Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Апта: Медет Садыркуловдун акыркы сапары, оппозиция түйшүгү, ГЭСке сес


13-марттагы жол кырсыгынан күйүп кетти делген автоунаалар
13-марттагы жол кырсыгынан күйүп кетти делген автоунаалар

Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна каршы кошуналар ортосунда сүйлөшүүлөр жүрдү. Жол кырсыгында М.Садыркулов каза тапканы ырасталды. Президенттикке талапкерлер атала баштады.

Садыркуловдун акыркы сапары

13-мартта Аламүдүн районундагы Койташ айылына жакын жерде жол кырсыгы болуп, анда президенттик администрациянын мурунку башчысы Медет Садыркулов, президент алдындагы стратегиялык иликтөө институтунун мурунку жетекчиси Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов каза тапты деп кабарланган. Жол кырсыгында автоунаа жана андагы адамдар толук күйүп кеткендиктен алардын кимдигин аныктоо үчүн ДНК экспертизасы талап кылынган. Андай экспертиза 10-апрелде корутундусун жарыялап, жол кырсыгында Медет Садыркулов, Сергей Слепченко жана Кубат Сулаймановдун каза болгондугун ырастады.

Кыйын кезеңде президент Курманбек Бакиевге “өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк” болгон Медет Садыркуловдун жол кырсыгында каза
болгонуна ишенгендер аз. Анын парламенттеги пикирлештери да “Лексус 470” үлгүсүндөгү автоунаанын күйүп кетишине ишенбесин билдиришкен. Эми окуянын кандай болгонун парламенттик комиссия, андан сырткары Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлигинин биргелешкен комиссиясы иликтеп жатат.

Депутаттык комиссиянын акыйкатка жетүү мүмкүнчүлүгүнө карата суроого маркум Медет Садыркуловдун жакын пикирлештеринин бири, мурунку вице-премьер-министр Элмира Ибраимова мындай жообун берди:

-Сиз билесизби, мен үмүт кылам. Кандай болгон күндө да ал комиссияда биз үмүт арткан депутаттар бар. Куликова Галина, Сабиров Алишер, Абдулаева Чолпон, Тагаев Рашид. Биз алар принципиалдуулукту көрсөтүп, акыр аягына чейин териштирүүнү талап кылат деп ойлойбуз.Үмүт бар.

12-апрелде Медет Садыркуловдун сөөгү Байтик көрүстөнүнө коюлат. Анын үй-бүлөсү Медет Садыркуловду акыркы сапарга узатуу боюнча мамлекеттик комиссия түзүүгө каршылыгын билдирген. Мына ушул кадам менен Садыркуловдун жакындары анын өлүмүнө бийликтин күнөөсү бар экенин тастыктагандай болуп турат. Мындай ой жорууну Элмира Ибраимова туура деп белгиледи:

- Мен ойлоймун сиздер туура ой жүгүртүп жатасыздар.

Ибраимованын маалыматы боюнча, 12-апрелде саат 11:00 сөөк үйдөн чыгарылат. Жаназа окулуп, Байтик көрүстөнүнө коюлат. Ал жерге бийликтен мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу баш болгон өкүлдөр да бараары күтүлүүдө.

Өзүнүн келечектеги саясий иштерине токтолгон Элмира Ибраимова “Ак жол” партиясынын саясий кеңешин чакырып, анда өзүнүн оппозициялык Бириккен Элдик кыймылдын лидерлери менен жолугушуулары, позициясы тууралуу сүйлөшүүгө аракет жасаганын билдирди. Бирок ал аракетинен майнап чыкпай келатат. Мына ошондой жолугушуу болуп калса, партиялаштарынын реакциясына жараша ал өзүнүн чечимин кабыл алмакчы.

Оппозиция ой кучагында, бийлик курултай мөөнөтүн которду

Оппозиция жээгинде өтүп бараткан жумада бир жактуу эмес кыймылдар жүрдү. Бир жагынан “Асаба” партиясы Бириккен элдик кыймылдан чыгаарын жарыяласа, Амангелди Муралиев башында турган кыймылда да ошондой маанай бар экени кабарланды.

БЭКтен бирдиктүү талапкер катары көрсөтүлүш мүмкүнчүлүгү арткан Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев чет өлкөлөрдө сапарда жүргөндүктөн оппозиция бирдиктүү талапкерди көрсөтүү маселесин талкууну дээрлик токтотуп койду. Ал эмес Исмаил Исаковдон кийин БЭКтин дагы бир белдүү мүчөсү, “Ак шумкар” партиясы өзүнчө талпынып, өз лидери Темир Сариевдин талапкерлигин президенттикке көрсөтүүгө кирише баштады. Ал үчүн партиянын кезексиз курултайы чакырыла турган болду.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттикке коюп калыш ыктымалдыгын билдирди:


- Таптакыр эле эч ким чыкпай калса ойлонуп көрөбүз.

“Ата Мекен” партиясынын лидеринин мындай билдирүүсү кырдаалга жараша анын позициясы өзгөрөт, ал эми кырдаал келечекте сөзсүз өзгөрөт деген пикирлерди коомчулукта жаратты. Белгилүү болгондой Өмүрбек Текебаев оппозицияны бириктирүү максатында президенттикке өзүнүн талапкерлигин койбосун билдирген. Мына ошол билдирүүдөн кийин Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаевдин БЭК тараптан бирдиктүү лидер болуу мүмкүнчүлүгү арткан.

Ал эми Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов азыркы шартта оппозиция кимди чыгарбасын жеңишке жетише албайт деген пикирде:

- Оппозиция кимди чыгарбасын, кайсы бир мыкты жигитти, Кыргызстанды оңдой турган адамды чыгарган күндө дагы жол буулган.Ошондуктан эң биринчи максатыбыз жолду ачып алуу болуш керек. Будамайлоого жол бербей турган шартты түзүп, ошондой жолду ачып албасак, биз малдай болуп айдалып жүрүп, бүгүнкүдөй абалда кала беребиз.

Мына ушундай абалга байланыштуу шайлоо комиссияларын кайра түзүү демилгесин бир катар өкмөттүк эмес уюмдар көтөрүп чыгышты. Алар бул максатта президент менен жолугушуу үчүн да аракеттенүүдө. Бирок андан азырынча майнап чыга элек.

Ал эми бийликтеги “Ак жол” партиясынын лидерлеринин бири Табылды Ороазиев Борбордук шайлоо комиссиясында ар багыттагы адамдар бар деген пикирде:

-Бул маселе боюнча айтаарым, биз бекиткен БШКнын мүчөлөрү ар кайсы партиялардан, өкмөттүк эмес уюмдардан келген. Ал жагы
толук аткарылган. Мыйзамда БШК кандай куралышы так жазылган. Ал иш мыйзамга ылайык толук аткарылган деп ойлоймун. Анан кийин эле сөзсүз эле мен оппозиционермин, анан сөзсүз эле мен киришим керек деген доомат туура эмес болуш керек. Оппозициядан бөлөк деле жарандык коом бар да бизде. Алардын деле мүчөлөрү бар менин билишимче.

Борбордук шайлоо комиссиянын мурунку мүчөсү Жылдыз Жолдошева шайлоодо негизги маселе участкалык шайлоо комиссияларында чечилерин айтып, оппозиция ошол жакка көп көңүл буруш керек дейт:

-Шайлоодо негизги күч, шайлоону туура алып бара турган- бул участкалык шайлоо комиссиялары. Ошол жерге ар бир партиядан өкүлдөр киргизилип, алар таза иштеш керек. Себеби БШКнын мүчөлөрү облустардан, райондордон келген маалыматтарды гана сводка жасайт. Ошол үчүн негизги маселе ошол жакта деп айтаар элем.

Мына ошентип өлкө акырындап шайлоо жараянына кирип баратат. Бирок оюнду чаташтыруу үчүн “Ак жол” партиясы 11-апрелге белгиленген курултайын май айына которуп салды. Бийлик талапкерин атагандан кийин бирдиктүү талапкерин чыгарууну белгилеп жаткан оппозициялык Бириккен элдик кыймыл мындай шартта кандай аракет кылаары азырынча айкын болбой турат.

ГЭСке сес

Өтүп бараткан жумада көңүл бура турган окуя регионалдык деңгээлде болду. Апрелдин башында Казакстан жана Өзбекстан бийликтери
регионалдык суу-энергетикалык маселе боюнча кеңеш курду. Казакстан өкмөт башчысы Карим Масимовду өзбек президенти Ислам Каримов 4-апрелде Ташкенде кабыл алды. Анда эки тарпатуу соода-экономикалык маселеден сырткары региондогу суу-энергетикалык маселе да талкууланган. Эксперттердин пикиринде, Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстан менен Тажикстандын ГЭС курулуштарына биргелешип каршылык көрсөтүүнү көздөп жатат.

4-апрелде Ташкендеги жолугушуудан кийин 7-апрелде Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери өз ара кеңеш өткөрүп, анда энергетика, транспорт тармактарында кызматташууларды талкуулашты. Бул маселелер боюнча Тышкы иштер министрлер деңгээлинде жолугушууну май айынын соңунда Дүйшөмбү шаарында өткөрүүнү белгилешти.

Ошентип байкалып тургандай суу башындагы өлкөлөр бир тарап, суу этегиндеги өлкөлөр экинчи тарап болуп, ар бири өзүнүн улуттук кызыкчылыгын коргоого багыт алууда. Мына ошондуктан Кыргызстанга караганда салмактуу болгон Өзбекстан жана Казакстан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруудан Москваны буруп кетпейби деген суроо пайда болууда. Ага өлкөнүн мурунку вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов мындай жообун берди:

-Орусия ал иштен баш тартпайт. Себеби Орусия биз менен кошулуп Камбар-Ата-1-2ни курса биздин электр энергия менен Борбордук Азияга эле чыкпай, жакынкы Азияга, жакынкы Чыгыш мамлекеттерине дагы чыгуга мүмкүнчүлүк алат. Экинчиден, Орусиянын азыр инвестицияга керектүү акчасы көп. Ошону биз туура колдонуп, Орусия менен Кыргызстан биргелешкен уюм түзүп, Камбар-Атаны кура турган изилдөө иштерин, техника-экономикалык негиздемени батыраак жүргүзүп, долбоорду батыраак жасап ишке киришибиз керек.

Азыркы мезгилде Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча практикалык иштер баштала элек. Болгону орус тарап ГЭСти куруу үчүн бериле турган 1миллиард 700 миллион доллар насыя боюнча келишим мамлекеттик ички жол-жоболордон өткөнүн кабарлаган. Эми тараптан ГЭСтин техникалык-экономикалык негиздемеси, анын алдындагы иштерди аткарууга тийиш. Бул иштерди канчалык ылдам аткаруу кыргыз бийлигинин аракетине жараша болот деп эсептейт Базарбай Мамбетов.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG