Жо Байдендин сапары Украинага АКШнын колдоосун билдирүүнү көздөйт жана ал эки мамлекеттин дипломатиялык мамилесинин 25 жылдыгына арналган. 16-январда ал Киевде Украина президенти Петро Порошенко жана өкмөт башчысы Владимир Гройсман менен жолугушту. Вице-президент Байдендин сапары анын кызматтык мөөнөтү бүтүүсүнө бир нече күн калганга туура келүүдө. 20-январда Дональд Трамптын администрациясы бийликке киришет. Киевден кийин Байден Давостогу экономикалык форумга катышат.
Кошмо Штаттар 2014-жылдагы ыңкылаптан кийин Украинага олуттуу колдоо көрсөтүүдө. Андан бери 3 млрд. доллардан ашуун экономикалык жардам көрсөтүп, Крымды аннексиялоосу жана Чыгыш Украинада жикчилдерди колдоосу үчүн Орусияга каршы санкцияларды киргизген. Украин бийлиги Трамптын кызматка киришүүсү менен АКШнын колдоосу анчалык болбойт деп тынчсызданууда. (AiT)