Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

М. Чолпонбаев: БЭК күчтүү партияга айланат


БЭКтин төрагалыгына Алмазбек Атамбаев шайланып, кыймылга баш кошкон күчтөрдү бириктирген күчтүү саясий партия түзүү маселеси чечилди.

Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү Мукар Чолпонбаев оппозициялык бул кыймылдын мындан аркы аракеттери тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Мукар мырза, кечээ БЭКтин жоболоруна өзгөртүү киргизилип, кыймылдын башына саясий бюронун төрагасы дайындалды. Мындан эмне өзгөрүшү мүмкүн?

- Өзгөрүп калган себеби мындай болуп атат, мурда бюродо бир жетекчилик, лидер деген жок болчу. Бюронун мүчөлөрүнүн баары кезек менен жыйынга төрагалык кылып, жалпы кеңеш чечмейинче болбой аткан. Азыр болсо бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бир адамга бийликти берип, ошону менен ыкташып иштейли деген жыйынтыкка келдик.

- Мындан БЭКтин позициясы күчтөнөбү?

- Мен мындан БЭКтин позициясы күчтөнөт деп ойлойм.

- Дагы бир маселе, БЭКке баш кошкон саясий партиялардын баарын чогултуп, бир саясий партияга айландыруу, ошого багыт алуу да каралып атабы?

- Ошого карай да багыт алдык. Эми колдон келишинче оппозициядагы партияларды чогултууга аракет кылабыз.

- Буга чейин “Ата Мекен” партиясы менен Социал-демократиялык партияны бириктирүү тууралуу сөз болуп келатты эле. Бул ошонун жыйынтыгы деп айтууга болобу?

- Ушул эки партияны бүгүнкү күндөгү алдыңкы партиялар деп айтсак болот. Анткени шайлоолорго көп катышып келаткан партиялар. Ошондуктан ушул экөө бириксе, калган кичирээк партиялардын баары эле ошонун тегерегине биригет го деген ойдо болуп атабыз.

- Бирок кечээги жыйынга “Ата Мекен” социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев катышпаптыр. Анын себеби эмнеде?

- Ал мурунураак келип өзүнүн ой-пикиринин баарын ооз эки айтып, кагазга жазып кеткен. Ошондуктан аны катышкан жок деп айтыш туура эмес.

- Бул жерде демек эч кандай пикир келишпестик болгон жокпу?

- Жок, эч кандай пикир келишпестик болгон жок. Ал өзүнүн оюн кагаз жүзүндө жазып, төрагалыкка Атамбаевди шайлайлы деген сунушун киргизип туруп кеткен.

- Мукар мырза, өткөн жылы 24-декабрда БЭК Кыргызстандагы жалпы оппозициялык саясий партиялардын, коомдук-саясий кыймылдардын башын чогултуп, ушул кыймыл түзүлүп жаткан мезгилде баардыгыңыздардын демиңиздер, ишенимиңиздер башкача болчу. Бирок аз убакыт өтпөй президенттик шайлоонун алдында бир канча саясий партиялар, айрым бир коомдук-саясий кыймылдар кыймылдын курамынан чыгып кетти. Мындан ары да кандай болуп кетет деген кооптонуулар туулбай койбойт экен?

- Ошондой кооптонуу туулушу мүмкүн деген ой менен жанагыдай партиялардын башын бириктирип, бир партияга чогулсак деген ойдобуз. Анткени биз билебиз “Ак шумкар” партиясы чыгып кетти, “Асаба” партиясынын болгону жетекчиси гана чыкты дагы, калган партиялаштары бизде калып калды. Ошондуктан баары чыгып кетти деп айтыш туура эмес, бир партия көрсөткүч эмес да.

- Эгерде сиздердин кыймылдын артынан жаңы саясий партия түзүлүп калса, бул саясий партиянын алган багыты кандай болот?

- Алган багыты - жаңы демократиялуу өлкөнү түзүү, үй-бүлөлүк башкаруудан куткаруу. Негизги максат ушул болот

- Демек дагы деле азыркы бийликтин башкаруу башкаруу системасына каршы оппозициялык партия болот экен да?

- Ооба, азыркы бийликке каршы оппозициялык партия болот.

- Партия кандай аталышы мүмкүн?

- Ал жөнүндө азыр сөз жок. Ал үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү. Ага киребиз деген партиянын өкүлдөрү кирет дагы, жобосун иштеп чыгышат.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG