Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Өкмөт башчы нарындыктардын талабын аткаруудан баш тартты


Нарындагы митинг, 2010-жылдын 10-марты.
Нарындагы митинг, 2010-жылдын 10-марты.

12-мартта Нарындагы “Электр кубатына бааларды төмөндөтүү” кыймылынын 19 өкүлү өкмөт башчы Данияр Үсөнов менен жолугушуп, жыйынтыгында алар “бийлик элдин талаптарын аткаруудан баш тартты” деген чечимге келишти.

Ушундай эле жолугушуу ишембиде кыймылдын мүчөлөрү менен оппозиция лидерлеринин ортосунда болду.

"Жообуңузга нааразыбыз, өкмөт башчы!"

Нарындагы “Электр кубатына бааларды төмөндөтүү” кыймылынын 19 мүчөсү бүгүн Бириккен элдик кыймылдын кеңсесиндеги жолугушууда өкмөт башчы Данияр Үсөновго нааразычылык билдиришти. Алар премьер-министрдин Улуттук канал аркылуу жолугушуу тууралуу бурмаланган маалымат берди деп, аны алдамчылыгы үчүн катуу сынга алышты. Жолугушууга катышкандардын бири Таалайгүл Жумабекова буларды айтат:

- Дароо түз эфирге чыгып мен нарындыктар менен макулдаштым дептир. Бул деген алдоо. Мен ошол жерде кыйкыргам “сиздин жообуңузга нааразыбыз” деп. Эл журт мындай калптарга эч качан ишенбейт! Өкмөт башчы 20 адамды алдаган жок, бүтүндөй Нарын элин алдады. Кудай карап турат, ушунтип каратып туруп калп айтса, кудай уруп кетет бул бийликти!

Кыргыз бийлиги Нарын элинин бардык талаптарын аткаруудан баш тартты, эми биз Бишкекке карай жөө жүрүшкө чыгууну көздөп жатабыз дейт Асыл Жаманова:

- Бул эмне кылганы? Ушундайда кызматтан кетип калсын өкмөт башчы! Нарын эли козголсо кылым козголот! Эми мындан аркы кадамдарыбыз жөө жүрүш болот, митингдер токтобойт!

Данияр Үсөнов парламентте, 2009-жылдын 21-октябры
Кечээ өкмөт башчы Данияр Үсөнов Улуттук канал аркылуу сөз сүйлөп, Нарындан келген өкүлдөр менен төрт саат бою ачык сүйлөшкөнүн, алардын бардык суроолоруна жооп берип, өкмөт тараптан жардам болоорун айттым деп билдирген эле. Үсөнов ошондой эле жалган маалымат таратып элдин нааразылыгын жаратууга аракет кылууда деп оппозицияны да сынга алган.

- Нарындан келген өкүлдөр мага эки саат бою суроо беришти. Мен эки саат бою жооп бердим. Бир топ маалыматтар бүгүнкү келген кишилер үчүн жаңылык болду. Ушунча миң адамдар, ушунча миң үй-бүлөөлөр жардам алып атат турбайбы. Түз айткан суроолор да болду. Макул, урматтуу Данияр Токтогулович, биз түшүндүк. Бирок мына биз базарда отурабыз, мен фермер, бирок биз тиги тизмеге кирбей калыппыз, жолу барбы биз дагы мамлекеттин жардамын алганга дешти. Бар деп жообун бердим.

Оппозицияга айтылган арман

Өкмөт башчы менен жолугуу максатын көздөп келген нарындыктар Бириккен элдик кыймылдын лидерлери менен жолугушууда оппозиция 17-мартка белгилеген курултайга тилектештигин, бул күнү курултайды колдоо иретинде Нарында митинг уюштуруларын билдиришти.

Жолугушуудан кийин БЭКтин лидери Алмаз Атамбаев “Азаттыкка” берген интервьюсунда бийликтин туура эмес саясаты караламан калктын оппозицияны колдошуна шарт түзүп жатат деп эсептеди:
Алмазбек Атамбаев, 2009-жылдын 28-июлу, Бишкек

- Өкмөткө нааразы болуп, тил табыша албай койдук деп келишиптир. Курултайды колдойбуз, андан аркы жагы кандай болот дешет. Биз айттык, баарын 17-мартта курултайдан чечебиз дедик. Мен ойлойм, азыр Кыргызстандын басымдуу көпчүлүгү бизди эле колдоп атат го. Көрүп атабыз да, бул бийлик элди каякка алып баратканын. Айткандарынын баары курук сөз, тил эмизмей. Ошого нааразы болуп бүгүн нарындыктар келип кетишти.

Ошол эле мезгилде расмий бийликтин тарапкерлери элди козутуп, өзүнө упай топтоп атат деп оппозицияны сынга алып келет.

Бийликтин ишениминде, электр кубатына жана жылуулукка бааны көтөрүү аргасыз кадам болду жана өкмөт энергетика саясатын туура багытта жүргүзүп жатат.

Анткен менен өкмөттүн бул кадамы тынымсыз нааразылыктар менен коштолуп келатат. Мындай ири акция 10-мартта Нарын шаарында өтүп, ага катышкан 5 миң кишинин атынан бийликке жоон топ социалдык жана саясий талаптар коюлган. Ал эми 14-март күнү "220" кыймылы тарифтерди төмөндөтүү талабы менен сары тасмаларды байлап автожүрүшкө чыгууга камынышууда.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG