Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Жаңы Жогорку Кеңеш ишин эмнеден баштайт?


Жаңы парламентте 120 депутат болот.
Жаңы парламентте 120 депутат болот.

5-ноябрда депутаттар Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын алгачкы отурумуна чогулат. Учурда депутаттарды каттоо жана парламент отурумун уюштуруу иштери аяктап калды.

Бул жолку Жогорку Кеңештин курамы жаңы кабыл алынган Баш мыйзам боюнча 120 депутаттан турат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев депутаттарды каттоодо алардын мурда сот жоопкерчилигине тартылбагандыгын тастыктаган жана депутаттык кызматка туура келбеген ишмердүүлүгүн токтоткондугу боюнча тапшырган документтери текшерилип жаткандыгына токтолду:

- Каттоо иштери өзүнүн атайын эрежелери боюнча жүрүп жатат. Мисалы, буга чейин иштеген жеринен депутаттык иши менен шайкеш келбей турган кызмат ордуларын өткөрүп бергендигин тастыктаган документтеринин чын-бышыгы аныкталат. Ошондой эле шайлоонун алдында берилген соттолбогондугу боюнча маалымат экинчи ирет текшерилет. Мына ошондон кийин гана катталат. Анан мандат берилет. Учурда төш белгилер даяр. Күбөлүктөрү жасалып жатат.

Жогорку Кеңештин жаңы курамы мурдагы Ак үйдүн имаратынан орун алмакчы. 7-апрель окуясында жабыркаган имараттын ичи-тышы оңдолуп, парламент отурумун өткөрүүчү жыйындар залы жана депутаттык бөлмөлөр ылайыкташтырылып бүттү.

Аксакал ачат, президент сүйлөйт

Алгачкы отурумду Баш мыйзам боюнча аксакал депутат ачып, төрага шайланганга чейин жыйынды алып барат. Бул жолу отурумду “Ата Мекен” партиясынан депутат, 65 жаштагы Ташполот Балтабаев ачары күтүлүүдө.

Президенттин администрация башчысынын орун басары Сүйүнбек Касманбетов учурда уюштуруу иштери аяктап калгандыгын айтты:

Алгачкы отурумду Ташболот Балтабаев ачат.
- Жыйындар залы толук даяр болду. Азыр болсо депутаттардын демилгелүү тобу иштеп жатат. Алар иш тартибин уюштуруунун жол-жоболорун даярдоо менен алек болуп, макулдашууда. Аппараттын отуз пайызы кызмат ордуна келип, алар укуктук, техникалык жана уюштуруу иштерине көмөктөшүүдө. Алгачкы отурумду ачуунун тартиби да мыйзамда жазылган. Мурдатадан калыптанган салт боюнча иш башталат.

Жогорку Кеңештин алгачкы отурумунда депутаттардын ант берүү аземинен соң, президент Роза Отунбаеванын расмий кайрылуусуна орун берилет. Президенттин маалымат катчысы Султан Каназаровдун айтымында, анда мамлекет башчысы өлкөнүн өнүгүү багыттарын аныктап, башкаруучу коалицияны түзүүнү партиялардын бирине сунуштайт:

- Парламент биринчи отурумуна чогулган кезде президент Роза Отунбаева мындан аркы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги шарттары боюнча өзүнүн көз карашын чагылдырган кайрылуу менен чыгат. Ошондой эле эреже боюнча президент башкаруучу коалицияны түзүү боюнча өзүнүн мандатын парламенттин отурумунун биринчи күнүндө партиялардын бирине ыйгарат.

Иш күтпөйт

Алгачкы отурумдарда Жогорку Кеңеш зарыл деп эсептелген жыйырмадан ашуун мыйзам долбоорун жана токтомдорду карайт. Анын ичинде өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоо, парламенттин иштөө тартибин бекитүү маселелери биринчи орунда турат.

Данияр Нарынбаев
Конституциялык кеңешменин катчылыгынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарынбаев муну менен парламенттик багыттагы мамлекеттик курулуштун пайдубалы түптөлө тургандыгын белгиледи:

- Биринчилерден болуп парламенттин өзүнүн иштөө тартиби кабыл алынат. Мурда ал атайын мыйзам менен бекитилчү. Бул жолу Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде эле кабыл алынат. Андан кийинки эң маанилүү маселе өкмөт жөнүндөгү конституциялык мыйзамды кабыл алууда турат. Анткени өкмөт ошол мыйзамдын негизинде тез арада куралып иштеп башташы керек. Андан ары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү кароо керек. Анткени жаңы Баш мыйзамдын кабыл алынышы менен алардын бардыгы ага шайкеш келиши керек.

Жогорку Кеңештин иштөө тартибинин негизинде тармактар боюнча комитеттер түзүлүп, алардын саны аныкталат. Мындан сырткары депутаттардын партиялык же коалициялык биримдигинин айырмачылыктары боюнча парламенттик фракциялар түзүлөт.

XS
SM
MD
LG