Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:48

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү көпчүлүктүн көңүл кырындагы окуя болуп калды. Анын сөөгү, так айтканда, таанылгыс болуп күйүп кеткен сөөгүнүн күлдөрү кечээ Бишкекке жакын Басбөлтөккө коюлду. Ал арада ички иштер министрлиги автокырсыктан башка версияларды көшөрүп, карабай жатат. Талдоочулар да, карапайым адамдар да М.Садыркуловдун өлүмү – саясий буйруктун жыйынтыгы экенине эч күмөн санашпайт.

Медет Садыркуловдун өлүмү ким же кайсы күчтөр үчүн пайдалуу эле? Ким М.Садыркуловдон эзелки кегин, өчпөс өчүн алды? Ал кимдердин тынчын алып, жолун кести? Эмнеге мынча коркунуч жаратты? Бул кечээ Басбөлтөккө барып топурак салып, Садыркуловдун алдындагы акыркы парзын аткаргандардын баарынын мээсин көзөгөн соболдор болду. Суроолор миң, жооп – жок…Кандуу окуядан бери туура бир ай убакыт өттү.

Медет Садыркулов президент Курманбек Бакиевдин башкаруу системасын чыңдоого, бийлик «вертикалын» кызыл камчы ыраатында түптөөгө зор салымын кошкон чиновник эле. Ал мунусу менен президенттик администрациянын Аманбек Карыпкуловдун деңгээлиндеги бирден бир уюштургуч жетекчилеринин бири болуп калды.
Медет Садыркуловдун сөөгү Бишкектин жанындагы Басбөлтөктөгү мүрзөгө коюлду. 12-апрель, 2009-жыл.

2007-жылдын декабрындагы парламенттик шайлоодо ойлонуп табылган «Ак жол» партиясынын парламенте күтүүсүздөн көп орунду алышына М.Садыркуловдун тиешеси түздөн түз бар. Мамлекеттүүлүктү чыңдоону президент К.Бакиевдин жеке басар бийлигин күчөтүү аркылуу ишке ашыруу – М.Садыркулов тандап, негизги – ал ишенген жол болчу. Ал режим болсо өз кезегинде оппозицияга аёосуз куугун уюштуруп, кыябы келген жерден эле кылмыш ишин козгоочу жана бийлигин курал менен коргоочу системаны жаратты.

Ошентип Медет Садыркуловдун душмандары оппозицияда да бар эле. Мисалы, Ишенбай Кадырбеков Садыркулов 7-кабатта отурганда камакка отургузулду. Бул бир. Экинчиден, оппозициянын «мен-мендеген» атактуулары парламентке өтпөй калышты. Ал убакта дагы Садыркулов бийликте эле.

Бир чети Медет Садыркулов Өмүрбек Текебаевге жылуу мамиледе болгону менен оппозициянын башка өкүлдөрү менен, мисалы, Кубат Байболов менен мамилеси сууп калган. Ал экөө КМУнун тарых факультетин чогуу бүтүрүшкөн, андан соң көп жылдар бою ысык достордон болушкан.

Бирок талдоочулар дагы, карапайым адамдар дагы М. Садыркуловдун табышмактуу өлүмүнө парламентке өткөрүлбөй калган оппозиционерлер дагы, атургай азыр абакта отуруп алып күнүн санап атышкан саясий «зектер» дагы себепкер эмес дешет.

Мурдагы вице-премьер-министр Элмира Ибраимова ага Медет Садыркулов өлөөрүнө бир апта калганда «үйүмдүн жанына кишилерди коюшуптур, алар мени өлтүргөнү жатышат», деп мага айткан деди. Ал бул маалыматты 13-мартта «Азаттык» менен бөлүштү.
Автонуаалар кагылышып, күйүп кетти делген жер. Аламүдүн капчыгайы. 13-март, 2009-жыл.

Башкы прокуратуранын Өзгөчө маанилүү иштерди тергөө башкармалыгынын жетекчиси Учкун Каримовдун айтымында, тергөө иштери дале аягына чыга элек, андыктан «бөрк алгандар» кимдер экени мамлекеттик органдарга да белгисиз.

«Буйрук» берген ким гана болбосун ал адам(дар) Курманбек Бакиевди өтө ыңгайсыз абалда калтырды. Бул билгенге президент башында турган мамлекеттик кызматкерлерге, бүтүндөй күч органдарына ташталган чакырык, алардын «нерви менен эркин» сыноого беттелген кутум болду.

М.Садыркуловдун өлүмү өзүнүн масштабы боюнча Султан Ибраимов, Насирдин Исановдордун өлүмдөрү менен тең катар турат, ал эми тапшырманын аткарылышы өзүнүн көркоолугу боюнча Үсөн Кудайбергенов, Раатбек Санатбаев, Баяман Эркинбаев, Жыргалбек Сурабалдиев, Алишер Саиповдордун өлүмдөрү менен окшош.

Кыргызстан өзүнүн жаны тыным албаган, ой менен жашаган саясатчысынан ажырады…

Ал Кыргызстан күчтүү жана гүлдөгөн мамлекет болсо деп кыялданган, бирок аны куруунун жолдорунан адашып, акыры анын көшөгө артындагы ыплас оюндарынын курмандыгы болуп калды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG