаттар кирип, мени күчкө салып эле алып чыгышты. Расмий түрдө, мыйзам чегинде чакырсаңар жооп бергенге даярмын деп чыгып кеттик.

Масалиев кармалган соң анын партиялаштары жана айрым башка партиянын өкүлдөрү да Улуттук коопсуздук кызматынын алдына чогулуп, Масалиевдин чыгарылышын талап кылышты. Чогулгандарга УККнын төрагасынын биринчи орун басары Марат Бекенов чыгып, И.Масалиевдин камалбаганын, ал Башкы прокуратуранын тапшырмасы менен кармалгандыгын билдирди.

Бирок Масалиевдин жактоочулары басым менен УКК имаратына кирип, партия төрагасын алып чыгышканын адвокат Кайрат Загибаев кабарлады.

- Аны эч ким чыгарган жок. Мен, депутат Алишер Сабиров, Роман Шин, Хажимурат Коркмазов дагы бир-эки жигиттер болуп, биз өзүбүз кирип алып чыктык.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиевдин кармалышы боюнча билдирүү таратып, анын 7-апрелдеги окуяларга байланыштуу ачылган кылмыш иштердин негизнде күбө катары суракка алууга Улуттук коопсуздук кызматына алынып келгенин белгиленген.

Түштөн кийин И. Масалиев өзүнүн кармалгандыгы жөнүндө журналисттерге маалымат берип, Жогорку Кеңештин 7-майда болгон жыйынында Убактылуу өкмөттү таануу боюнча сунуш болгонун, бирок тааныла электигин кабарлады. Ал коомчулукта айтылып жаткан үчүнчү төңкөрүштүн болуп кетүүсү толук ыктымал деген пикирин кошумчалады. Ошондой эле Мосвкада мурдагы спикер Зайнидин Курманов менен жолукканын, ал апрель окуяларынын кийин таратылган парламенттин айрым депутаттары чогулуп И.Масалиевди төрага болуп дайындашын кубаттаганын билдирди.

- Биз экөөбүздүн тең бирдей оюбуз бар. Азыркы Убактылуу өкмөт 40 күн өтсө деле өзүнүн турушун мыйзам жолуна салган жок. Ошондон улам калган чечимдери мыйзамга ылайык келбейт деген чечимге келдик. Бүгүнкү күндө бир гана легитимдүү орган - Жогорку Кеңеш. Президенттин кызматын тапшырууну Жогорку Кеңеш кабыл алыш керек. Жогорку Кеңештин төрагасы президенттин милдетин аткарыш керек.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын тарайымы Динара Ошуракунова Исхак Масалиевдин кармалышын жана башка айрым саясатчылардын негизи жок камалышына нааразы болуп, убактылуу бийлик мурдагы бийликтин иш-аракеттерин жазбай кайталап жатат деген пикирде:

- Кеткен бийликти мыйзамсыз кармап жатат деп кандай сынга алышчу эле. Өздөрү эле ушуну туурап атат. Бул чагымчылдык. 6-апрелде Темир Сариевди ошондой эле аэропорттон кармаганда ушул бийлик “камоо” деп айтышкан. Ал эми И.Масалиевди так эле ошондой кылып кармап, жөн эле чакырдык деп атышат.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин алдына Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жактоочулары митингге чыгышты. Алар “Нариман Түлеев тартипке алып келет“, “Н.Түлеевдей лидер бизге керек" деген сыяктуу жазуулар бар баракчаларды таратышты. Ошондой эле мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кармала электигине нааразы жаштар да ЖКнын жанына чогулуп, алар бул маселелерди тез арада чечүүнү Убактылуу өкмөттөн талап кылышты.

Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Фарид Ниязов "Азаттыкка" акция тынч өткөнүн, ал эми Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсалов убактылуу өкмөт өз милдеттерин үзүлтүксүз аткарып жатканын билдирди.


Исхак Масалаиев эмнеге камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:32 0:00

XS
SM
MD
LG